Загрузка документа…
БЕШ-ТАШ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Беш-Таш айылдык кеңештин биринчи сессиясы
2024-жылдын 27-ноябры № 1
Беш-Таш айылдык кеңешиштин төрагасын шайлоонун жыйынтыгы жөнүндө
Беш-Таш айылдык кеңеши Эсептөө комиссиясынын №3-протоколун жана Эсептөө комиссиясынын төрагасынын маалыматын угуп, Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 20-октябрындагы №123 “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы жөнүндө” мыйзамын, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин алдындагы Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мемлекеттик агенттигинин 2022-жылдын 14-мартындагы №56 буйругу менен бекитилген типтүү регламентин жектекчиликке алуу менен;
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Эсептөө комиссиясынын Беш-Таш айылдык кеңешинтин төрагасын шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыгы жөнүндө 2024-жылдын №3 протоколу бекитилсин.
2. Сатыбек уулу Максат Беш-Таш айылдык кеңештин төрагасы болуп шайлангандыгы таанылсын.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнүн өзүмө калтырамын.
Төрага |
| Сатыбек уулу Максат |
Беш-Таш айылыдык кеңештин төрагасынын орун басарын шайлоо боюнча
Эсептөө комиссиясынын №3-протоколу
27.11.2024-жыл Кызыл-Туу айылы
Катышты:
Эсептөө комиссиясынын төрагасы: Сабатарова Махабат
Эсептөө комиссиясынын катчысы: Тойчубекова Гулмира
Эсептөө комиссиясынын мүчөсү: Абдраманов Тынчтыкбек
Күн тартиби:
1. Беш-таш айылдык кенештин төрагасын шайлоонун жыйынтыгы жөнүндө.
Беш-Таш айылдык кеңеши
Эсептөө комиссиясынын төрагасы Сабатарова махабат күн тартиби, Беш-Таш айылдык кенештин төрагасын шайлоо добуш берүүнүн тартиби, бекитилген шайлоо бюлетенинин формасы менен тааныштырды Беш-Таш айылдык кеңештин төрагасынын кызматына төмөндөгү талапкерлер сунушталган
1. Азизбек уулу Улукмырза
2. Сатыбек уулу Масат
Беш-Таш айылдык кеңештин төрагасын шайлоонун жыйынтыгы боюнча эсептөо комиссиясы аныктады:
1. Беш-Таш айылдык кеңештин депутаттарынын жалпы саны 21(жыйырма бир)
2. Даярдалган шайлоо бюлетендердин саны 21(жыйырма бир)
3. Добуш берүү гө катышкан депутаттардын саны 21(жыйырма бир)
4. Депутаттарга берилген шайлоо бюлеттендердин саны 21(жыйырма бир)
5. Пайдаланылбаган шайлоо бюлетендердин саны –
6. Добуш берүү үчүн урнадан чыгарылган шайлоо бюлетендердин саны 21(жыйырма бир)
7. Жарактуу шайлоо бюлетендердин саны 21(жыйырма бир)
8. Жараксыз шайлоо бюлеттендердин саны 0 (ноль)
Талапкерлдердин пайдасына берилген добуштардын саны
1. Азизбек уулу Улукмырза 10(он) добуш.
2. Сатыбек уулу Максат 11 (он бир) добуш.
Беш-Таш айылдык кеңештин төрагасынын кызматына ар бир талапкер боюнча шайлоонун жыйынтыгы аныкталды, ушуга ылайык эсептөө комиссиясы
Чечти:
1. Добуш берүүнүн жыйынтыгы боюнча
Сатыбек уулу Максат депутаттардын көпчүлүк добушун алгандыктан Беш-Таш айылдык кеңештин төрагасы болуп шайлангандыгы таанылсын.
2. Бул протокол Беш-Таш айылдык кеңештин сессиясына бекитүу үчүн жиберилсин.
Эсептөо комиссиясынын төрагасы Сабатарова Махабат
Эсептөо комиссиясынын катчысы Тойчубекова Гулмира