Редакцияот 10.10.2025
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ОРОЗБЕКОВ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Орозбеков айылдык кеңешинин кезектеги сессиясы

 

2025-жылдын 10-октябры № 66

 Кескен-Таш айылындагы Молдо Нияз атындагы жалпы билим берүү мектебинин эшик-терезелерин алмаштыруу боюнча дем берүүчү(үлүштүк) грантка даярдалган долбоорду колдоо жөнүндө

     Күн тартибиндеги маселени карап,  Кыргыз Республикасынын Бюджеттик Кодексинин 51-беренесине, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары  жөнүндө” Мыйзамынын 34-беренесине ылайык жана  айылдык кеңештин бюджет жана финансы маселелери  боюнча туруктуу комиссиясынын чечимине негиз Орозбеков айылдык кеңешинин сессиясы токтом кылат: 

1. 2026-жылга карата жалпы сметасы  4266 560(төрт миллион эки жүз алтымыш алты миң беш жүз алтымыш) сом болгон, Кескен-Таш айылындагы Молдо Нияз атындагы жалпы билим берүү мектебинин эшик-терезелерин алмаштыруу боюнча  Кыргыз Республикасынын Финансы Министрлиги тарабынан каржылануучу дем берүүчү(үлүштүк) грантка даярдалган долбоорду колдоо максатында айыл өкмөттүн 2026-жылдагы бюджетинен өздүк салым катары 1000 000(бир миллион) сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.

2. Тиешелүү каражатты бөлүп берүү айыл өкмөттүн социалдык-экономикалык бөлүмүнүн башчысы Д. Сатыбалдиевге милдеттендирилсин.

3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык  кеңештин бюджет жана финансы маселелери  боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

 

 

Төрага

К.Каримов