Загрузка документа…
БЕШ-ТАШ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2024-жылдын 24-майы № 12
“Беш-Таш” муниципалдык ишканасын түзүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 7-февралындагы № 52 токтому менен бекитилген пилоттук режимде айыл аймактарынын денгээлинде административдик-аймактык реформа жүргүзүү мезгилинде жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында ишин уюштуруу жөнүндө убактылуу жобосун жана Мамлекеттик жайыт жерлерин башкаруу жана пайдалануу укугун берүүнүн тартиби жөнүндө” № 735 токтому менен бекитилген убактылуу ЖОБОну жетекчиликке алып жана Беш-Таш айыл өкмөтүнүн башчысынын муниципалдык ишкана түзүү жөнүндө сунушун карап чыгып, Беш-Таш айылдык кенеши;
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Бириккен Беш-Таш айыл аймагында жаңы “Беш-Таш” муниципалдык ишканасын түзүүгө уруксат берилсин.
2. Мурунку Жергетал, Калба, Бердике баатыр айыл өкмөттөрүндөгү жайыт комитеттери жана Жергетал айыл өкмөтүнүн алдында түзүлгөн “Жергетал тех сервис мунуиципалдык ишканасы, “Керимбек ата” таза суу муниципалдык ишканасы, мурунку Калба айыл өкмөтүндөгү “Калба”, “Бал бал” СООВПлары жана мурунку Бердике баатыр айыл өкмөтүндөгү “Беш Таш”, Арашан СООВПлары жоюлсун.
3. Кабыл алынган токтомду көзөмөлгө алып аткаруу жагы Беш-Таш айыл өкмөтүнүн башчысы Мурат Шамилге жүктөлсүн.
Төрага |
| Сатыбек уулу Максат |