Редакцияот 28.01.2026
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

АБСАМАТ МАСАЛИЕВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ 

А.Масалиев айыл аймагынын айылдык Кеңешинин VIII чакырылышынын XVIII сессиясы

 

2026-жылдын -28 январы № 9

 Кара-Дөбө айылынын Көкө участкасындагы Токтогул Сатылганов атындагы   көчөнү   Узаков Сражидин атындагы көчө деп өзгөртүү  жөнүндө

                                             

                                                                                                                                                                          

А.Масалиев айылдык кеңешинин мыйзамдуулук боюнча туруктуу комиссиясынын билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Кара-Дөбө  айылынын Көкө участкасынын Токтогул Сатылганов көчөсүнүн  тургундарынын чогулушунун чечимине негиз, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын 34-беренесине ылайык А.Масалиев айылдык кеңешинин сессиясы токтом кылат:

 

1. Кара – Дөбө  айылынын Көкө участкасындагы Токтогул Сатылганов атындагы  көчөсү Узаков Сражидин  атындагы көчөсү деп  өзгөртүлсүн.

2. Кара – Дөбө  айылынын Көкө участкасындагы Узаков Сражидин  аты менен аталган көчөнүн оңдөп-түзөө, көрктөндүрүү иштери Узаков Сражидиндин  жакындарына жүктөлсүн.

3.        Токтом реестрге кирген күндөн тартып күчүнө кирет.

 

4.     Токтом А.Масалиев айыл өкмөтүнүн masaliev-ao.gov.kg расмий сайтына жарыяланып мамлекеттик реестрге киргизүү жана каттоо үчүн Баткен областык юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.

 

5.   Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы  А.Масалиев айылдык  кеңешинин мыйзамдуулук  боюнча туруктуу комиссиясына  жүктөлсүн.

 

Төрага

Т. Галботоев