Редакцияот 16.06.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ЛОГВИНЕНКО АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН

ТОКТОМУ

 

2023-жылдын 16-июну № 91/ХХV-28

Эркин калдыктын эсебинен ачылган чыгымдардын сметасы жөнүндө

"Жылдын башында 18983,8 миң сом суммасында болгон бюджеттик эсеп калдык боюнча 01.01.2023-жылга карата эркин калдыктан чыгымдардын сметасын ачуу боюнча ФЭБнүн башчысы З. Б. Акаеванын маалыматын карап чыгып, талкуулап жана пикир алмашып.

 

Логвиненко айылдык кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1. Негизги эсеп боюнча бош калдыкты бекитүү:

·         «Мамлекеттик жана муниципалдык кызматынын кызматкерлеринин күнү» кесиптик майрамына карата айыл өкмөтүнүн кызматкерлерине стимул берүү максатында 70111 «Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөр» бөлүмү боюнча бир айлык эмгек акысынын өлчөмүндө 554,7 миң сом өлчөмүндө үстөк акылар берилсин, анын ичинде 2111 «Эмгек акы» беренеси боюнча – 473,1 миң сом өлчөмүндө жана 2121 «Социалдык фондго төгүмдөр» - 81,6 миң сом.

·         70111 “Аткаруучу жана мыйзам чыгаруучу органдар” бөлүмү 3112 беренеси боюнча - 115,0 миң сом айыл өкмөтүнө кондиционер сатып алууга.

·         70911 “Мектепке чейин билим берүү” бөлүмү 3112 беренеси боюнча - 150,0 миң сомго муздаткыч сатып алууга, 2221 беренеси боюнча -20,0 миң сомго складдын эшигин алмаштырууга.

 

2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө бюджеттик туруктуу комиссиясына жана ФЭОнун башчысы З. Б. Акаевага жүктөлсүн.

 

 

Логвиненко айылдык

кеңешинин төрагасы

 

К. М. Жонгучкаев