ЛОГВИНЕНКО АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
2023-жылдын 29-мартындагы № 78/XXIII-28
Чоң-Далы айылындагы ФАПтын алдындагы жер тилкесин баланска алуу жөнүндө
Кыргыз Республмкасынын “Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө” Мыйзамынын 3-беренесинин 2-п.ылайык, Логвиненко айыл өкмөтүнүн башчысынын ФАПтын алдындагы жер тилкесин баланска алуу зарылчылыгы жөнүндө маалыматын угуп жана талкуулап,
Логвиненко айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Чон-Далы айылында Куренкеева көчөсүндө жайгашкан ФАПтын алдындагы жалпы аянты 300,00 ч.м. жер тилкеси муниципалдык менчикке алынып, Логвиненко айыл өкмөтүнүн балансына коюлушуна макулдук берилсин.
2. Логвиненко айыл өкмөтүнүн башчысы А.А. Асанбековга:
- Чон-Далы Куренкеев көчөсүндө жайгашкан жалпы аянты 300,00 ч.м. жер тилкесин Логвиненко айыл өкмөтүнүн балансына кабыл алсын жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу жер ресурстары боюнча мамлекеттик агенттигинин алдындагы “Кадастр” мамлекеттик мекемесинин Ысык-Ата филиалынан бекитилген мыйзам чегинде каттоо жүргузүлсүн.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Логвиненко айыл өкмөтүнүн башчысы А.А Асанбековга жүктөлсүн.
Логвиненко айылдык кеңешинин төрагасы | К. М. Жонгучкаев |