Редакцияот 28.01.2026
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

АБСАМАТ МАСАЛИЕВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ 

А.Масалиев айыл аймагынын айылдык Кеңешинин VIII чакырылышынын XVIII сессиясы

 

2026-жылдын -28 январы № 12

 А.Масалиев айыл өкмөт аймагында агротехникалык кызмат көрсөтүүчү машина-трактордук станция уюштуруу максатында тракторлорду сатып алуу үчүн өздүк салымга акча каражатын бөлүүгө макулдук берүү жөнүндө

                                                                                                                                                                                                                        

А.Масалиев айылдык кеңешинин бюджет боюнча туруктуу комиссиясынын билдирүүсүн угуп жана талкуулап, 2026-жылга бекитилген жергиликтүү бюджетке ылайык, айыл өкмөт аймагында агротехникалык кызматтарды жеткиликтүү кылуу, айыл чарба техникаларын натыйжалуу пайдалануу максатында,   Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын 34-беренесине ылайык А.Масалиев айылдык кеңешинин сессиясы токтом кылат:

 

  1. А.Масалиев айыл өкмөт аймагында агротехникалык кызмат көрсөтүүчү машина – трактордук станцияны уюштуруу жактырылсын.

 

  1. Машина – трактордук станцияны уюштурууга тракторлорду сатып алуу үчүн айыл өкмөтүнүн бюдетинен өздүк салым катары 500 000 (беш жүз миң) сом акча каражаты бөлүнсүн.

 

  1. Бөлүнгөн каражат максаттуу пайдаланылсын.

 

  1. Токтомдун аткарылышын камсыздоо жагы айыл өкмөтүнө жүктөлсүн. 

5. Токтом реестрге кирген күндөн тартып күчүнө кирет.

 

6.      Токтом А.Масалиев айыл өкмөтүнүн masaliev-ao.gov.kg расмий сайтына жарыяланып мамлекеттик реестрге киргизүү жана каттоо үчүн Баткен областык юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.

 

7.   Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы  А.Масалиев айылдык  кеңешинин бюджет   боюнча туруктуу комиссиясына  жүктөлсүн.

 

 

Төрага

Т. Галботоев