Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2026-жылдын 30-январы № 40
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин санариптештирүү чөйрөсүндөгү айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасына караштуу "Кызмат" мамлекеттик мекемесинин маселелери жөнүндө айрым чечимдерин актуалдаштыруу максатында, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 25-октябрындагы № 304 "Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасына караштуу "Кызмат" мамлекеттик мекемесин түзүү жөнүндө" Жарлыгынын 3-пунктунун 3-пунктчасына жана 4-пунктунун 1-пунктчасына, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 10-декабрындагы № 295 "Булут" технологиялары аркылуу түзүлгөн электрондук колтамганы текшерүү ачкычтарынын сертификаттарын калкка акысыз негизде берүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
1-пункттун биринчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"1. Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасына караштуу "Кызмат" мамлекеттик мекемеси:".
2. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 6-июлундагы № 361 "Бирдиктүү электрондук почта системасы жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 2-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"2. Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасына караштуу "Кызмат" мамлекеттик мекемеси Бирдиктүү электрондук почта системасынын техникалык оператору болуп аныкталсын.";
2) жогоруда аталган токтом менен бекитилген Бирдиктүү электрондук почта системасы жөнүндө жободо:
- 2-пункттун:
үчүнчү абзацындагы "Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлигине караштуу "Инфоком" мамлекеттик ишканасы" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасына караштуу "Кызмат" мамлекеттик мекемеси" деген сөздөргө алмаштырылсын;
төртүнчү абзацтагы "калкты, жарандык абалдын актыларын каттоо," деген сөздөр алып салынсын.
3. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 22-февралындагы № 80 "2024-2028-жылдарга Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусун өнүктүрүү программасы жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген 2024-2028-жылдарга Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусун өнүктүрүү программасын ишке ашыруу боюнча иш-аракеттер планында:
- 7, 10-пункттардын "Жооптуу аткаруучулар" графасындагы "Инфоком" МИ" деген сөздөр "Кызмат" ММ" деген сөздөргө алмаштырылсын;
- кыскартуулардын тизмеси төмөнкүдөй мазмундагы абзац менен толукталсын:
"Кызмат" ММ" - Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасына караштуу "Кызмат" мамлекеттик мекемеси".
4. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 18-мартындагы № 134 "2025-2030-жылдарга Кыргыз Республикасынын региондорун комплекстүү социалдык-экономикалык өнүктүрүүнүн мамлекеттик программасын бекитүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) жогоруда аталган токтом менен бекитилген 2025-2030-жылдарга Кыргыз Республикасынын региондорун комплекстүү социалдык-экономикалык өнүктүрүүнүн мамлекеттик программасын ишке ашыруу боюнча иш-чаралар планында:
- 7-пункттун "Жооптуу аткаруучулар" графасындагы "Инфоком" МИ" деген сөздөр "Кызмат" ММ" деген сөздөргө алмаштырылсын;
- кыскартуулардын тизмеси төмөнкүдөй мазмундагы абзац менен толукталсын:
"Кызмат" ММ" - Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасына караштуу "Кызмат" мамлекеттик мекемеси";
2) жогоруда аталган токтом менен бекитилген 2025-2030-жылдарга Кыргыз Республикасынын региондорун комплекстүү социалдык-экономикалык өнүктүрүүнүн мамлекеттик программасынын ресурстук наркын баалоодо:
- 7-пункттун "Жооптуу аткаруучулар" графасындагы "Инфоком" МИ" деген сөздөр "Кызмат" ММ" деген сөздөргө алмаштырылсын;
- кыскартуулардын тизмеси төмөнкүдөй мазмундагы абзац менен толукталсын:
"Кызмат" ММ" - Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасына караштуу "Кызмат" мамлекеттик мекемеси".
5. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
“Эркин-Тоо” мамлекеттик расмий гезитинин 2026-жылдын 3-февралындагы № 7 (3767) саны менен жарыяланды.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| А.А. Касымалиев |