БЕШ-ТАШ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2024-жылдын 24-майы № 13
Беш-Таш айыл аймагында көрктөндүрүү, жашылдандыруу, тазалыкты жана тартипти сактоо эрежелерин бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 6-сентябрындагы № 305 Жарлыгын жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттигинин 2022-жылдын 16-ноябрындагы № 262 сандуу буйругун жетекчиликке алып Беш-Таш айылдык кенеши;
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Беш-Таш айыл аймагында көрктөндүрүү, жашылдандыруу, тазалыкты жана тартипти сактоо боюнча иштелип чыккан типтүү эрежелер бекитилсин.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөл кылуу жагы Беш-Таш айыл өкмөтүнүн башчысы Мурат Шамилге жүктөлсүн.
Төрага |
| Сатыбек уулу Максат |
Беш-Таш айыл кеңешинин 2024-жылдын 24-майындагы №13 токтому менен бекитилди Беш-Таш айыл аймагында көрктөндүрүү, жашылдандыруу, тазалыкты сактоо боюнча типтүү эрсжелер 1. Жалпы жоболор 1. Айыл аймактын айылдарын көрктөндүрүү, жашылдандыруу, тазалыкты сактоо боюнча эрежелери (мындан ары - Эрежелер) Кыргыз Республикасынын “Укук бузуулар жөнүндө” кодексине, “Өндүрүш жана керектөө калдыктары жөнүндө”, “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана .жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарына, “Улуттук тазалык күнү жана 2023-2025- жылдар мезгилине тиричилик калдыктарын иштетүү боюнча натыйжалуу инфраструктура түзүү боюнча иш-аракеттер планы жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 6-сентябрындагы №305 Жарлыгына жана калктуу конуштарды тышкы көрктөндүрүү жана айлана- чөйрөнү коргоонун абалына талаптарды аныктаган Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларына ылайык, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү ез алдынча башкаруу агенттигинин 2022-жылдын 28- ноябрындагы №262 буйругунун негизинде иштелип чыккан. 2. Эрежелер тышкы көрктөндүрүү, жашылдандыруу жаатында бирдиктүү жана милдеттүү талаптарды белгилейт, менчигинин түрүнө карабастан бардык юридикалык жана жеке жактар үчүн айыл аймагын тазалоонун жана тейлөөнүн тартибин аныктайт. 3. Айыл өкмөтү эрежелерде белгиленген көктөндүрүү маселелери менен байланышкан жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүү үчүн жоопкерчиликтүү болушат. 4. Айыл өкмөтү өз ыйгарым укуктарынын чегинде көрктөндүрүү маселелерин аткаруу боюнча кызмат көрсөтүүлөрдү аныктайт. |
2. Катуу турмуш-тиричилик калдыктарды чогултуу жана чыгаруу иштерин уюштуруу 5. Айыл аймакка караштуу жерде жашаган же өзүнүн ишмердүүлүгүн жүргүзгөн физикалык же юридикалык тараптар (абоненттер) КТТК ташып чыгаруу кызматын көрсөтүүчү “Беш-Таш” муниципалдык ишканасы менен КТТК ташып чыгаруу боюнча келишимдерди түзүүгө ми | |
