ЛОГВИНЕНКО АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
2023-жылдын 27-апрелиндеги № 82/ХXIV-28
Жергиликтүү бюджеттен биргелешип каржылоого каражаттарды бөлүү жөнүндө
«Тейлөө көрсөтүүнү жакшыртуу» долбоорун ЖӨБ Союзу аркылуу ишке ашыруу максатында, Новопокровка №5 китепкананын филиалынын алдындагы «Балдарды өнүктүрүү борбору» долбоорун өнүктүрү үчүн, жергиликтүү бюджеттен биргелешип каржылоого каражаттарды бөлүү жөнүндө, Асанбеков А.А. айыль ѳкмѳт башчысынын маалыматын карап чыгып, талкуулап, пикир алмашты
Логвиненко айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Новопокровка № 5 китепкананын филиалынын алдындагы «Балдарды өнүктүрүү борбору» долбоорун биргелешип каржылоого 50000 сом өлчөмүндө каражат эмерек сатып алууга бөлүнсүн.
2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө ФЭБнүн башчысы З.Б. Акаевага жүктөлсүн.
Логвиненко айылдык кеңешинин төрагасы | К. М. Жонгучкаев |