Редакцияот 10.10.2025
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ОРОЗБЕКОВ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Орозбеков айылдык кеңешинин кезектеги сессиясы

 

2025-жылдын -10-октябры № 67

 Ак-Кыя айылындагы Молдо Нияз акындын музей комплексин муниципалдык менчиктен мамлекеттик менчикке өткөрүү жөнүндө.

     Күн тартибиндеги маселени карап чыгып жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын “Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө” Мыйзамынын 8,10,11 жана 12-беренелерине, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары  жөнүндө” Мыйзамынын 18,34 жана 39-берелерине ылайык  Орозбеков айылдык кенештин сессиясы токтом кылат: 

  1. Баткен облусу, Кадамжай району, Орозбеков айыл аймагы, Ак-Кыя айылында жайгашкан муниципалдык менчиктеги идентификациялык коду 8-02-10-10012401 болгон Молдо Нияз акындын музей комплексинин имаратын жана  жанаша жайгашкан курулмаларын тиешелүү материалдык-техникалык базасы менен Орозбеков айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигинен  мамлекеттик менчикке өкөрүп берүүгө макулдук берилсин.
  2. Ак-Кыя айылындагы Молдо Нияз акындын  музей комплексин муниципалдык менчиктен  мамлекеттик менчике өткөрүүгө байланыштуу иш кагаздарын  тариздөө милдети Орозбеков айыл өкмөтүнө тапшырылсын.
  3. Токтом сайтка жарыяланып, Кыргыз Республикасынын ченемдик укук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизилсин.
  4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы этика, мыйзамдуулук жана адам укуктарын коргоо боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

 

Төрага

К.Каримов