Загрузка документа…
БЕШ-ТАШ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2024-жылдын 2-июлу № 25
Беш-Таш айыл аймагынын административдик чегиндеги Кара-Дөбө-1 участогундагы жер аянттарын муниципалдык менчике кабыл алуу жөнүндө.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 23-сентябрындагы №571 токтомун негиз кылып, Депутаттардын Беш-Таш айылдык кеңеши;
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Талас районунун Беш-Таш айыл аймагынын административдик чегиндеги (мурдагы аталышы) “Госспецхоз” Кара-Дөбө-1 участогунун № 57, 56, 55 чөйрө сызыгындагы жалпы аянты 2,20 га жер аянты айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигине (мөөнөтү көргөзүлбөгөн) пайдаланууга бекитилип берилсин.
2. ”Кадастр” Талас райондук мекемеси тарабынан укук күбөлөндүрүү иш кагаздарын берүү жана Талас райондук, шаар курулуш жана архитектура башкармалыгы тарабынан керектелүүчү иш кагаздарын даярдоо жагы суралсын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөл кылуу жагы Беш-Таш айыл өкмөтүнүн башчысы Мурат Шамилге жүктөлсүн.
Төрага |
| Сатыбек уулу Максат |