Загрузка документа…
КҮМҮШТАК АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2025-жылдын 22-майы № 9
Күмүштак айыл өкмөтүнө тиешелүү Субару Форестер жеңил автоунаасын “Күмүштак” муниципалдык ишканасына кызматтык автоунаа катары пайдаланууга берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 20-октябрындагы №123 Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндөгү Мыйзамынын №39 беренесинин “Жергиликтүү кеңештин чечимдери” жөнүндөгү (“жергиликтүү кенештин чечимдери алар кабыл алган тартипте жокко чыгарылышы же күчүн жоготту деп табылышы мүмкүн”) №5 пунктун жетекчиликке алып жана Күмүштак айыл өкмөтүнө тиешелүү “Субару Форестер” жеңил автоунаасын “Күмүштак” муниципалдык ишканасына кызматтык унаа катары пайдаланууга берүү керектиги жөнүндөгү айыл өкмөт башчысы З.Надырбаевдин сунушун угуп, талкуулап Күмүштак айылдык кеңешинин VIII сессиясы;
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2024-жылдын 19-августундагы Күмүштак айылдык кеңешинин “Күмүштак” муниципалдык ишканасына тиешелүү “Субару Форестер” жеңил автоунаасын сатууга уруксат берүү жөнүндө” №10 токтому жокко чыгарылсын.
2. Аталган “Субару Форестер” жеңил автоунаасы “Күмүштак” муниципалдык ишканасына кызматтык автоунаа катары пайдаланууга берилсин.
3. Токтомдун аткарылышын камсыздоо жагы Күмүштак айыл өкмөтүнүн башчысына милдеттендирилсин.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы бюджет, экономика, муниципалдык менчик, инвестиция, ишкердик иш жана тышкы экономикалык байланыш боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага |
| Б.Акматов |