Редакцияот 28.01.2026
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

АБСАМАТ МАСАЛИЕВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ 

А.Масалиев айыл аймагынын айылдык Кеңешинин VIII чакырылышынын XVIII сессиясы

 

2026-жылдын -28 январы № 7

 А.Масалиев айыл өкмөтүнүн аймагында аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө көмөк көрсөтүүдө материалдык жардамдын суммасын белгилөө жөнүндө      

                                                                                    

А.Масалиев айылдык кенешинин социалдык маселелер жана мыйзамдуулук   боюнча туруктуу комиссияларынын билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын 34-беренесине ылайык А.Масалиев айылдык кеңеши токтом кылат:

 

  1. А.Масалиев  айыл өкмөтүнүн аймагында аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө материалдык жардам көрсөтүүдө бир жылда бир 5000 (беш миң) сом деп өлчөмү белгиленсин.

 

  1. А.Масалиев айыл өкмөтүнүн аймагында ден соолугуна байланыштуу көп суммада даарылануу талап кылынган учурда медициналык корутундуларынын негизинде материалдык жардам көрсөтүүнүн суммасы көбөйтүлүп каралсын.  

 

  1. Токтомдун аткарылышын камсыздоо жагы айыл өкмөтүнө жүктөлсүн. .

 

  1. Токтом реестрге кирген күндөн тартып күчүнө кирет.

 

5.      Токтом А.Масалиев айыл өкмөтүнүн masaliev-ao.gov.kg расмий сайтына жарыяланып мамлекеттик реестрге киргизүү жана каттоо үчүн Баткен областык юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.

 

6.   Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы  А.Масалиев айылдык  кеңешинин бюджет жана социалдык маселелер  боюнча туруктуу комиссияларына жүктөлсүн.

 

 

Төрага

Т. Галботоев