Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
2026-жылдын 5-февралы № 147-VIII
Ыш менен байланышкан экологиялык абал жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши т о к т о м к ы л а т:
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине ышты азайтуу боюнча төмөнкүдөй иш-чараларды аткарсын:
– көмүр кендерин казып алууга жана иштетүүгө лицензияларды берүүдө белгиленген талаптарга ылайык келбеген карьерлерди иштетүүгө лицензияларды берүүгө тыюу салынсын жана лицензияланган жер казынасын пайдалануучулардын ишине катуу контролду камсыз кылсын;
– ички рынокту ата мекендик көмүр менен камсыз кылууда көмүр казуучу ишканалар үчүн сапатсыз майда көмүрдү берүүгө тыюу салсын, ал эми белгиленген талаптар сакталбаган учурда көмүр казуучу ишканалардын жетекчилеринин жоопкерчилигин карасын;
– сапатсыз көмүрдү жана тиричилик калдыктарын пайдаланууда ыштын зыяны тууралуу калк арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзсүн;
– ышты аз чыгарган энергиялык натыйжалуу жылытуучу заманбап мештерин ишке киргизүүгө дем берүү боюнча чараларды көрсүн, ошондой эле ата мекендик жылытуу мештерин өндүрүүчү ишкердик субьекттерине мамлекеттик колдоо көрсөтүүнү камсыз кылсын;
– күн фотоэлектр панелдерин, жылуулук насосторун жана ышты аз чыгарган энергиялык натыйжалуу жылытуучу мештерди пайдаланган жылытууга өтүү үчүн калкка жеңилдетилген кредиттерди берүү боюнча банктар менен иш жүргүзүүнү күчөтсүн;
– электр жана газ кыймылдаткычтарын пайдалануу менен экологиялык жактан таза коомдук транспортко өтүү боюнча чараларды күчөтсүн;
– республиканын аймагында ыштын терс таасирине кабылган жарандардын ден соолугун коргоо максатында оорулардын алдын алуу боюнча комплекстүү профилактикалык иш-чараларды жүргүзсүн;
– республикага импорттолуучу отундун стандарттарынын сакталышын контролдоону камсыз кылсын жана автоунааларга май куюучу станцияларда күйүүчү майлардын сапатына текшерүү жүргүзсүн;
– “Газпром Кыргызстан” ЖЧКсы менен биргеликте республиканын бардык региондорун газдаштыруу боюнча иштерди тездетсин;
– кыш мезгилде өз үйлөрүн жаратылыш газы менен жылытуучу жарандарга жеңилдиктерди берүү максатында “Газпром Кыргызстан” ЖЧКсы менен биргеликте кыш мезгилинде керектелген жаратылыш газы үчүн чегерүүлөрдүн 50 пайызын жайкы мезгилде төлөө механизмин иштеп чыксын;
– парктардын жана калктуу конуштардагы жол жээктеринин сугат тутумун тазалоо иштерин жүргүзсүн, ошондой эле сугат тутуму жок жерлерде тамчылатып сугарууну киргизүү боюнча иштерди жүргүзсүн;
– калктуу конуштарда таштанды полигондорун тартипке келтирүү боюнча жана калдыктарды кайра иштетүү ишканаларын куруу боюнча иштерди жүргүзсүн;
– Чүй облусунун калктуу конуштарынан калдыктарды экологиялык жактан коопсуз усулдарды пайдалануу менен утилдештирүү үчүн катуу тиричилик калдыктарын кайра иштетүү боюнча Бишкек заводуна ташуу маселесин карасын;
– жылуулук электр станцияларында тазалоочу фильтрлерди жаңыртсын жана алардын абалы боюнча туруктуу мониторинг жүргүзсүн;
– кыш мезгилинде курулуш материалдарын, тигүү буюмдарын, эмерек өндүрүүчү жана алюминийди кайра иштетүү менен алектенүүчү ишканалардын экологиялык абалына текшерүү жүргүзсүн жана бул ишканаларда тазалоочу фильтрлерди орнотуу боюнча иш-чараларды жүзөгө ашырсын;
– республиканын бардык региодорунда абанын сапатын туруктуу контролдоо максатында абанын сапатын өлчөөчү заманбап сенсорлорду орнотуу жана алардын негизинде үзгүлтүксүз мониторинг жүргүзүүнү камсыз кылуу боюнча иштерди күчөтсүн;
– таштанды полигондорунда калдыктарды өрттөөгө тыюу салуу жөнүндө, ошондой эле сорттоону, кайра иштетүүнү жана экологиялык коопсуз усулдарды колдонуу менен калдыктарды утилдештирүү механизмдерин өнүктүрүү жөнүндө мыйзам долбоорун иштеп чыксын.
2. “Ыш менен байланышкан экологиялык абал жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2023-жылдын 3-майындагы № 1147-VII токтому күчүн жоготту деп таанылсын.
3. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Агрардык саясат, суу ресурстары, жер казынасын пайдалануу, экология жана айлана-чөйрөнү коргоо боюнча комитетине жүктөлсүн.
4. Ушул токтом кабыл алынган күндөн тартып күчүнө кирет.
Төраганын орун басары |
| Ж.Таалайбек кызы |