Редакцияот 28.01.2026
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

АБСАМАТ МАСАЛИЕВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ 

А.Масалиев айыл аймагынын айылдык Кеңешинин VIII чакырылышынын XVIII сессиясы

 

2026-жылдын -28 январы № 2

А.Масалиев айыл өкмөтүнүн 2026-жылга бюджетин бекитүү жөнүндө

                                                                                    

А.Масалиев айылдык кеңешинин күн тартибиндеги маселе боюнча Кыргыз Республикасынын 2016-жылдын 16-майындагы №59 “Бюджеттик Кодексинин” негизинде түзүлүп, бюджет боюнча туруктуу комиссияда каралып, талкуулангандыгын эске алып, башкы эсепчи – М.Исажановдун жана бюджет боюнча туруктуу комиссиянын билдирүүсүн угуп жана талкуулап Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын 34-беренесине ылайык,    А.Масалиев айылдык кеңеши токтом кылат:

 

1.            А.Масалиев  айыл өкмөтүнүн 2026-жылга бюджети №1 тиркемеге ылайык бекитилсин.

 

2.            А.Масалиев айылдык кеңешинин бюджет боюнча туруктуу комиссиясынын 2026-жылдын 26-январындагы №1 протоколу жактырылсын.

 

3.            А.Масалиев  айыл өкмөтүнүн 2027-2028-жылдарга  бюджетинин болжолдуу долбоору №2,  №3 тиркемелерге ылайык бекитилсин.

 

4.            Чыгымдарды каржылоо биринчи кезекте корголгон беренелерге (эмгек акы, Кыргыз Республикасынын социалдык фондуна, коммуналдык чыгымдарга, тамак-аш, аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө жөлөк пул) жүргүзүлсүн.

 

5.            Бекитилген каражаттар казыналыкты айланып өтүү жолу менен пайдаланууга тыюу салынсын.

 

6. Токтом реестрге кирген күндөн тартып күчүнө кирет.

 

7.      Токтом А.Масалиев айыл өкмөтүнүн masaliev-ao.gov.kg расмий сайтына жарыяланып мамлекеттик реестрге киргизүү жана каттоо үчүн Баткен областык юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.

 

8.   Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы  А.Масалиев айылдык  кеңешинин бюджет боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

 

 

Төрага

Т. Галботоев

 

 

 

 

 

 

 

 

 

А. Масалиев айылдык

 

 

 

 

 

 

кенешинин 2026 жылдын

 

 

 

 

 

28-январь №2 токтомуна

 

 

 

 

 

 

№ 1 тиркеме

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

А. Масалиев айыл өкмөтүнүн 2026- жылга кирешелери

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Классификация

Кирешенин  аталышы

Суммасы

11111100

Салык агенти төлөөчү киреше салыгы

28063,5

11122200

 патент негизиндеги салык

438,2

11311200

2 - топтогу ишкердик ишин ишке ашыруу үчүн пайдаланылуучу кыймылсыз мүлккө салык

99,2

11321100

Короо жанындагы жана бакча -огород жер участкаларын пайдалануу үчүн жер салыгы

1592,1

11321300

Калктуу конуштардын жерлерин жана айыл чарба багытында болбогон жерлерди пайдалануу учун жер салыгы

536,8

11462320

Курулуш куму

 

11462390

Жогоруда классификацияланбаган дагы башка метал

606,7

14151200

Жер казынасын пайдалануу укугуна лицензияларды кармагандыгы учун

811,0

14152200

Жайыттардын ижарасы үчүн акы

320,2

14152600

Жерлерди кайра бөлүштүрүү фондунун жерлеринин ижара акысы

5705,8

14153200

Муниципалдык менчикте турган жайларды имараттарды жана курулмаларды ижарага берүү.

