Редакцияот 21.04.2025
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КАРА-БУУРА АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

 

ТОКТОМ

 

Кара-Буура айыл аймагынын айылдык кеңешинин II чакырылышынын депутаттарынын VI сессиясы

 

2025-жылдын 21-апрели № 2

 

Сейил бак үчүн жер тилкесин бөлүп берүү жөнүндө

 

Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 20-октябрындагы №123 “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын 27-беренесинин 9- пунктун жетекчиликке алып, Үч-Булак айылынын чогулушунун протоколун жана А.Суюмбековдун кайрылуусун карап жана талкуулап, Кара-Буура айыл аймагынын айылдык кеңеши;

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1. Үч-Булак айылындагы Сулайманов атындагы орто мектебинин батыш тарабындагы калктуу конуштун ичинен бош жаткан 0,60 гектар жер аянты муниципалдык сейил бак үчүн бөлүнүп берилсин.

 

2. Токтомду аткаруу жагы Кара-Буура айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Стамкуловго жүктөлсүн.

 

3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кара-Буура айылдык кеңешинин “Айыл чарба, муниципалдык менчик, жер маселелери боюнча” туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

 

 

Төраганын биринчи

орун басары

 

 

С. Авасбеков