Загрузка документа…
БЕШ-ТАШ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Беш-Таш айылдык кенешинин VIII –чакырылышын
1-сессиясы
2024-жылдын 20-февралы № 4
«Беш-Таш айыл аймагынын айылдык кенеши” мекемесинин айылдык кенешин түзүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылды 29декабрындагы №
370 «Кыргыз Республикасынын айыл аймактарынын жана шаарларынын деңгээлинде пилоттук режимде административдик-аймактык реформа жүргүзүү жөнүндө» Жарлыгын, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 30-мартындагы №177 "Айыл аймактарынын деңгээлинде пилоттук режимде административдик-аймактык реформа жүргүзүлүп жаткан Кыргыз Республикасынын региондорундагы айыл өкмөттөрүнүн ишин уюштуруу жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын штаттык саны жөнүндө" токтомун, Кыргыз Республикасынын Жарандык кодексинин 92-беренесинин, Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө мыйзамын жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 31-мартындагы №178 токтому менен бекитилген “Юридикалык жактарды жана филиалдарды мамлекеттик каттоонун тартиби жөнүндө” Жобону жетекчиликке алып, “Беш-Таш” айылдык кенеши;
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Талас облусунун, Талас районунун, “Жергетал айылдык аймактык айылдык кенеши” жана Талас облусунун, Талас районунун, “Калба айылдык аймактык айылдык кенеши” мекемеси, Талас облусунун, Талас районунун, “Бердике баатыр айылдык аймактык айылдык кенеши” жаныдан Кыргыз Республикасынын Талас облусунун, Талас районунун бириктирүү жолу менен «Беш-Таш айыл аймагынын айылдык кенеши” мекемеси болуп кайра түзүлсүн
Юридикалык жактын толук фирмалык аталышы:
- Мамлекеттик тилде:
«Беш-Таш айыл аймагынын айылдык кенеши” мекемеси.
- Расмий тилде: Учреждение "Айыльный кенеш Беш-Ташского айыльного аймака”
Кыскартылган фирмалык аталышы:
- Мамлекеттик тилде: “Беш-Таш айыл аймагынын айылдык кенеши» м-и.
- Расмий тилде: уч-е "Айыльный кенеш Беш-Ташского айыльного аймака".
2. Талас облусунун, Талас районунун, “Жергетал айылдык аймактык айылдык кенеши” жана Талас облусунун, Талас районунун, “Калба айылдык аймактык айылдык кенеши” мекемеси, Талас облусунун, Талас районунун, “Бердике баатыр айылдык аймактык айылдык кенеши” жаныдан Кыргыз Республикасынын Талас облусунун Талас районунун бириктирүү жолу менен «Беш-Таш айыл аймагынын айылдык кенеши” мекемесине өткөрүп берүү актысы бекитилсин.
3. «Беш-Таш айыл аймагынын айылдык кенеши» мекемесинин Жобосу бекитилсин.
4. «Беш-Ташайыл аймагынын айылдык кеңеши» мекемесинин юридикалык дареги болуп, Кыргыз Республикасы, Талас облусу, Талас району, Кызыл-туу айылы, Кудаке уулу Темиркул көчөсү № 35 үйү болуп аныкталсын.
5. Мекеме Кыргыз Республикасынын иштөөдөгү мыйзамдарына ылайык Кыргыз Республикасынын юстиция органдарында мамлекеттик каттоодон өткөрүлсүн.
Токтомдо көрсөтүлгөн маалыматтардын, ошондой эле мамлекеттик каттоо үчүн тапшырылган документтердеги маалыматтардын аныктыгы ырасталат.
«Беш-Таш» айылдык кеңешинин төрагасы |
|
Сатыбек уулу Максат |