Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2026-жылдын 19-февралы № 121
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин нотариалдык иш чөйрөсүндөгү айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
«Нотариат жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 43-беренесинин 3-бөлүгүн ишке ашыруу максатында, «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 29-декабрындагы № 733 «Нотариалдык иш маселелери жөнүндө» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын нотариустары тарабынан нотариалдык иш-аракеттерди жасоо тартиби жөнүндө нускамада:
– 8-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«8. Мамлекеттик алым ар бир нотариалдык иш-аракет үчүн нотариаттын бирдиктүү маалымат системасында интеграцияланган төлөм платформасы аркылуу нотариалдык иш-аракет жасалган жана юридикалык мааниге ээ документтер берилген күнү төлөнөт.»;
– 11-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«11. Мамлекеттик алымды төлөө статусу нотариаттын бирдиктүү маалымат системасында (мындан ары – НБМС) белгиленет жана сакталат. Нотариалдык иш-аракеттерди каттоо реестрине же нотариалдык актыларга квитанцияларды тиркөө талап кылынбайт.»;
– 15-пунктта «нотариаттын бирдиктүү маалымат системасы (мындан ары – НБМС)» деген сөздөр «НБМС» деген аббревиатурага алмаштырылсын;
– 58-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«58. Күбөлөндүрүүчү жазуунун тексти НБМСти колдонуу менен гана түзүлүүгө тийиш.»;
– 108-пункттун 1, 4, 7-пунктчалары күчүн жоготту деп таанылсын;
– 109-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«109. Нике келишимин, карын энелик келишимди, баланы асыроочу үй-бүлөгө өткөрүп берүү жөнүндө келишимди, өмүр бою багуу келишимин же туруктуу рента жөнүндө келишимди, алименттик макулдашууну, ата-энелик укуктарын жүзөгө ашыруу жөнүндө макулдашууну бүтүмдүн тараптары жеке өздөрү түзөт. Аталган бүтүмдөрдү өкүлдөр аркылуу жасоого жол берилбейт.»;
– 110-пункт күчүн жоготту деп таанылсын;
– төмөнкүдөй мазмундагы 1991-пункт менен толукталсын:
«1991. Күрөө кармоочунун же анын өкүлүнүн каттоо органында катталган күрөөнү токтотуу жөнүндө билдирүүсүнүн негизинде нотариус мүлктү ээликтен ажыратууга тыюу салууну алып салуу үчүн каттоочу органга берилүүгө тийиш болгон күрөөнү токтотуу жөнүндө арызды кароого кабыл алат.»;
– 367-пунктта:
– тогузунчу, онунчу абзацтарда «Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары» деген сөздөр «белгилүү мөөнөткө Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары» деген сөздөргө алмаштырылсын;
– 368-пункттун бешинчи абзацында «конкреттүү мүлктү» деген сөздөр «мүлктүн түрүн» деген сөздөргө алмаштырылсын;
– 34-главанын аталышы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«34-глава. Кыймылсыз мүлктү ээликтен ажыратууга байланышпаган нотариалдык иш-аракеттерди аралыктан күбөлөндүрүү»;
– 371, 372-пункттарда «мүлктү ээликтен ажыратуу» деген сөздөр «кыймылсыз мүлктү ээликтен ажыратуу» деген сөздөргө алмаштырылсын;
– 512-пунктта «, нотариалдык жактан күбөлөндүрүлгөн» деген сөздөр алып салынсын;
– төмөнкүдөй мазмундагы 5161–5166-пункттар менен толукталсын:
«5161. Нотариалдык күбөлөндүрүлгөн бүтүмгө негизделген талап боюнча нотариалдык буйрукту чыгаруу үчүн арыз ээси төмөнкү документтерди берет:
– нотариалдык буйрукту чыгаруу жөнүндө арызды;
– карап көрүү үчүн нотариалдык күбөлөндүрүлгөн бүтүмдүн түп нускасын, анын көчүрмөсү буйрук ишинде калат;
– мамлекеттик алымды төлөгөндүгү тууралуу квитанцияны;
– карызкордун дарегине арыз жөнөтүлгөндүгү тууралуу далилдерди;
– арыз ээсинин жана карызкордун паспортторунун көчүрмөлөрүн.
5162. Жөнөкөй жазуу жүзүндө жасалган бүтүмгө негизделген талап боюнча нотариалдык буйрукту чыгаруу үчүн арыз ээси төмөнкү документтерди берет:
– нотариалдык буйрукту чыгаруу жөнүндө арызды;
– юридикалык жактын уюштуруу документтерин;
– ишеним катты;
– мамлекеттик алымды төлөгөндүгү тууралуу квитанцияны;
– карызкордун дарегине арыз жөнөтүлгөндүгү тууралуу далилдерди;
– карап көрүү үчүн келишимдин түп нускасын, анын көчүрмөсү буйрук ишинде калат;
– арыз ээсинин жана карызкордун паспортторунун көчүрмөлөрүн;
– зайым келишимин же кредиттик келишимди (банктар жана кредиттик мекемелер үчүн) же жарандык мыйзамдарга ылайык түзүлгөн келишимдерди;
– карызы жөнүндө маалымкатты.
