Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2026-жылдын 10-февралы № 75
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым чечимдерин күчүн жоготту деп таануу жөнүндө
К.И.Скрябин атындагы Кыргыз улуттук агрардык университетинин ишин өркүндөтүү максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:
1) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 20-апрелиндеги № 178 "К.И.Скрябин атындагы Кыргыз улуттук агрардык университетинин маселелери жөнүндө" токтому;
2) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 31-декабрындагы № 895 "Стрельникова атындагы мамлекеттик асыл тукум заводу" мамлекеттик ишканасын кайра уюштуруу жөнүндө" токтомунун 5-пункту;
3) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 20-мартындагы № 144 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 20-апрелиндеги № 178 "К.И.Скрябин атындагы Кыргыз улуттук агрардык университетинин маселелери жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтому;
4) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 27-январындагы № 39 "Ветеринария, өсүмдүк өстүрүү жана мал чарбасы чөйрөсүндөгү айрым маселелер жөнүндө" токтомунун 7-пункту.
2. Кыргыз Республикасынын Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлиги, Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги К.И.Скрябин атындагы Кыргыз улуттук агрардык университетинин уставын бекитсин.
3. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
“Эркин-Тоо” мамлекеттик расмий гезитинин 2026-жылдын 17-февралындагы № 11 (3771) саны менен жарыяланды.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| А.А. Касымалиев |