Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2026-жылдын 19-февралы № 122
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин «Бардык сезондогу «Ала-Тоо Резорт» тоо кластери» мамлекеттик маанидеги долбоорун ишке ашыруу чөйрөсүндөгү айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасына караштуу «Ала-Тоо Резорт» мамлекеттик ишканасы «Ала-Тоо Резорт» ачык акционердик коому болуп кайра түзүлгөндүгүнө байланыштуу, Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 18, 28-беренелерине, «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 9-июнундагы № 326 «Улуттук инвестициялык долбоорлорду жана мамлекеттик маанидеги долбоорлорду ишке ашыруу максатында мамлекеттик менчикте турган жер участокторун ээликтен ажыратуу тартибин бекитүү тууралуу» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Улуттук инвестициялык долбоорлорду жана мамлекеттик маанидеги долбоорлорду ишке ашыруу максатында мамлекеттик менчикте турган жер участокторун ээликтен ажыратуу тартибинде:
– 4-пункттун 2-пунктчасы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«2) баланс кармоочу – мамлекеттик жер участогу мөөнөтсүз (мөөнөтүн көрсөтпөстөн) же мөөнөттүү (убактылуу) пайдалануусунда турган жер пайдалануучу же үчүнчү жактардын укуктарынан эркин болгон жер участокторун тескеген жергиликтүү мамлекеттик администрация; »;
– 12-пункт төмөнкүдөй мазмундагы 121-пунктча менен толукталсын:
«121) аукциондун жыйынтыгы боюнча түзүлгөн келишимди бузуу, ошондой эле ушул Тартиптин 54-пунктунда каралган учурда келишимде жана Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарында каралган тартипте анын шарттарын өзгөртүү жөнүндө чечим кабыл алуу;»;
– төмөнкүдөй мазмундагы 54-пункт менен толукталсын:
«54. Аукциондун жыйынтыгы боюнча берилген жер участогунда тараптардын эркинен көз каранды болбогон (табигый, инженердик-геологиялык, гидрогеологиялык, техникалык жана башка шарттар), ыйгарым укуктуу уюмдардын тиешелүү корутундулары менен ырасталган жагдайлардын кесепетинен курулуш жүргүзүү же аны өздөштүрүү мүмкүн болбогон учурда, аукциондун жеңүүчүсүнө комиссиянын чечиминин негизинде баланс кармоочу тарабынан мурда түзүлгөн келишимде каралган шарттарда бирдей маанидеги жер участогу берилиши мүмкүн.
Бирдей маанидеги жер участогу деп аянты, максаттуу багыты, шаар куруу шарттары жана инженердик камсыз болуу деңгээли боюнча салыштырмалуу болгон жер участогу таанылат.»;
– жогоруда аталган Тартиптин 2-тиркемесинде «мамлекеттик жер пайдалануучу» деген сөздөр «баланс кармоочу» деген сөздөргө алмаштырылсын;
– жогоруда аталган Тартиптин 3-тиркемесинде «мамлекеттик жерди пайдалануучу» деген сөздөр «баланс кармоочу» деген сөздөргө алмаштырылсын.
2. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 2-августундагы № 455 «Кыргыз Республикасынын Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунун Хан-Теңири айыл аймагында жайгашкан жерлерди «Запастагы жерлер» жана «Токой фондунун жерлери» категорияларынан «Өнөр жайынын, транспорттун, байланыштын, энергетиканын, коргонуунун жерлери жана башка багыттагы жерлер» категориясына которуу (трансформациялоо) жөнүндө» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
– преамбулада «Үч чоку» тоо-лыжа комплексин куруу максатында» деген сөздөр «Бардык сезондогу «Ала-Тоо Резорт» тоо кластери» мамлекеттик маанидеги долбоорун ишке ашыруу максатында» деген сөздөргө алмаштырылсын;
– 1-пунктта «Үч чоку» тоо-лыжа комплексин куруу үчүн» деген сөздөр «Бардык сезондогу «Ала-Тоо Резорт» тоо кластери» мамлекеттик маанидеги долбоорун ишке ашыруу үчүн» деген сөздөргө алмаштырылсын;
– 2-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«2. Бул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн жерлер «Ала-Тоо Резорт» ачык акционердик коомуна акысыз мөөнөтсүз пайдаланууга берилсин.»;
– жогоруда аталган токтомдун тиркемесинин аталышында «Үч чоку» тоо-лыжа комплексин куруу максатында» деген сөздөр «Бардык сезондогу «Ала-Тоо Резорт» тоо кластери» мамлекеттик маанидеги долбоорун ишке ашыруу үчүн» деген сөздөргө алмаштырылсын.
3. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 29-октябрындагы № 648 «Кыргыз Республикасынын Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунун Хан-Теңири айыл аймагында жайгашкан жерлерди «Айыл чарба багытындагы жерлер» жана «Токой фондунун жерлери» категорияларынан «Өнөр жайынын, транспорттун, байланыштын, энергетиканын, коргонуунун жерлери жана башка багыттагы жерлер» категориясына которуу (трансформациялоо) жөнүндө» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
– преамбулада «Үч чоку» (Боз-Учук чокусу) тоо-лыжа комплексин куруу максатында» деген сөздөр «Бардык сезондогу «Ала-Тоо Резорт» тоо кластери» мамлекеттик маанидеги долбоорун (Боз-Учук чокусу) ишке ашыруу максатында» деген сөздөргө алмаштырылсын;
– 1-пунктта «Үч чоку» (Боз-Учук чокусу) тоо-лыжа комплексин куруу үчүн» деген сөздөр «Бардык сезондогу «Ала-Тоо Резорт» тоо кластери» мамлекеттик маанидеги долбоорун (Боз-Учук чокусу) ишке ашыруу үчүн» деген сөздөргө алмаштырылсын;
– 2-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«2. Бул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн жерлер «Ала-Тоо Резорт» ачык акционердик коомуна акысыз мөөнөтсүз пайдаланууга берилсин.»;
– жогоруда аталган токтомдун тиркемесинин аталышында «Үч чоку» тоо-лыжа комплексин куруу үчүн» деген сөздөр «Бардык сезондогу «Ала-Тоо Резорт» тоо кластери» мамлекеттик маанидеги долбоорун ишке ашыруу үчүн» деген сөздөргө алмаштырылсын.
4. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 29-октябрындагы № 649 «Кыргыз Республикасынын Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунун Хан-Теңири айыл аймагында жайгашкан жерлерди «Айыл чарба багытындагы жерлер», «Запастагы жерлер» жана «Токой фондунун жерлери» категорияларынан «Өнөр жайынын, транспорттун, байланыштын, энергетиканын, коргонуунун жерлери жана башка багыттагы жерлер» категориясына которуу (трансформациялоо) жөнүндө» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
– преамбулада «Үч чоку» (Ак-Булак чокусу) тоо-лыжа комплексин куруу максатында» деген сөздөр «Бардык сезондогу «Ала-Тоо Резорт» тоо кластери» мамлекеттик маанидеги долбоорун (Ак-Булак чокусу) ишке ашыруу максатында» деген сөздөргө алмаштырылсын;
– 1-пунктта «Үч чоку» (Ак-Булак чокусу) тоо-лыжа комплексин куруу үчүн» деген сөздөр «Бардык сезондогу «Ала-Тоо Резорт» тоо кластери» мамлекеттик маанидеги долбоорун (Ак-Булак чокусу) ишке ашыруу максатында» деген сөздөргө алмаштырылсын;
– 2-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«2. Бул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн жерлер «Ала-Тоо Резорт» ачык акционердик коомуна акысыз мөөнөтсүз пайдаланууга берилсин.»;
– жогоруда аталган токтомдун 1-тиркемесинин аталышында «Үч чоку» тоо-лыжа комплексин куруу үчүн» деген сөздөр «Бардык сезондогу «Ала-Тоо Резорт» тоо кластери» мамлекеттик маанидеги долбоорун ишке ашыруу үчүн» деген сөздөргө алмаштырылсын;
– жогоруда аталган токтомдун 2-тиркемесинин аталышында «Үч чоку» тоо-лыжа комплексин куруу үчүн» деген сөздөр «Бардык сезондогу «Ала-Тоо Резорт» тоо кластери» мамлекеттик маанидеги долбоорун ишке ашыруу үчүн» деген сөздөргө алмаштырылсын;
– жогоруда аталган токтомдун 3-тиркемесинин аталышында «Үч чоку» тоо-лыжа комплексин куруу үчүн» деген сөздөр «Бардык сезондогу «Ала-Тоо Резорт» тоо кластери» мамлекеттик маанидеги долбоорун ишке ашыруу үчүн» деген сөздөргө алмаштырылсын.
5. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 16-январындагы № 11 «Мамлекеттик маанидеги долбоорлордун статусуна ээ долбоорлорду ишке ашыруучу мамлекеттик ишканаларды жана чарбалык коомдорду колдоо чаралары жөнүндө» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
– 2-пунктта «Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасына караштуу «Ала-Тоо Резорт» мамлекеттик ишканасы» деген сөздөр «Ала-Тоо Резорт» ачык акционердик коому» деген сөздөргө алмаштырылсын.
6. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
|
А.А. Касымалиев |