Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2026-жылдын 5-февралы № 64
Автомобиль жолдорунун сакталышын камсыз кылуу чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
Автотранспорт каражаттары менен ири габариттүү жана оор салмактагы жүк ташууларды жүзөгө ашырууда ташуучулар үчүн жагымдуу шарттарды түзүү жана жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдорунун сакталышын камсыз кылуу максатында, "Автомобиль жолдору жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 29-беренесине, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 8-августундагы № 454 "Кыргыз Республикасынын жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдорунан транспорттук каражаттарды өткөрүү жана Кыргыз Республикасынын жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдору боюнча жүрүү үчүн белгиленген ченемден ашкан транспорт каражаттарынын максималдуу өлчөмдөрүн жана башка линиялык параметрлерин таразалоодо жана өлчөөдө жыйымдарды алуу тартибин жана Кыргыз Республикасынын жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдорунан атайын жана бөлүнбөс жүгү бар транспорт каражаттарын өткөрүү жана өткөрүүдө жыйымдарды алуу тартибин бекитүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) жогоруда көрсөтүлгөн токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдорунан бөлүнбөс жүгү бар транспорт каражаттарын, атайын транспорт каражаттарын өткөрүү жана өткөрүүдө жыйымдарды алуу тартибинде:
- 5-пунктта:
биринчи абзац төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"5. Жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдору боюнча бөлүнбөс жүгү бар транспорт каражаттарын жана салмактык параметрлери алардын жол берилген белгиленген көрсөткүчтөрүнөн ашкан атайын транспорт каражаттарын өткөрүүгө атайын жана (же) көп жолу колдонулуучу атайын уруксат болгондо гана жол берилет. Автомобиль транспортунда ишти жөнгө салуу жана контролдоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан берилген атайын жана көп жолу колдонулуучу атайын уруксат, жеке менчик автомобиль жолдорун кошпогондо, жалпы пайдалануудагы (мамлекеттик, ведомстволук, муниципалдык) автомобиль жолдору боюнча жүрүүгө жарактуу.";
- бешинчи абзацта "4,5" деген сөздөр "5,0" деген сөздөргө алмаштырылсын;
- алтынчы, жетинчи абзацтар төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Жол кыймылынын коопсуздугу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган жана электр транспорту, электр тармагы, электр байланышы, электрлештирүү кызматтары тарабынан атайын уруксатты электрондук форматта макулдашуу "Түндүк" ведомстволор аралык электрондук өз ара аракеттенүү системасы аркылуу 3 сааттын ичинде жүргүзүлөт. Кыргыз Республикасындагы Евразия экономикалык бирлигинин тышкы чек арасындагы өткөрүү пункттарында транспорт каражаттарын таразалоо жана өлчөө бажы иши чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан жүргүзүлөт, алардын натыйжалары атайын уруксатты электрондук түрдө тариздөө үчүн электрондук түрдө берилет. Атайын уруксат берүүдө транспорт жана жол чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын, бажы иши чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын, ички иштер чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жана энергетикалык коопсуздук боюнча ыйгарым укуктуу органдын ортосунда ведомстволор аралык электрондук өз ара аракеттенүүнүн жол-жобосу бекитилген өз ара аракеттенүү регламенти менен биргеликте белгиленет.