98,0

14224200

Таштандыларды ташып чыгаруу үчүн акы

506,6

141511400

Жергиликтүү маанидеги инфраструктураны өнүктүрүүгө

200,0

 

 

 

 

Жалпы:

38978,1

 

 

 

 

 

 

 

 

 

А. Масалиев айыл өкмөтүнүн 2026- жылдын чыгашалары

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Экономикалык классиф

Чыгашанын  аталышы

Суммасы

1

Аппарат

18 311,7

2

Жайыт комитети

320,2

3

ТЖМ

18055,7

4

Социалдык коргоо

2290,5

Жалпы:

38978,1

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Башкы эсепчи:

 

 

 

 

М.Исажанов

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

А. Масалиев айылдык

 

 

 

 

 

 

кенешинин 2026 жылдын

 

 

 

 

 

28-январь №2 токтомуна

 

 

 

 

 

 

№ 2 тиркеме

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

А. Масалиев айыл өкмөтүнүн 2027- жылга кирешелери

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Классификация

Кирешенин  аталышы

Суммасы

11111100

Салык агенти толоочу киреше салыгы

32526,0

11122200

 патент негизиндеги салык

438,2

11311200

2 - топтогу ишкердик ишин ишке ашыруу үчүн пайдаланылуучу кыймылсыз мүлккө салык

99,2

11321100

Короо жанындагы жана бакча -огород жер участкаларын пайдалануу үчүн жер салыгы

1592,1

11321300

Калктуу конуштардын жерлерин жана айыл чарба багытында болбогон жерлерди пайдалануу үчүн жер салыгы

536,8

11462390

Жогоруда классификацияланбаган дагы башка метал

606,7

14151200

Жер казынасын пайдалануу укугуна лицензияларды кармагандыгы үчүн

811,0

14152200

Жайыттардын ижарасы үчүн акы

320,2

14152600

Жерлерди кайра бөлуштүрүү фондунун жерлеринин ижара акысы

5705,8

14153200

Муниципалдык менчикте турган жайларды имараттарды жана курулмаларды ижарага берүү.

98,0

14224200

Таштандыларды ташып чыгаруу үчүн акы

506,6

141511400

Жергиликтүү маанидеги инфраструктураны өнүктүрүүгө

200,0

 

 

 

 

Жалпы:

43440,6

 

 

 

 

 

 

 

 

 

А. Масалиев айыл өкмөтүнүн 2027- жылдын чыгашалары

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Экономикалык классиф

Чыгашанын  аталышы

Суммасы

1

Аппарат

19 311,7

2

Жайыт комитети

320,2

3

ТЖМ

20808,7

4

Социалдык коргоо

3000

Жалпы:

43440,6

 

 

Башкы эсепчи:

 

 

 

 

М.Исажанов

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

А. Масалиев айылдык

 

 

 

 

 

 

кенешинин 2026 жылдын

 

 

 

 

 

28-январь №2 токтомуна

 

 

 

 

 

 

№ 3 тиркеме

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

А. Масалиев айыл өкмөтүнүн 2028- жылга кирешелери

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Классификация

Кирешенин  аталышы

Суммасы

11111100

Салык агенти төлөөчү киреше салыгы

37405,0

11122200

 патент негизиндеги салык

438,2

11311200

2 - топтогу ишкердик ишин ишке ашыруу үчүн пайдаланылуучу кыймылсыз мүлккө салык

99,2

11321100

Короо жанындагы жана бакча -огород жер участкаларын пайдалануу үчүн жер салыгы

1592,1

11321300

Калктуу конуштардын жерлерин жана айыл чарба багытында болбогон жерлерди пайдалануу үчүн жер салыгы

536,8

11462390

Жогоруда классификацияланбаган дагы башка метал

606,7

14151200

Жер казынасын пайдалануу укугуна лицензияларды кармагандыгы үчүн

811,0

14152200

Жайыттардын ижарасы үчүн акы

320,2

14152600

Жерлерди кайра бөлүштурүү фондунун жерлеринин ижара акысы

5705,8

14153200

Муниципалдык менчикте турган жайларды имараттарды жана курулмаларды ижарага берүү.

98,0

14224200

Таштандыларды ташып чыгаруу учун акы

506,6

141511400

Жергиликтүү маанидеги инфраструктураны өнүктүрүүгө

200,0

 

 

 

 

Жалпы:

48319,6

 

 

 

 

 

 

 

 

 

А. Масалиев айыл өкмөтүнүн 2028- жылдын чыгашалары

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Экономикалык классиф

Чыгашанын  аталышы

Суммасы

1

Аппарат

19 311,7

2

Жайыт комитети

320,2

3

ТЖМ

25687,7

4

Социалдык коргоо

3000

Жалпы:

48319,6

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Башкы эсепчи:

 

 

 

 

М.Исажанов

 

 

 

 

 

А.Масалиев айыл өкмөтүнүн 2026-жылга карата жергиликтүү бюджетинин долбоорун кароо жана бекитүүгө сунушталган 2026-жылдын 26-январындагы №1 протоколунун негизинде түзүлгөн тиркеме

1. Персоналдын чыгымдары

·         Айлык акы: Кызматкерлердин функционалдык милдеттерин сапаттуу аткаруусу үчүн берилүүчү негизги төлөмдөр (штаттык бирдикке ылайык). – 11 038 300 сомду түзөт.

