ТоктомКүчүндө

Беш-Таш айыл аймагынын айылдык кеңешинин 2024-жылдын 2-августундагы № 43 «Ата-энелерден бир жолу төлөнүүчү акчалай салымды бекитүү жөнүндө» токтому

Редакцияот 02.08.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

БЕШ-ТАШ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

 

ТОКТОМ

 

Беш-Таш айыл аймагынын айылдык кеңешинин 8 чакырылышынын

кезексиз сессиясы

 

2024-жылдын 2-августу № 43

 

Ата-энелерден бир жолу төлөнүүчү акчалай

салымды бекитүү жөнүндө

 

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 11-апрелиндеги № 201 “Коомдук саламаттыкты сактоо жаатындагы актыларды бекитүү жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 21-декабрындагы № 689 токтомунун 6-пуктун жана айыл аймагындагы “Шаарбүбү”, “Айгөлөк”, “Байчечекей” жана “Наристе” балдар бакчаларында да тарбияланып жаткан балдардын ата-энелери менен болгон чогулуштун пртоколун негиз кылып, Беш-Таш айылдык кенеши;

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1. Беш-Таш айыл аймагындагы караштуу “Шаарбүбү”, “Айгөлөк”, “Байчечекей” жана “Наристе” балдар бакчасында жаңы кирген балдардын бир жолку акчалай салымы 3000 (үч мин) сом деп бекитилсин.

 

2. Ата-энелерден чогулган акчалай салымдарга балдар бакчасында тарбиялануучу балдар үчүн керектүү жабдыктар алынып берилсин.

 

3. Кабыл алынган токтомду көзөмөлгө алып аткару жагы Беш-Таш айыл өкмөтүнүн башчысы Мурат Шамилге милдеттендирилсин.

 

 

Төрага

 

Сатыбек уулу Максат