6. КТТКны айыл аймагында жайгашкан мекеме уюмдар жайгашкан жерлеринде, айыл тургундары өздөрү жашаган үйлөрүндө каптарга чогултат. Жолдун өтүүчү бөлүгүнө, тротуарларга, газондорго, ошондой эле ирригациялык каналдардан 10 метрден жакын аралыкка таштанды салынган каптарды коюуга тыюу салынат. 7. Беш-Таш айы өкмөтү “Беш-Таш” муниципалдык ишканасы менен түзүлгөн келишимдерге ылайык айыл тургундарынын үйлөрүнөн жана айыл аймагында жайгашкан мекеме уюмдардан таштандыларды, катуу турмуш- тиричилик калдыктарды чыгаруу боюнча иш аткарат. 8. “Беш-Таш” муниципалдык ишканасы менен түзүлгөн келишимге ылайык, айыл тургундарынан катуу турмуш-тиричилик калдыктарды ташып чыгаруу үчүн төлөмдөр алынбайт. 9. Беш-Таш айыл өкмөтү тарабынан көрсөтүлгөн талаптар аткарылбаса, Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жөнүндө кодексинин ченемдерине ылайык, көрктөндүрүү эрежелерин бузгандыгы үчүн жоопкерчилик тартат. 10. Көлөмдүү таштандыларды (калдыктарды) чыгаруу үчүн айыл тургундары “Беш-Таш” муниципалдык ишканасы менен жеке келишимдерди түзүү жолу менен аткарышат. И. Кыймылсыз объекттерди курууну жеке жана юридикалык жактар ишти баштоонун алдында курулуш калдыктарын чыгаруу боюнча келишимдерди түзүүгө, аларды өз алдынча (Жергетал айыл өкмөтү менен таштанды чыгаруу келишимине ылайык) алып чыгууга милдеттүү. 12. Газондорду түшкөн жалбырактардан тазалоо, бакдарактарды санитардык кыркуу, бак-дарактарды кыюу, тосмолорду бузуу, чөптөрдү чабуу жана башка иштердин натыйжасында пайда болгон таштандылар катуу турмуш-тиричилик калдыктарды чыгаруу Жергетал айыл аймагында жайгашкан мекеме уюмдардын жана жеке жактар тарабынан жүзөгө ашырылат. 13. Муниципалдык көчөлөрдү жана аянттарды муниципалдык заказ боюнча тазалоонун натыйжасында пайда болгон көчө таштандыларын чыгарууну катуу турмуш-тиричилик калдыктарды чыгаруу боюнча айыл аймагында жайгашкан мекеме уюмдар жана айыл тургундар ишке ашырат жана ташып чыгаруу жагы “Жергетал” муниципалдык ишканасына милдеттендирилет. 14. Коомдук жайларга таштанды челектерин орнотуу зарыл. 15. Айыл аймагындагы мекеме-уюмдарга, мектептерге кире бериште таштанды челектердин саны экиден кем эмес болууга тийиш. |
|
16. Таштанды челектер бекитилип берилген аймактарды тейлөөгө жооптуу жеке жана юридикалык жактар тарабынан ез каражаттарынын эсебинен орнотулат. 17. Таштандыларды уруксатсыз таштандыларды ылайыкталбаган жерлерге таштоого, орттоого күнөөлүү адамдар укук бузу у л ар жөнүндө колдонуудагы мыйзамдарга ылайык жоопкерчиликке тартылат. 18. Таштандыларды уруксатсыз таштаган адамдарды аныктоого мүмкүн болбогон учурда, таштандыларды жок кылуу жана уруксат берилбеген таштанды таштоочу жайларды рекультивациялоо айыл өкмөтү тарабынан жүргүзүлөт. | |
3. Санитардык тейлөө жана аймакты тазалоону уюштуруу 19. Жалпы пайдалануучу жайларды санитардык жактан тейлөө таштандыларды, калдыктарды үзгүлтуксүз тазалоону, газондорду чабуу, жашыл аянтчаларды кароону камтыйт. 20. Уюмдар, чарба жүргүзүүчү субъекттердин менчик ээлери, турак жайлардын жана турак эмес жайлардын менчик ээлери оз каражаттарынын эсебинен бөлүгөн, бекитилип берилген жана ага чектеш аймактарды күн сайын санитардык тазалоону өз алдынча жүргүзүүгө, милдеттүү. 21. Айыл өкмөтү көчөдөгү убактылуу coo да жайларын, Соода түйүндөрү, соода объектилерине жанаша жайгашкан аймактарды тазалоо үчүн жоопкерчиликти ушул соода объектилеринин ээлерине жүктөйт. 23. Суу канализациясын (дренаждык тармакты) бүтөп коюуга, ошондой эле калдыктарды жана тиричилик таштандыларын суу кудуктарына төгүүгө тыюу салынат. 