Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2026-жылдын 10-февралы № 78
Экстремисттик ишке каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар тарабынан юридикалык жактарга жана башка уюмдарга карата экстремисттик материалдарды таратууга жана экстремисттик ишти жүргүзүүгө жол берилбестигин көрсөткөн эскертмени чыгаруу тартибин бекитүү жөнүндө
"Экстремисттик ишке каршы аракеттенүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 4-беренесин ишке ашыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Экстремисттик ишке каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар тарабынан юридикалык жактарга жана башка уюмдарга карата экстремисттик материалдарды таратууга жана экстремисттик ишти жүргүзүүгө жол берилбестигин көрсөткөн эскертмени чыгаруу тартиби тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 5-октябрындагы № 524 "Экстремисттик ишке каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын жеке жана юридикалык жактарга, башка уюмдарга карата экстремисттик материалдарды таратууга жана экстремисттик ишти жүзөгө ашырууга жол берилбестигин көрсөткөн эскертме берүүсүнүн тартибин бекитүү жөнүндө" токтому күчүн жоготту деп таанылсын.
3. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| А.А. Касымалиев |