Редакцияот 29.03.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ЛОГВИНЕНКО АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН

ТОКТОМУ

 

2023-жылдын 29-мартындагы № 77/XXIII-28

 

Логвиненко айыл аймагында көрктөндүрүүнү, тазалыкты жана тартипти сактоо эрежесин бекитүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 6-сентябрындагы №305 “Улуттук тазалык күнү жана 2023-2025-жылдар мезгилине тиричилик калдыктарын иштетүү боюнча натыйжалуу инфраструктура түзүү боюнча иш-аракеттер планы жөнүндө” Жарлыгынын 5-пунктун аткаруу жөнүндө, Кыргыз Республикасынын Министирлер Кабинетине караштуу мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттигинин 2022-жылдын 16-ноябырындагы №262 «Айыл аймактарынын жана шаарлардын аймагында көрктөндүрүү, жашылдандыруу, тазалыкты сактоо боюнча типтүү эрежелерди бекитүү жөнүндө» буйругун жетекчиликке алып, маселени карап жана талкуулап;

 

Логвиненко айылдык кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1. Логвиненко айыл аймагында көрктөндүрүү, жашылдандыруу, тазалыкты сактоо боюнча Эрежелери бекитилсин.

 

2. Ушул токтом каттоодон өткөрүлсүн жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтүлсүн.

 

3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айыл өкмөт башчысы А.А. Асанбековго жүктөлсүн.

 

 

Логвиненко айылдык

кеңешинин төрагасы

К. М. Жонгучкаев