4. Тартипти, тазалыкты жана көрктөндүрүүнү камсыз кылуу 22. Юридикалык жана жеке жактар айыл өкмөтүнүн бүткүл аймагында, анын ичинде коомдук жайларда тазалыкты жана тартипти сактоого, көрктөндүрүү элементтеринин (жолдор, тротуарлар, газондор, кичи архитектуралык формалар, сырткы жарыктандыруу, ирригациялык түйүн ж.б.) бузулушуна жана зыян тартышына жол бербөөгө ар кандай мүлк объектилерине кам көрүүгө милдеттүү. 23. Газондорго, балдар аянтчаларына, ирригациялык жана коллектордук-дренаждык тармактарга ар кандай багыттагы объекттерди жайгаштырууга, ошондой эле ирригациялык тармактардын жумушчу бөлүгүн тарытуучу түтүктөрдү төшөөгө тыюу салынат. | |
5. Жашылдандыруу |
|
24. Объектилерди жашылдандырууга төмөнкү иштер кирет: - бак-дарактарды отургузуу, - бак-дарактарды жана бадалдарды, гүлзарларды багуу боюнча иштер; - куурап калган жана кулай турган дарактарды кыюу жана башкалар; - айыл жерлерин жашылдандырууга тиешелүү жана башка дагы жумуштарды аткаруу. 25. Жашыл аймактарды талаптагыдай күтүү жана сактоо үчүн жоопкерчилик төмөнкүлөргө жүктөлөт: - Жалпы пайдалануудагы аймактарда Айыл аймагында айыл өкмөтүнүн сейил багы, билим берүү мекемелериндеги, бала бакчалардагы жана мекеме-уюмдардын тегерегиндеги жашыл аймактар тиешелүү мекеме- уюмдардын жана мектептердин ушул кызматтарды/иштерди аткаруучуга; 27 . Жашыл аянттардын бардык түрлөрү үчүн сугаруунун жыштыгы май айынан октябрды кошо алганда 7-10 күндө бир жолудан кем эмес болушу керек. 28. Жашылдандыруу объектилериндеги жашыл аянттарды сугаруу кечинде саат 18.00-19.00дон кийин жүргүзүлөт. 29. Өсүшү начар бак-дарактарды жана бадалдарды, таажысы бузулган (бир жактуу, жалпак ж.б.), жаракалары бар, ошондой эле зыянкечтерден жана илдеттерден жабыркаган бак-дарактарды отургузууга тыюу салынат. 30. Айыл аймактарынын чегинде жайгашкан бардык жашыл зоналар менчигинин түрүнө карабастан бирдиктүү жашыл фондду түзөт жана коргоого алынат. 31. -Менчигинин түрүнө карабастан, аймагында жашыл аянтчалары бар юридикалык жана жеке жактарга, ишканалардын, уюмдардын жана мекемелердин жетекчилерине милдеттендирилет жана ошондой эле жашыл аянтчаларды талаптагыдай кутуу жана сактоо жоопкерчилигин алгандар төмөндогүлөрдү камсыздашат: иштеп жаткан жашыл аянттардын бузулбай жана жок кылынбай толук сакталышына, ошондой эле өсүмдүктөр зыянкечтерден, илдеттерден жана отоо чөптөрдөн коргоону камсыз кылууга; жашыл зоналар өскөн аймактардын тиричилик жана өндүрүш калдыктары, курулуш калдыктары, канализация сыяктуу өсүмдүктөргө зыяндуу байжа заттар менен булганышына жол бербөө; ' |
- жайында жана кургакчылыкта газондорду, гулзарларды, бакдарактарды жана бадалдарды сугаруу; - газондорду тебелеп кетүүгө жана аларга курулуш материалдарын, кумдарды, калдыктарды, кар, муз сыныктарын жана башкаларды сактоого жол бербөөгө; 32. Жаңы бак-дарактарды жана бадалдарды отургузуу, жолдордун тармагын өзгөртүү менен кайра куруу жана техниканы жайгаштыруу иштери агротехникалык шарттарды так сактоо менен белгиленген тартипте макулдашылган долбоорлор боюнча гана жүргүзүлүүгө тийиш. 