Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2026-жылдын 10-февралы № 80
Санарип жуп нускалары даярдалгандан кийин түп нускада сакталууга тийиш болгон документтердин түрлөрүнүн тизмеги жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Санарип кодексинин 151-беренесинин 6-бөлүгүнө, 153-беренесинин 1-бөлүгүнүн 4-пунктуна, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Санарип жуп нускалары даярдалгандан кийин түп нускада сакталууга тийиш болгон документтердин түрлөрүнүн тизмеги тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Мамлекеттик органдар өздөрүнүн чечимдерин ушул токтомго ылайык келтирсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
4. Бул токтом расмий жарыяланууга тийиш жана 2026-жылдын 7-февралынан тартып күчүнө кирет.
“Эркин-Тоо” мамлекеттик расмий гезитинин 2026-жылдын 13-февралындагы № 10 (3770) саны менен жарыяланды.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| А.А. Касымалиев |
|
| Тиркеме |
Санарип жуп нускалары даярдалгандан кийин түп нускада сакталууга тийиш болгон документтердин түрлөрүнүн ТИЗМЕГИ
Санариптештирүүдө жана санарип жуп нускаларын түзүүдө документтердин төмөнкү түрлөрү түп нускаларда (кагаз жүзүндө) милдеттүү сакталууга тийиш:
- Кыргыз Республикасынын жаранынын, анын ичинде аскер кызматчыларынын инсандыгын күбөлөндүрүүчү документтер, ошондой эле чет өлкөлүк жарандын, жарандыгы жок адамдын инсандыгын күбөлөндүрүүчү документтер, анын ичинде жашап турууга уруксат жана качкындын күбөлүгү;
- аскердик каттоо документтери;
- чет мамлекеттин компетенттүү органдары тарабынан берилген жарандык абалдын актыларын мамлекеттик каттоо жөнүндө күбөлүктөр жана алардын нотариалдык күбөлөндүрүлгөн расмий тилге котормосу;
- жарандык, башпаанек, жашоого уруксат жөнүндө документтер, ошондой эле "Мекен-карт" - көктөмөлөрдүн номенклатурасына ылайык белгиленген сактоо мөөнөтү аяктаганга чейин;
- жарандын эмгектенүүсү, эмгек стажы жөнүндө документтер, ошондой эле өндүрүштөгү күтүлбөгөн кырсыкты же кесиптик ооруну териштирүүнүн натыйжалары боюнча таризделген документтер;
- Кыргыз Республикасынын, ошондой эле чет мамлекеттин аймагында берилген билими жөнүндө жана (же) квалификациясы, окумуштуулук даражалары жана окумуштуулук наамдары жөнүндө документтер жана окутуудан өтүүгө байланышкан документтер жана алардын нотариалдык күбөлөндүрүлгөн расмий тилге котормосу;
- аскердик кесиптик билим берүү уюмдары жана жогорку аскердик билим берүү уюмдары тарабынан берилүүчү билими жана (же) квалификациясы, окумуштуулук даражалары жана окумуштуулук наамдары жөнүндө документтер;
- мамлекеттик архивдерге жана туруктуу сактоо укугу берилген ведомстволук архивдерге туруктуу сактоого өткөрүп берилүүгө тийиш болгон же өткөрүлүп берилген Кыргыз Республикасынын Улуттук архив фондунун документтери;
- алгачкы текшерүү, тергөө органдары же сот тарабынан жарандык, кылмыш-жаза, экономикалык, административдик жана башка иштер боюнча берилген (таризделген) документтер, анын ичинде Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун, жергиликтүү соттордун жана мыйзам менен түзүлгөн адистештирилген соттордун чечимдери, өкүмдөрү, аныктамалары жана токтомдору;
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан бекитилген Юридикалык жактарды, филиалдарды (өкүлчүлүктөрдү) мамлекеттик каттоонун тартиби жөнүндө жободо каралган коммерциялык эмес юридикалык жактын уюштуруу документтери (мамлекеттик кадастрдык эсепке алууну жана (же) кыймылсыз мүлк объекттерине укуктарды мамлекеттик каттоону жүзөгө ашыруу үчүн мындай документтерди берүүнү кошпогондо);
- нотариалдык актылар - керээздер, келишимдердин бардык түрлөрү, мурастоо иштери;
- мамлекеттин же ири субъекттердин финансылык жана мүлктүк милдеттенмелерин жаратуучу келишимдер;
- мамлекеттик сатып алуулар, контракттар жана ревизиялар боюнча документтер;
- кыймылсыз мүлккө укук белгилөөчү документтер, кадастрдык пландар, геодезиялык жана картографиялык материалдар, жаратылышты пайдаланууга лицензиялар;
- жарандык абалдын актыларын мамлекеттик каттоо китептери;
- интеллектуалдык менчик жөнүндө документтер (патенттер, товардык белгилер, чет өлкөлүк органдар тарабынан берилген лицензиялык келишимдер);
- өзгөчө кырдаалдар жана техногендик авариялар боюнча комиссиялардын актылары;
- эл аралык келишимдер, ноталар, мамлекеттер аралык кеңештердин жана өкмөттөр аралык комиссиялардын протоколдору;
- коргоо элементтери (штамптар, голограммалар, нымдуу мөөрлөр) бар так отчеттуулук бланктарындагы документтер жана уникалдуу физикалык белгилери бар башка түп нускалар;
- милдеттүү каттоо журналдары (нотариалдык, соттук, медициналык ж.б.), эгерде аларды жүргүзүү мыйзамдарда каралса;
- жарандын социалдык колдоо алууга укугун ырастоочу жана адамды пенсиялык камсыздоону жүзөгө ашыруу үчүн зарыл болгон күбөлүктөр жана документтер, ошондой эле мыйзамдарда аскердик жана ага теңештирилген кызмат каралган аткаруу бийлигинин башка органдары тарабынан пенсияларды дайындоо жана өлчөмүн кайра эсептөө максатында берилген документтер;
- мамлекеттик жана ведомстволук сыйлыктар, мамлекеттик сыйлыктар жана артыкчылык белгилери жөнүндө документтер;
- амбулатордук бейтаптын медициналык картасы;
- стационардык кызмат көрсөтүүлөрдү алган бейтаптын медициналык картасы.