·         Социалдык фонд: Мыйзамга ылайык кызматкерлердин келечектеги пенсиялык жана медициналык камсыздоосу үчүн чегерүүлөр (негизинен эмгек акы фондунун 17,25% түзөт). – 1 485300 сомду түзөт.

2. Кызматтык жана транспорттук чыгымдар

·         Сапар чыгымы (Командировка): Райондук, областтык борборлорго же борбор калаага расмий жолугушууларга, окутууларга баруу үчүн жол кире жана жатакана чыгымдары. – 750 774 сомду түзөт.

·         Транспорт чыгымы: Кызматтык автоунааны күйүүчү-майлоочу май (ГСМ) менен камсыздоо, запастык бөлүктөрүн сатып алуу жана техникалык кароодон өткөрүү. – 322 300 сомду түзөт.

3. Операциялык чыгымдар

·         Байланыш чыгымы: Мекемедеги стационардык телефондор, интернет байланышы жана кызматтык электрондук почтаны колдонуу үчүн ай сайын төлөнүүчү акы. -40 699 сомду түзөт.

·         Канцелярдык товарлар: Күнүмдүк иш кагаздарын жүргүзүү үчүн кагаз, калем, папка, принтер картридждерин толтуруу ж.б. керектүү каражаттар. – 400 000 сомду түзөт.

4. Милдеттүү жана резервдик төлөмдөр

·         Резерв фонд: Күтүлбөгөн өзгөчө кырдаалдарды алдын алуу, табигый кырсыктардын кесепеттерин жоюу же кечиктирилгис социалдык маселелерди чечүү үчүн сакталган каражат.- 389 781 сомду түзөт.

5. Модернизациялоо жана натыйжалуулук ("Бирдиктүү терезе")

·         "Бирдиктүү терезени" оңдоп-түзөө: Калкты кабыл алуу бөлмөсүн заманбап стандарттарга ылайык келтирүү (ремонт, тосмолорду орнотуу, жарыктандыруу). Бул калкка кызмат көрсөтүүнүн сапатын жана ылдамдыгын жогорулатат. – 495 000 сомду түзөт.

·         Офистик мебель жана эмеректер: "Бирдиктүү терезе" жана кызматкерлер үчүн жаңы стол, отургучтарды, документ сактоочу шкафтарды жана күтүү залы үчүн отургучтарды сатып алуу. – 2 039 795 сомду түзөт.

6. Башка чыгымдар

·         Ар кандай чыгымдар: Жогорудагы беренелерге кирбеген, бирок иш учурунда келип чыгуучу майда чыгымдар (мисалы: жарыялар, мөөрлөрдү даярдоо, меймандостук чыгымдары).Мүлктү учурдагы оңдоо: Имараттын ичиндеги майда-чүйдө бузулган жерлерди (электр зымдары, терезе-эшиктер ж.б) калыбына келтирүү иштери.

Муниципалдык ишканага субсидия берүү боюнча долбоор

1. Субсидия берүүнүн максаты

·         Социалдык туруктуулук: Калкка көрсөтүлүүчү кызматтардын (таза суу, таштанды, жарыктандыруу) баасын (тарифти) төмөн кармап туруу.

·         Ишмердүүлүктү колдоо: Ишкананын кирешеси чыгымдарын жаппай калган учурда анын банкрот болушуна жол бербөө.

·         Техникалык тейлөө: Муниципалдык техникаларды (трактор, таштанды ташуучу унаа) оңдоо жана иштөө абалында кармоо.

2. Субсидиянын багыттары (Эмнеге жумшалат?)

Субсидия адатта төмөнкү конкреттүү муктаждыктарга бөлүнөт:

·         Электр энергиясы: Таза суу чыгаруучу насостордун иштеши үчүн керектелген электр энергиясына кеткен карыздарды жабуу.