33. Жашылдандырылган аймактарда төмөнкүлөр тыюу салынат: - жашыл аянтчаларды кыюуга же жок кылууга уруксат берилген учурларын кошпогондо, жашыл аянтчаларды бузууга жана жок кылууга, - тиешелүү кызматтардын макулдугу жок бак-дарактарды, бадалдарды өз алдынча кыюуга жана отургузууга, огороддорду жана газондорду иретке келтирүүгө; - калдыктарды жана башка булганган заттарды газондорго төгүүгө; - жалбырактарды күйгүзүүгө, жапырт жалбырак түшүү мезгилинде аларды арыктарга шыпырып салууга, алар менен бак-дарактарды жана бадалдарды көмүп салууга (аларды көчө бойлой жайылып кетпеши үчүн чогултуу, таштанды жайларына алып баруу максатка ылайыктуу), - от жагууга жана орт коопсуздугунун эрежелерин бузууга, - бак-дарактарга мыктарды кагууга, бак-дарактарга зыян келтирүүчү илгичтерди, көрнөк-жарнактарды, кулактандырууларды, мамлекетгик номурларды, белгилерди, электр зымдарын, лампалардын электр гирляндаларын, тикенек зымдарды жана башка тосмолорду тосууга, - дарактардан шире, чайыр алууга, кабыгын кесип, оюктарды, жазууларды жасоого жана башка механикалык зыян келтирүүгө, - белгиленген эрежелер боюнча макулдашуусуз инженердик коммуникацияларды төшөө үчүн казуу иштерин жүргүзүүгө; .газондордо жана жашыл мейкиндиктери бар башка аянтгарда транспорт каражаттарын өткөрүү жана токтотууга; - гүлдөрдү үзүп, дарактардын жана бадалдардын бутактарын сындырууга; |
6. Тышкы жарыктандыруу 34. Муниципалдык менчиктеги тышкы жарыктандыруу тармактарын тейлөө айыл өкмөтү дайындалган кызмат көрсөтүүчү/подрядчы тарабынан жүргүзүлөт. 35. Жарык берүүчү тармактарды эксплуатациялоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 22-августундагы № 155 |
токтомун менен бекитилген электр энергиясын пайдалануу эрежелери менен жөнгө салынат. 36. Тышкы жарыктандырууну күйгүзүү жана өчүрүү айыл өкмөтү тарабынан иштелип чыккан жана бекитилген графиктер боюнча жүргүзүлөт. 37. Айыл өкмөтү коомдук жайларда, негизги трасса боюндагы иштебей турган көчө чырактарынын санына жол берилген ченемди белгилейт. 38. Жеке жана юридикалык жактар өздөрүнө берилген аймактарда орнотулган же сатып алынган тышкы жарыктандыруунун элементтерин жаб ду у га жана жакшы абалда кармап турууга милдеттүү. 39. Сырткы жарыктандыруунун жана майрамдык иллюминациянын жаңыдан киргизилген элементтерин жайгаштыруу айыл өкмөтү менен макулдашылат. |
7. Эрежелерди бузгандыгы үчүн юридика.лык жактардын, кызмат адамдарынын жана жарандардын жоопкерчилиги | |
40. Ушул Эрежелерди бузгандыгы үчүн Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарына жана башка ченемдик укуктук актыларына |
|
ылайык тартиптик, жарандык жоопкерчилик белгиленет. 42. Бул көрктөндүрүү эрежелерин бузууга күнөөлүү юридикалык жана жеке жактар Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жөнүндө кодексинин 114-беренесинин 1-пунктуна ылайык жоопкерчиликке тартылышат. 43. Таштандыларды белгиленбеген жерлерде чыгарган, өрттөгөн юридикалык жана жеке жактар Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жөнүндө кодексинин 115-беренесине ылайык жоопкерчилик тартат. 44. Укук бузуулар жөнүндө иштерди кароого ыйгарым укуктуу айыл Республикасынын укук бузуулар жөнүндө кодексине ылайык жаза чараларынын көрөт. | |
Башчы |
| Мурат Шамиль |