Загрузка документа…
БЕШ-ТАШ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Беш-Таш айылдык кенешинин VIII –чакырылышын
1-сессиясы
2024-жылдын 20-февралы № 6
«Беш-Таш айыл аймагынын айыл өкмөтү» мекемесин
түзүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылды 29-декабрындагы № 370 «Кыргыз Республикасынын айыл аймактарынын жана шаарларынын деңгээлинде пилоттук режимде административдик-аймактык реформа жүргүзүү жөнүндө» Жарлыгын, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 30-мартындагы №177 "Айыл аймактарынын деңгээлинде пилоттук режимде административдик-аймактык реформа жүргүзүлүп жаткан Кыргыз Республикасынын региондорундагы айыл өкмөттөрүнүн ишин уюштуруу жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын штаттык саны жөнүндө" токтомун, Кыргыз Республикасынын Жарандык кодексинин 92-беренесин, “Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамын жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 31-мартындагы №178 токтому менен бекитилген “Юридикалык жактарды, филиалдарды мамлекеттик каттоонун тартиби жөнүндө” Жобону жетекчиликке алып, Беш-Таш айылдык кенеши;
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Талас облусунун Талас районунун «Жергетал» айыл өкмөтү мекемеси, Талас облусунун Талас районунун, Калба айыл аймагынын «Калба айыл өкмөтү» мекемеси жана Талас облусунун, Талас районунун, Бердике баатыр айыл аймагынын «Бердике баатыр айыл өкмөтү» мекемелери, бириктирүү жолу менен жаныдан «Беш-Таш айыл аймагынын айыл өкмөтү» мекемесиболуп кайра түзүлсүн.
Юридикалык жактын толук фирмалык аталышы:
- Мамлекеттик тилде: «Беш-Таш айыл аймагынын айыл өкмөтү» мекемеси.
- Расмий тилде: Учреждение "Айыл окмот Беш-Ташского айыльного аймака"
Кыскартылган фирмалык аталышы:
- Мамлекеттик тилде: «Беш-Таш айыл аймагынын айыл өкмөтү» М-и.
- Расмий тилде: У-е "Айыл окмот Беш-Ташского айыльного аймака".
2. Талас облусунун Талас районунун «Жергетал » айыл өкмөтү мекемеси, Талас облусунун Талас районунун, Калба айыл аймагынын «Калба айыл өкмөтү» мекемеси жана Талас облусунун, Талас районунун, Бердике баатыр айыл аймагынын «Бердике баатыр айыл өкмөтү» мекемелери, бириктирүү жолу менен жаныдан түзүлгөн «Беш-Таш айыл аймагынын айыл өкмөтү» мекемесине өткөрүп берүү актылары бекитилсин.
3. Бириккен айыл аймактарынын “Беш-Таш айыл аймагынын айыл өкмөтү” мекемеси анын курамына кирген Талас облусунун Талас районунун «Жергетал» айыл өкмөтү мекемеси, Талас облусунун Талас районунун, Калба айыл аймагынын «Калба айыл өкмөтү» мекемеси жана Талас облусунун, Талас районунун, Бердике баатыр айыл аймагынын «Бердике баатыр айыл өкмөтү» мекемелеринин укук улантуучусу болуп саналсын.
4. “Беш-Таш айыл аймагынын айыл өкмөтү” мекемеси юридикалык жактын статусуна ээ жана алар уюшулган ундөн тартып түзүлдү деп эсептелинсин.
5. «Баш-Таш айыл аймагынын айыл өкмөтү» мекемесинин Жобосу бекитилсин
6. «Беш-Таш айыл аймагынын айыл өкмөтү» мекемесинин юридикалык дареги болуп, Кыргыз Республикасы Талас облусу, Талас району, Кызылтуу айылы Кудакее уулу Темиркул көчөсү №35 болуп аныкталсын.
7. Мекеме Кыргыз Республикасынын иштөөдөгү мыйзамдарына ылайык Кыргыз Республикасынын юстиция органдарында мамлекеттик каттоодон өткөрүлсүн.
Токтомдо көрсөтүлгөн маалыматтардын, ошондой эле мамлекеттик каттоо үчүн тапшырылган документтердеги маалыматтардын аныктыгы ырасталат.
«Беш-Таш» айылдык кеңешинин төрагасы |
|
Сатыбек уулу Максат |