Загрузка документа…
Кызыл-Суу айыл аймагынын жергиликтүү кеңеши
I чакырылышынын 10-сессиясы
ТОКТОМУ
“01” 09 2025-жыл №112
Аймакта массалык иш-чараларды өткөрүүгө жайлардын иш
убактысын жөнгө салуу жөнүндө.
Кыргыз Республикасынын Президентинин Кыргыз Республикасынын “Тынчтык жөнүндө” Мыйзамынын талаптарын аткаруу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Президенти С.Н. Жапаровдун 2025-жылдын 14-августундагы №27-19633 тапшырмасын карап чыгып, талкуулап аймактагы массалык салтанаттуу иш-чаралары өткөрүүчү жайлардын ишмердүүлүгүнүн узактыгын чектөөгө жана регламенттөөгө багытталган кошумча уюштуруучулук-укуктук чараларды кабыл алуу максатында,жергиликтүү кеңештин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Кызыл-Суу айыл аймагында массалык салтанаттуу иш-чараларды өткөрүүчү жайлардын, баардык той-чаралардын, кафелердин жана спорт аянтчаларынын иш убактысы 22:00 го чейин аяктоо белгиленсин.
2.Укук бузуулардын алдын алуу максатында, массалык салтанаттуу иш-чараларды өткөрүүчү жайлардын ишмердүүлүгүнүн узактыгын чектөөгө жана регламенттөөгө багытталган кошумча уюштуруучулук-укуктук чараларды кабыл алууну укук коргоо органдары менен биргеликте жүргүзүү айыл өкмөтүнүн башчысы Нурбек уулу Алишерге тапшырылсын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн башчысы Нурбек уулу Алишерге тапшырылсын.
Төрайым Г.Чыныбаева