Загрузка документа…
БЕЛОВОДСК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
2023-жылдын 4-майы № 132
Социалдык суроолор боюнча бөлүмүнүн балдардын кызыкчылыгын жана укугун камсыздоо боюнча аткарылган иштер тууралуу
Кыргыз Республикасынын Балдар Кодексинин 20-беренесинин негизинде Социалдык суроолор боюнча бөлүмүнүн балдардын кызыкчылыгын жана укугун камсыздоо боюнча аткарылган иштер тууралуу маалыматын угуп жана талкуулап Беловодск айылдык кеңешинин сессиясы,-
Токтом кылды:
1. Социалдык суроолор боюнча бөлүмүнүн балдардын кызыкчылыгын жана укугун камсыздоо боюнча аткарылган иштер тууралуу социалдык суроолор боюнча бөлүмүнүн маалыматы эске алынсын.
2. Айыл өкмөтүнүн социалдык суроолор боюнча бөлүмүнө:
- укук коргоо органдары, райондук билим берүү бөлүмү, социалдык өнүгүү башкармалыгы менен биргеликте укук бузууларды, суициддерди, балдарга карата үй-бүлөлүк зордук зомбулуктун алдын алуу боюнча иш-чаралар системалуу жүргүзүлсүн.
- Кыргыз Республикасынын Балдар Кодексинин 20-беренесине ылайык квартал сайын балдардын кызыкчылыгын жана укугун камсыздоо боюнча аткарылган иштер тууралуу маалымат айылдык кеңеште каралып турсун.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айыл өкмөтүнүн башчысы Д.Ш.Кайназаровго жүктөлсүн.
Төрага | Т.К.Кулжанов |