Редакцияот 28.01.2026
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

З.КАЙНАЗАРОВА АТЫНДАГЫ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

XXIX-чакырылыштын 1- (кезектүү) сессиясы

 

2026-жылдын 28-январы № 1/3

 

2026-жылга карата социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүүнүн программасын бекитүү жөнүндө

 

Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамынын 34-беренесине ылайык, Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин 88-беренесинин негизинде жана жоолугушуулардын натыйжаларын эске алуу менен, айылдык кеңештин XXIХ чакырылышы, угуп жана такуулап

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. 2026-жылга З.Кайназарова атындагы айыл аймагынын социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүүнүн программасы 1-тиркемеге ылайык бекитилсин.

2. З.Кайназарова атындагы айыл өкмөтүнүн башчысы А.К. Жумашалиев программанын жарым жылдык, тогуз айдык жана жылдын жыйынтыгы боюнча аткарылыш отчетун берсин .

3. Ушул токтомдун аткарылышын кѳзѳмѳлдөө туруктуу бюджеттик депутаттык комиссиянын тѳрайымы Абдиева Чинара Толоновнага жүктѳлсүн.

 

 

Төрага

 

Э.Б. Ибраимов