Ташуучу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 3-февралындагы № 60 "Автомобиль транспорту менен ири өлчөмдөгү жана оор салмактагы жүктөрдү ташуу эрежелерин бекитүү жөнүндө" токтому менен бекитилген Автомобиль транспорту менен ири өлчөмдөгү жана оор салмактагы жүктөрдү ташуу эрежелеринин, анын ичинде жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу жана электр берүү линияларынын астынан, түтүк өткөргүчтөр, көпүрөлөр жана башка жасалма курулмалар аркылуу өтүү талаптарын аткарууга милдеттенет.";
- 6-пункттун тогузунчу абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Арызга айдоочулук күбөлүктүн, транспорт каражатын каттоо жөнүндө күбөлүктүн (техникалык паспорттун), техникалык кароодон өткөндүгүн ырастоочу документтин көчүрмөлөрү (чет өлкөлүк ташуучулар көрсөтүлгөн документтердин мамлекеттик же расмий тилдеги көчүрмөсүн тиркейт), ошондой эле транспорт каражатынын фотосүрөттөрү тиркелет.";
- 10-3-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"10-3. Автомобиль транспортундагы ишти жөнгө салуу жана контролдоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан көп жолу колдонулуучу атайын уруксат берүү транспорт жана жол чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган белгилеген тартипте жүзөгө ашырылат.";
- 10-5-пунктта "бир жумуш күндүн" деген сөздөр "3 сааттын" деген сөздөргө алмаштырылсын;
2) жогоруда көрсөтүлгөн токтом менен бекитилген Оор салмактагы жана чоң көлөмдөгү жүктөрдү ташууну жүзөгө ашыруучу транспорт каражаттарынын, атайын транспорт каражаттарынын автомобиль жолдоруна келтирген зыянынын жана залалынын өлчөмүн белгилөөнүн жана ордун толтуруунун тартибинде:
- 3-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"3. Оор салмактагы жана чоц көлөмдөгү транспорт каражаттарынын, атайын транспорт каражаттарынын ээлери жана/же айдоочулары жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдоруна келтирилген зыяндын жана залалдын ордун толтурат. Кыргыз Республикасынын жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдорунан транспорттук каражаттарды өткөрүү жана Кыргыз Республикасынын жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдору боюнча жүрүү үчүн белгиленген ченемден ашкан транспорт каражаттарынын максималдуу өлчөмдөрүн жана башка линиялык параметрлерин таразалоодо жана өлчөөдө жыйымдарды алуу тартибинин 5-пунктунда көрсөтүлгөн учурлардан тышкары, автомобиль жолдоруна келтирилген зыяндын жана залалдын ордун толтуруу үчүн жыйымдарды төлөгөнгө чейин мындай транспорт каражаттарынын андан ары жүрүүсүнө жол берилбейт.";
- 5-пункттун эскертүүсү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Эскертүү. Зыяндын жана залалдын өлчөмүн эсептөө үчүн транспорт каражатынын жалпы салмагынын же октук салмак басымынын белгиленген ченемдери менен аларды таразага тартуу учурундагы иш жүзүндөгү маанисинин ортосундагы айырмасынын көбүрөөк саны кабыл алынат. Зыян жана залал үчүн эсептөө жана белгиленген салмак ченеминен ашкандыгы үчүн зыяндын ордун толтуруу үчүн жыйым алуу асфальт-бетон төшөлгөн автомобиль жолдору үчүн жүргүзүлөт.";
- 6-пункттун үчүнчү абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Ашыкча жүктүн ставкасы транспорт жана жол чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын чечими менен өткөн жылдагы иш жүзүндөгү инфляциянын деңгээлинде жыл сайын түзөтүлүүгө тийиш. Жол берилген жалпы салмактан жана октук салмак басымынын ашкан өлчөм 100 кг чегинде тегеректелет жана тонна менен көрсөтүлөт.".
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 3-февралындагы № 60 "Автомобиль транспорту менен ири өлчөмдөгү жана оор салмактагы жүктөрдү ташуу эрежелерин бекитүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда көрсөтүлгөн токтом менен бекитилген Автомобиль транспорту менен ири өлчөмдөгү жана оор салмактагы жүктөрдү ташуу эрежелеринде:
- 6-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"6. Жүгү бар транспорт каражатынын бийиктиги жолдун үстүнкү бөлүгүнөн 5,0 м жогору болгон учурда маршрутту электр транспорту, электр тармактары, электр байланышы, электрлештирүү кызматтары менен милдеттүү түрдө макулдашуу талап кылынат.";
- 8-пункт күчүн жоготту деп таанылсын;
- 9-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"9. Ири өлчөмдөгү жана оор салмактагы жүктөрдү ташууга жол кыймылынын маршрутун жана атайын уруксатты макулдашуунун тартиби ички иштер чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын чечими менен белгиленет.".
3. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
«Эркин-Тоо» мамлекеттик расмий гезитинин 2026-жылдын 10-февралындагы № 7 (3769) саны менен жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| А.А. Касымалиев |