БЕШ-ТАШ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Беш-Таш айылдык кенешинин VIII –чакырылышын
1-сессиясы
2024-жылдын 20-февралы № 5
Бердике баатыр айыл аймагынын «Бердике баатыр айыл өкмөтү» мекемеси, Калба айыл аймагынын «Калба айыл өкмөтү» мекемеси жана Жергетал айыл аймагынын “Жергетал айыл өкмөтү” мекемесин бириктирүү жолу менен жаныдан «Беш-Таш айыл аймагынын айыл өкмөтү» мекемеси түзүүгө уруксат берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылды 29-декабрындагы № 370 «Кыргыз Республикасынын айыл аймактарынын жана шаарларынын деңгээлинде пилоттук режимде административдик-аймактык реформа жүргүзүү жөнүндө» Жарлыгын, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 30-мартындагы №177 "Айыл аймактарынын деңгээлинде пилоттук режимде административдик-аймактык реформа жүргүзүлүп жаткан Кыргыз Республикасынын региондорундагы айыл өкмөттөрүнүн ишин уюштуруу жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын штаттык саны жөнүндө" токтомун, Кыргыз Республикасынын Жарандык кодексинин 92-беренесинин, Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө мыйзамын жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 31-мартындагы №178 токтому менен бекитилген “Юридикалык жактарды жана филиалдарды (өкүлчүлүктөрдү) мамлекеттик каттоонун тартиби жөнүндө” Жобону жетекчиликке алып, “Жергетал” айылдык кенеши;
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Бердике баатыр айыл аймагынын «Бердике баатыр айыл өкмөтү» мекемеси, Талас облусунун Талас районунун, Калба айыл аймагынын «Калба айыл өкмөтү» мекемеси жана Талас облусунун Талас районунун “Жергетал айыл өкмөтү” мекемесин бириктирүү жолу менен жаныдан «Беш-Таш айыл аймагынын айыл өкмөтү» мекемесиболуп кайра түзүүгө уруксат берилсин.
2. Мекемелердин мүлкүн инвентаризациялоо жана өткөрүп берүү актысына кол коюу жагы “Беш-Таш” айыл өкмөтү мекемесинин башчысы Мурат Шамилге жүктөлсүн.
3. Ушул токтомдун аткарылышы боюнча көзөмөлдү өзүмө калтырам.
Беш-Таш айылдык кенешинин төрагасы |
|
Сатыбек уулу Максат |