·         Күйүүчү-майлоочу майлар (ГСМ): Таштанды чыгаруучу техникаларга же погрузчик, трактор, машиналарга май куюу.

·         Эмгек акы фонду: Ишкананын кирешеси аз болгон айларда кызматкерлердин (суучулдардын, айдоочулардын) айлыгын төлөөгө көмөк көрсөтүү.

·         Запастык бөлүктөр: Эскирген суу түтүктөрүн же атайын техникаларды тез арада оңдоо.

·         Субсидия катары ажыратылуучу сумма 2 000 000 сомду түзөт

1. Турак жай-коммуналдык чарба (ТЖКЧ)

Бул бюджеттин эң көлөмдүү жана маанилүү бөлүгү. Айылдын инфраструктурасын кармоо. Көчөлөрдү жарыктандыруу (электр энергиясы жана лампаларды алмаштыруу), ички жолдорго шагыл төгүү, аялдамаларды оңдоо жана көрктөндүрүү (бактарга кам көрүү).

2. Өзгөчө кырдаалдар (МЧС / Жарандык коргонуу)

Күтүлбөгөн кырсыктардын алдын алуу. Сел коркунучу бар каналдарды жана сайларды тазалоо. Атайын техниканы (экскаватор, булдозер) жалдоо, күйүүчү май (ГСМ), дамбаларды бекемдөө үчүн каптарды жана курулуш материалдарын сатып алуу.- 1 170 000 сомду түзөт.

3. Ит атуу (Калктын коопсуздугу)

Ветеринардык жана санитардык коопсуздукту камсыздоо. Көчөдөгү ээсиз иттердин санын жөнгө салуу жана кутурма оорусунун алдын алуу. Атайын мергенчилердин кызматы, ок-дарылар жана жок кылынган иттерди көмүү (санитардык нормаларды сактоо) чыгымдары. – 400 000 сомду түзөт.

4. Инвестициялар

Айылга сырттан каражат тартуу жана өнүктүрүү. Долбоорлорду ишке ашыруу үчүн "өз салымын" (софинансирование) кошуу. Долбоордук-сметалык документтерди (ПСД) даярдоо, экспертизадан өткөрүү жана гранттык долбоорлорго айыл өкмөтү тараптан берилүүчү үлүш (көбүнчө 5-10%). Бөлүнгөн акча каражатынын пайдаланылбай калган бөлүгү айыл өкмөтүнүн алдындагы комиссиянын сунушу менен айыл өкмөтүнүн буйругу менен аймактагы айылдардын социалдык-экономикалык өнүгүсүүнө жумшалсын (тратуар, жарыктандыруу, инфратүзүмдү оңдоо, спорт аянтчаларын куруу, труба, столба) – 7 000 000 сомду түзөт.

4. Көрктөндүрүү

Айыл аймакты көрктөндүрүү, санитардык абалды жакшыртуу, жашоочулар үчүн ыңгайлуу жана коопсуз шарттарды түзүү үчүн. – 358 210 сомду түзөт.

5. "Исфайрам" футбол клубун колдоо

Спортту жана жаштар саясатын өнүктүрүү. Айылдын намысын коргогон футбол командасынын ишмердүүлүгүн камсыздоо. Команданын формалары, спорттук инвентарлар, мелдештерге баруу үчүн жол кире (транспорт), тамак-аш жана мелдештерге катышуу үчүн взностор. – 300 000 сомду түзөт.

6. Башка чыгымдар (Прочие)

Негизги беренелерге кирбеген, бирок зарыл болгон төлөмдөр. Ар кандай майда жана күтүлбөгөн муктаждыктар. Иш-чараларга сыйлыктар, ардак грамоталар, расмий конокторду тосуу, жарыялар жана мүчөлүк акылар. – 1 000 000 сомду түзөт.

МИнин карамагындагы жайыттарды башкаруу долбоору

1. Укуктук жана уюштуруучулук негиздер

·         Өткөрүп берүү: Жайыт пайдалануучулар бирикмесинин мүлкү (техника, имарат) жана милдеттемелери МИнин балансына өткөрүлөт.

·         Келишимдик негиз: МИ менен Айыл өкмөтүнүн ортосунда жайыттарды күтүү жана пайдалануу боюнча келишим түзүлөт.

