Редакцияот 18.02.2026
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ

 

2026-жылдын 18-февралы № 172-VIII

 

Кыргыз Республикасынын транспорт жана коммуникациялар министринин кызмат ордуна Т.О. Солтобаевди дайындоого макулдук берүү жөнүндө

 

Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 70-беренесинин 1-бөлүгүнүн  2 пунктун, 80-беренесинин 1-бөлүгүнүн 6-пунктун жана 90-беренесинин 1-бөлүгүнүн экинчи абзацын, “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 6-беренесин жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2026-жылдын 16-февралындагы ПЖ № 55 Жарлыгын карап чыгып, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши

т о к т о м к ы л а т: 

 

1. Кыргыз Республикасынын транспорт жана коммуникациялар министринин кызмат ордуна Солтобаев Талантбек Осмонбековичти дайындоого макулдук берилсин.

2. Ушул токтом кабыл алынган күндөн тартып күчүнө кирет.

 

 

Төрага

 

М.А. Маматалиев