Загрузка документа…
ПЕТРОВКА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
2023-жылдын 30-майындагы № 105-2
Петровка айыл аймагындагы жер амнистиясынын алкагында Петровка айыл өкмөтүнүн айылдарындагы жер амнистияга дуушар болгон жер тилкелеринин аянттарынын чектүү жол берилген ченемдерин белгилөө жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 31-майындагы № 291 токтому негизинде Петровка айыл өкмөтүнүн айыл тургундарынын көп сандаган кайрылууларына байланыштуу Петровка айыл өкмөтүнүн өздүк үлүштөрү боюнча башкы адиси.Замятина Н.Б-ны маалыматын угуп жана талкуулап
Петровка айылдык кенеши:
ТОКТОМ ЧЫГАРАТ:
1. Петровка айыл аймагынын жеке менчикке берүү үчүн "Жерге мунапыс" берилүүчү жер тилкелеринин өлчөмдөрүнүн максималдуу жол берилген ченемдери белгиленсин:
• Петровка айылы – 0,3 га чейин (3000 чарчы метр).
• Кызыл-Туу айылы – 0,3 га чейин (3000 кв. метр).
2. Мунапыска туш болгон жеке жер тилкелерин ушул токтомду Петровка айыл өкмөтүнө каттоого жетекчиликке алынсын.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Петровка айыл өкмөтүнүн башчысы Ж.А. Байсулдаевге жүктөлсүн.
Төрага | У. Абдылдаев |