·         Тарифтер: Жайыт акысынын көлөмү жергиликтүү кеңеш тарабынан бекитилип, МИ тарабынан чогултулат.

·         Жайыт суммасы – 320 200 сомду түзөт.

2026-жылга карата иш-чаралардын календардык планы жана бюджети

I чейрек: Мекенчилдик жана Энелерди даңазалоо

Бул мезгил негизинен ардагерлерди сыйлоого жана жаз майрамдарына багытталат.

·         15-февраль (Ооган согушу) жана 25-февраль (Тажик-Ооган чек ара окуялары): Катышуучуларга акчалай сыйлыктар, эскерүү, катышуучуларга сый тамак. – 50 000 сомду түзөт.

·         23-февраль (Ата-Мекенди коргоо күнү): расмий иш чара уюштуруу. – 10 000 сомду түзөт.

·         8-март (Аялдар күнү): айылдын алдыңкы айымдарына, көп балалуу энелерге, мамлекет үчүн кызмат кылган айымдарга белектер, концерттик программа, сый тамак. – 80 000 сомду түзөт.

·         15-март (Аталар күнү) аймактагы аксакал аталарды, көп балалуу аталарды, мамлекетке эмгеги сиңген аталарды колдоо, концерттик программа, тамак-аш дасторкону. (аталарды сыйлоо менен айыл өкмөтүнүн, жергиликтүү депутаттардын элге болгон камкордугун даңазалоо). – 30 000 сомду түзөт.

·          21-март (Нооруз): Улуттук оюндар (улак тартыш, күрөш), сүмөлөк даярдоо жана элдик сейилдөө, концерттик программа.- 50 000 сомду түзөт.

II чейрек: Тарыхый эс тутум жана Муундар байланышы

·         10-апрель (А. Масалиевдин туулган күнү): Мамлекеттик ишмерди эскерүү, мектеп окуучулары арасында "Масалиев окуулары", дил баяндар конкурсу. Абсамат Масалиевдей инсандын туулган күнүн эскерүү — жаш муунга тазалыктын, мекенчилдиктин үлгүсүн көрсөтөт. "Бул биздин айылдын сыймыгы" деген сезим ар бир тургунда пайда болот. – 10 000 сомду түзөт.

·         26-апрель (Чернобыль АЭС катышуучулары):Ден соолугун калыбына келтирүүгө жардам же бир жолку төлөмдөр, атайын мамлекет тарабынан уюштурулган иш чарага катыштырууга төлөмдөр.-25 000 сомду түзөт.

·         1-май эмгек күнүнө карата жаштар арасында спорттук иш чараларды уюштуруп өткөрүү, тазалык жүрүштөрдү уюштуруу. – 5000 сомду түзөт.

·         5-май (Конституция күнү), 9-май (Жеңиш күнү): Жеңиш парады, митинг, тыл ардагерлерине сый тамак. – 25 000 сомду түзөт.

·         Энелер күнү (майдын үчүнчү жекшембиси): "Баатыр энелерди" сыйлоо, көп балалуу аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдү колдоо, кадыр барктуу энелерге сый тамак. -50 000 сомду түзөт.

·         25-май (Акыркы коңгуроо) жана 1-июнь (Балдар күнү): Окуудагы алдыңкылар үчүн белектер, балдарга балмуздак жана майрамдык шоу, ЖРТ тапшырып алдыңкы баллдарды алган балдарды колдоо, окууга болгон кызыгууну ашыруу. – 205 000 сомду түзөт.

III чейрек: Мамлекеттүүлүк жана Билим

·         Медиктеркүнү (июль): АйылдыкГСВкызматкерлеринсыйлоо. – 10 000 сомду түзөт.

·         31-август (Эгемендүүлүк күнү): Масштабдуу маданий-спорттук иш-чаралар, айылдын мыктыларын сыйлоо, майрамдык иш чара уюштуруу. – 100 000 сомду түзөт.

·         1-сентябрь (Билим күнү) жана 23-сентябрь (Тил майрамы): Мектептерге колдоо, "Манасчылар" жана "Комуз күнүнө" карата төкмө акындардын мелдешин уюштуруу. – 70 000 сомду түзөт.