5163. Векселдин төлөнбөгөндүгүнө, акцепт болбогондугуна жана акцептке датасы коюлбагандыгына нотариус тарабынан жасалган протестке негизделген талап боюнча нотариалдык буйрукту чыгаруу үчүн арыз ээси төмөнкү документтерди берет:
– нотариалдык буйрукту чыгаруу жөнүндө арызды;
– «Нотариат жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын талаптарына ылайык нотариус тарабынан түзүлгөн протест актысын;
– протест жасалган векселди;
– мамлекеттик алымды төлөгөндүгү тууралуу квитанцияны;
– карызкордун дарегине арыз жөнөтүлгөндүгү тууралуу далилдерди;
– арыз ээсинин жана карызкордун паспортторунун көчүрмөлөрүн.
5164. Жашы жете элек балдарга аталыкты аныктоо, аталыкты (энеликти) талашуу же үчүнчү жактарды тартуу зарылдыгы менен байланышпаган, алимент өндүрүү жөнүндө талаптар боюнча нотариалдык буйрукту чыгаруу үчүн арыз ээси төмөнкү документтерди берет:
– нотариалдык буйрукту чыгаруу жөнүндө арызды;
– карызкордун дарегине арыз жөнөтүлгөндүгү тууралуу далилдерди;
– арыз ээсинин жана карызкордун паспортторунун көчүрмөлөрүн;
– балдардын туулгандыгы тууралуу күбөлүктөрдү;
– арыз ээсинин жана карызкордун жашаган жеринен маалымкаттарды;
– эгерде карызкор иштесе, анын иштеген жеринен маалымкатты.
5165. Салыктарды, камсыздандыруу төгүмдөрүн кошпогондо, милдеттүү төлөмдөр боюнча бышмананы эсепке албастан карызды өндүрүү жөнүндө талап боюнча нотариалдык буйрукту чыгаруу үчүн арыз ээси төмөнкү документтерди берет:
– нотариалдык буйрукту чыгаруу жөнүндө арызды;
– юридикалык жактын уюштуруу документтерин;
– ишеним катты;
– келишимди (эгерде милдеттенмелер андан келип чыкса);
– карызды эсептөөнү;
– мамлекеттик алымды төлөгөндүгү тууралуу квитанцияны;
– квитанцияларды, салыштыруу актыларын, эсептерди;
– карызкордун дарегине арыз жөнөтүлгөндүгү тууралуу далилдерди;
– арыз ээсинин жана карызкордун паспортторунун көчүрмөсүн.
5166. Кызматкерге эсептелген, бирок төлөнбөгөн эмгек акыны өндүрүү жөнүндө талап боюнча нотариалдык буйрукту чыгаруу үчүн арыз ээси төмөнкү документтерди берет:
– нотариалдык буйрукту чыгаруу жөнүндө арызды;
– эмгек келишиминин көчүрмөсүн же жумушка кабыл алуу жөнүндө буйрукту;
– уюмдун ыйгарым укуктуу адамы кол койгон жана мөөр менен күбөлөндүрүлгөн, белгилүү мезгил үчүн эмгек акы боюнча карыз жөнүндө маалымкатты;
– башка ырастоочу документтерди (жумуш убактысын эсепке алуу табелин, эсептөө баракчасын ж.б.);
– арыз ээсинин паспортунун көчүрмөсүн.»;
– 525-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«525. Нотариалдык буйруктун көчүрмөсү чыгарылган күндөн кийинки күндөн кечиктирилбестен карызкорго почта кызматтары аркылуу милдеттүү түрдө кайра кабарлоо менен жөнөтүлөт. Нотариус PDF форматында таризделген буйруктун көчүрмөсүн электрондук почта (e-mail), мессенджерлер (WhatsApp, Viber, Telegram) аркылуу же жеке билдирүүлөргө жөнөтүүгө укуктуу.»;
2) жогоруда аталган токтом менен бекитилген Нотариалдык иш-аракеттерди аралыктан жасоонун тартибинде:
– 1-пунктта «мүлктү ээликтен ажыратууга» деген сөздөр «кыймылсыз мүлктү ээликтен ажыратууга» деген сөздөргө алмаштырылсын;
– 2-пункттун 7, 8-пунктчаларында «мүлктү» деген сөз «кыймылсыз мүлктү» деген сөздөргө алмаштырылсын;
– 4-пунктта «мүлктү» деген сөз «кыймылсыз мүлктү» деген сөздөргө алмаштырылсын;
3) жогоруда аталган токтом менен бекитилген Жеке нотариалдык кеңсенин жана нотариалдык бюронун жайына карата талаптар, аларды каттоо тартибинде:
– 21-пунктта «айдын» деген сөз «жылдын» деген сөзгө алмаштырылсын;
– 32-пункт төмөнкүдөй мазмундагы 4-пунктча менен толукталсын:
«4) бюро жоюлганда.»;
– 33-пунктта «1, 2-пунктчаларында» деген сөздөр «1, 2, 4-пунктчаларында» деген сөздөргө алмаштырылсын.
2. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 14-декабрындагы № 678 «Иштин айрым түрлөрүн лицензиялоо маселелери жөнүндө» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Иштин айрым түрлөрүн лицензиялоо жөнүндө жободо:
– 290-пункттун 4-пунктчасында «бир жылдан» деген сөздөр «үч жылдан» деген сөздөргө алмаштырылсын;
3. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
|
А.А. Касымалиев |