Редакцияот 16.06.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ЛОГВИНЕНКО АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН

ТОКТОМУ

 

2023-жылдын 16-июну № 89/ХХV-28

2024-2026-жылдарга бюджеттин орто мөөнөттүү болжолун бекитүү жөнүндө

«2024-2026-жылдарга бюджеттин болжолун бекитүү жөнүндө, ФЭОнун башчысы Акаева З. Б. маалыматтын угуп, Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин 102-беренесине ылайык, 2024-2026-жылдарга жергиликтүү бюджеттин сунушталган долбоорун карап, талкуулап, пикир алмашты.

 

Логвиненко айылдык кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1. 2024-жылга бюджеттин кирешелеринин жана чыгашаларынын болжолу 35283,4 миң сом, 2025-жылга 39207,7 миң сом, 2026-жылга 42944,2 өлчөмүндө бекитилсин.

 

2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө бюджеттик туруктуу комиссиясына жана ФЭОнун башчысы З. Б. Акаевага жүктөлсүн.

 

 

Логвиненко айылдык

кеңешинин төрагасы

 

К. М. Жонгучкаев