IV чейрек: Карыяларды кадырлоо жана Коомдук коопсуздук

·         1-октябрь (Карыялар күнү) аймактагы карыялардан кабар алуу. – 50 000 сомду түзөт.

·         Мугалимдер күнү: ардагер мугалимдерди сый тамакка чакыруу, ардак грамоталар менен сыйлоо. – 25 000 сомду түзөт.

·         Спорттук иш чаралар: айыл аймактагы спортчуларды мелдештерге катыштыруу, барып келүү чыгымдарына көмөктөшүү, көк бөрү, улак оюндарын уюштуруп өткөрүү, спорттун бардык тармагына көңүл буруу. – 300 000 сомду түзөт.

·         ВУС иш чаралары: Аскерге чакырууну уюштуруу (Жазгы жана күзкү чакырык), Чакырылуучуларды аскер комиссариатына жеткирүү жана кабарлоо үчүн транспорттук чыгымдар (ГСМ), Жаштарды райондук медициналык комиссиядан өткөрүүгө көмөктөшүү жана коштоп баруу, Жаңы чакырылгандарды армияга салтанаттуу узатуу иш-чаралары (чакан белектер, ата-энелер менен жолугушуу), Өзгөчө кырдаалдар же аскердик абал жарыяланган учурда калкты эвакуациялоо жана коргонуу пландарын иштеп чыгуу, Запастагы офицерлерди жана жоокерлерди каттоодо кармоо, аскердик жыйындарга (сборлорго) катышуусун камсыздоо, 23-февраль жана 9-май: Ардагерлер, аскер кызматкерлери жана чек арачылар үчүн маданий иш-чараларды уюштуруу, Чек арачылар менен биргеликте "Ачык эшик" күндөрүн өткөрүү, чек ара заставаларынын тиричилигине чакан материалдык колдоо көрсөтүү. – 120 000 сомду түзөт.

·         Чек ара Заставасынын «Апам жапкан нанды сагындым» иш-чарасына -20 000-сомду түзөт.

·         Муниципалдык кызматкерлер күнүнө карата: – кызматкерлердин ишке болгон кызыгуусун арттыруу үчүн. – 10 000 сомду түзөт.

·         3-декабрь (Майыптар күнү): Мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарга даректүү жардам (азык-түлүк, майыптар арбасы ж.б.). -30 000 сомду түзөт.

·         Зордук-зомбулуктун алдын алуу (16 күндүк акция): Семинарлар, баннерлерди даярдоо, жүрүш уюштуруу. – 150 000 сомду түзөт.

·         Кургак учук оорусунун алдын алууга-30 000сомду түзөт.

·         Көк бөрү: ат оюндары – 50 000 сомду түзөт.

·         Шайыр апалар: маданий иш чараларга катышуу үчүн – 50 000 сомду түзөт.

·         Аксакалдар соту, аялдар кеңеши, жаштар кеңеши, АДКларга: иш чараларга катыштыруу үчүн – 150 000 сомду түзөт.

·         Көрүлбөгөн башка чыгымдар: Айыл өкмөтүнүн бюджетинде (көбүнчө социалдык коргоо же маданий иш-чаралар беренесинин алкагында, аксакалдар сотунун ишмердүүлүгүнө жараша, канцелярия, сапарга барса жол акысы, аялдар кеңеши,жаштар кеңеши, шайыр апалар ж.б.) коомдук активдүүлүктү колдоо үчүн өтө маанилүү. Бул каражаттар айылдын социалдык негизин түзгөн коомдук уюмдардын ишмердүүлүгүн жандандырууга жумшалат. -  205 551 сомду түзөт.

·         Желек, ак калпак, манасчылар, комуз күнүнө карата: атайын иш чараларды уюштуруп өткөрүү, манас айтуу боюнча мелдештерге катыштыруу, даталуу иш чараларды уюштуруу. – 50 000 сомду түзөт.

·         Жаңы жыл: Балдар үчүн балаты, жасалгалоо жана гирляндалар, мектеп, бала бакчалардагы балдарга майрамдык белек уюштуруу. -80 000 сомду түзөт.

