Загрузка документа…
БЕШ-ТАШ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Беш-Таш айылдык кенешинин VIII –чакырылышын
1-сессиясы
2024-жылдын 20-февралы № 3
“Бердике баатыр айыл аймагынын айылдык кенеши» “Калба айыл аймагынын айылдык кеңеши” жана “Жергетал айыл аймагынын айылдык кенешинин” кошулу жөнүндө”
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылды 29декабрындагы № 370 «Кыргыз Республикасынын айыл аймактарынын жана шаарларынын деңгээлинде пилоттук режимде административдик-аймактык реформа жүргүзүү жөнүндө» Жарлыгын, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 30-мартындагы №177 "Айыл аймактарынын деңгээлинде пилоттук режимде административдик-аймактык реформа жүргүзүлүп жаткан Кыргыз Республикасынын региондорундагы айыл өкмөттөрүнүн ишин уюштуруу жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын штаттык саны жөнүндө" токтомун, Кыргыз Республикасынын Жарандык кодексинин 92-беренесинин, Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө мыйзамын жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 31-мартындагы №178 токтому менен бекитилген “Юридикалык жактарды жана филиалдарды (өкүлчүлүктөрдү) мамлекеттик каттоонун тартиби жөнүндө” Жобону жетекчиликке алып, “Беш-Таш” айылдык кенеши;
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. “Бердике баатыр айыл аймагынын айылдык кенеши”, “Калба айыл аймагынын айылдык кенеши” жана “Жергетал айыл аймагынын айылдык кенешин” бириктирүү жолу менен «Беш-Таш айыл аймагынын айылдык кеңеши» мекемеси болуп кайра түзүлүүгө уруксат берилсин.
2. Ушул токтомдун аткарылышы боюнча көзөмөлдү өзүмө калтырам.
Беш-Таш айылдык кенешинин төрагасы |
|
Сатыбек уулу Максат |