Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
2026-жылдын 18-февралы № 178-VIII
Б.Ы. Сатылгановду Кыргыз Республикасынын Сот адилеттиги иштери боюнча кеңешинин курамына бекитүү тууралуу
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 80-беренесинин 3-бөлүгүнүн 4-пунктуна, “Кыргыз Республикасынын Сот адилеттиги иштери боюнча кеңеши жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 6 жана 8-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши т о к т о м к ы л а т:
1. Сатылганов Бакытбек Ыдырысович Кыргыз Республикасынын Сот адилеттиги иштери боюнча кеңешинин ыйгарым укуктарынын калган мөөнөтүнө Кыргыз Республикасынын Сот адилеттиги иштери боюнча кеңешинин курамына бекитилсин.
2. “Кыргыз Республикасынын Сот адилеттиги иштери боюнча кеңешинин курамын бекитүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2025-жылдын 18-июнундагы № 3187-VII токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
1-пунктта “Барыктабасова Эльмира Бектургановна” деген сөздөр “Сатылганов Бакытбек Ыдырысович” деген сөздөргө алмаштырылсын.
3. Ушул токтом кабыл алынган күндөн тартып күчүнө кирет.
Төрага |
| М.А. Маматалиев |