2026-жылга карата башкаруу аппаратынын операциялык жана ар түрдүү чыгымдарынын долбоору

1. Санитардык жана эпидемиологиялык коопсуздук (СЭС кызматы): Айыл өкмөтүнүн имаратын жана тиешелүү аймактарды санитардык нормага ылайык кармоо. Имаратты дезинфекциялоо, дератизация (кемирүүчүлөргө каршы) жана СЭС тарабынан берилген талаптарды аткаруу. Бул кызматкерлердин жана келген жарандардын ден соолугу үчүн маанилүү. – 20 000 сомду түзөт.

2. Квалификацияны жогорулатуу жана окутуу: Мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлердин потенциалын арттыруу. Жаңы кабыл алынган мыйзамдар, санариптештирүү (Tunduk, электрондук документ жүгүртүү) жана мамлекеттик сатып алуулар боюнча атайын курстарга катышуу. Окутуудан өткөн кызматкерлер ишти сапаттуу жана катасыз аткарышат. – 80 000 сомду түзөт.

3. Маалыматтык жасалгалоо (Лозунгдар жана баннерлер): Идеологиялык жана маалыматтык иштерди жүргүзүү. Жыл ичиндеги майрамдарга (Масалиевдин эскерүү күнү, Нооруз, Жеңиш күнү, Эгемендүүлүк ж.б.) карата тематикалык лозунгдарды, баннерлерди жана стэнддерди жасатуу. Ошондой эле айылдын кире беришине жана борбордук көчөлөрүнө маалыматтык такталарды орнотуу. – 100 000 сомду түзөт.

4. Мүчөлүк акылар (Взностор): Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын союзу жана башка расмий бирикмелерге мүчөлүктү сактоо. Бул ассоциациялар аркылуу айыл өкмөтү өз кызыкчылыктарын республикалык деңгээлде коргоого жана тажрыйба алмашууга мүмкүнчүлүк алат. – 125 000 сомду түзөт.

5. Оргтехниканы тейлөө (IT кызматтары: Техникалык каражаттардын иштөө жөндөмдүүлүгүн сактоо. Компьютерлерди жана принтерлерди оңдоо, картридждерди толтуруу (заправка), антивирустук программаларды жаңыртуу жана үзгүлтүксүз интернет байланышын камсыздоо. – 80 000 сомду түзөт.

6. Социалдык объекттерди камсыздандыруу: Мүлктү күтүлбөгөн кырсыктардан коргоо. Айыл өкмөтүнүн имараты, маданият үйү жана башка муниципалдык менчиктеги имараттарды, аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдү өрттөн, табигый кырсыктардан милдеттүү камсыздандыруу. – 800 000 сомду түзөт.

7. Башка мамлекеттик кызматтар жана ар түрдүү чыгымдар: Мамлекеттик архив кызматы, архитектура, кадастр сыяктуу органдар менен кызматташууда талап кылынуучу төлөмдөр. Ошондой эле, айыл өкмөтүнүн ишине тиешелүү болгон расмий экспертизалар жана корутундулар үчүн чыгашалар. -144625 сомду түзөт.

Инфраструктураны өнүктүрүү жана көрктөндүрүү долбоору

1. Электр энергиясы (Столба жана электр чубалгылары)

Айылдын жаңы конуштарын жарык менен камсыздоо жана эскирген чубалгыларды жаңылоо.

·         Электр мамылары (Столбалар): Темир-бетон мамыларын сатып алуу жана орнотуу. Бул коопсуздукту камсыз кылып, катуу шамал же кар жааганда жарыктын өчүп калышын алдын алат. – 2 677 500 сомду түзөт.

·         Электр чубалгылары (Электр зымдары): Эски ачык зымдарды заманбап электр чубалгыларына алмаштыруу. Бул электр энергиясынын жоготууларын азайтат жана кыска туташуулардын алдын алат. – 350 000 сомду түзөт.

2. Таза суу жана ирригация (Труба сатып алуу)

·         Айылдардагы негизги көчөлөрдөгү автоунаалар өтүүчү жолдоруна муктаждыгына карата труба алынып берилип, жашоочуларга жагымдуу шарт түзүлөт. – 1 800 000 сомду түзөт.

3. Ички жолдорду жакшыртуу (Шагыл төгүү)

Айыл ичиндеги балчык жана бузулган жолдорду калыбына келтирүү. Ички көчөлөргө шагал төшөө, грейдер кызматы менен ички көчөлөрдү тегиздөө. – 1 000 000 сомду түзөт.