Загрузка документа…
АКНАЗАРОВ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2025-жылдын 14-марты № 1
Турак имараттарынын жана жайларынын
ставкалары жөнүндө
Акназаров айыл аймагынын турак имараттары жана жайлары үчүн Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 379-беренесине ылайык, Акназаров айыл аймагынын айылдык кеңешинин 33-чакырылыштагы депутаттарынын 2025-жылдын 14-мартындагы кезектеги 6-сессиясы, Мамлекеттик салык кызматынын Бакай-Ата району боюнча башкармалыгынын 2025-жылдын 7-мартындагы №01-5/189 сандуу катын карап чыгып, талкуулап;
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Акназаров айыл аймагынын турак имараттарынын жана жайларынын мүлк салыгынын ставкасы 1 чарчы метр үчүн 8 сом 41 тыйын өлчөмүндө бекитилсин.
2. Токтомду аткаруу жагы Акназаров айыл өкмөтүнүн киреше боюнча башкы адиси Т.Жанкорозовага милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Акназаров айыл өкмөтүнүн башчысы Н.Доулбековго жүктөлсүн.
4. Бул токтом жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
Төрага |
| А.Коккозов |