Загрузка документа…
БЕШ-ТАШ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2024-жылдын 27-ноябры № 3
Айылдык Кеңештин тармактык туруктуу комиссияларынын
курамын шайлоо жөнүндө
Беш-Таш айылдык кеңешинин туруктуу комиссияларынын курамын түзүү жөнүндө төраганын сунушун угуп жана талкуулап чыгып, депутаттардын сунушун эске алуу менен кезектеги сессия;
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Айылдык Кенештин 5 тармактык туруктуу комиссия түзүлсүн. Алар:
Жобо, депутаттык этика жана мандат боюнча туруктуу комиссиясынын курамына төмөндөгүлөр киргизилсин:
Мураталиева Минара Бактурсуновна -төрайымы;
Суйналиева Нурзида Койчумановна -мүчөсү;
Касмалиева Элмира Мелиспековна -мүчөсү;
2. Бюджет, экономика, муниципалдык менчик, айыл чарбасы, инвестиция, ишкердик иш жана тышкы экономикалык байланыш боюнча комиссиясынын курамына төмөндөгүлөр киргизилсин:
Байтиков Марат Каныбекович -төрагасы;
Азизбек уулу Уулукмырза-мүчөсү;
Камбаров Мундус Турусбекович-мүчөсү;
Дуулат уулу Адилет -мүчөсү;
Тойчубекова Гулмира Маликовна -мүчөсү;
3. Жер, архитектура, курулуш, боюнча комиссиясынын курамына төмөндөгүлөр киргизилсин:
Абдраманов Тынчтыкбек Кеңешбекович -төрагасы;
Чучуев Мукаш Турарбекович - мүчөсү;
Борукулов Беренбек Жоробекович - мүчөсү;
Батыркулов Турсункул Жакшыгулович- мүчөсү;
Касмалиева Элмира Мелиспековна - мүчөсү;
Абдраманов Тынчтыкбек Кеңешбекович- мүчөсү;
Нарынбава Алтын Кубатбековна - мүчөсү;
4. Социалдык маселелер боюнча комиссиясынын курамына төмөндөгүлөр киргизилсин:
Сабатарова Махабат Джумабековна - төрайымы;
Аязбекова Кенжекан Дуйшөнбековна - мүчөсү;
Албанова Майрамкул Курманбековна – мүчөсү;
Бөкушова Бурмагул Меймановна – мүчөсү;
Айдарбекова Наргиза Турусбековна - мүчөсү;
5. Жаштар, спорт, маданият маселелер боюнча комиссиясынын курамына төмөндөгүлөр киргизилсин:
Мураталиева Минара Бактурсуновна - төрайымы;
Абазбеков Руслан Сыргакович- мүчөсү;
Касмалиева Элмира Мелиспековна – мүчөсү;
6. Бекитилген тармактык туруктуу комиссиялардын төрагалары тармактык туруктуу комиссияларыны жылдык иш-пландарын түзүү менен аткарууга алышсын.
7. Айыл тургундарынын арыздарын убагында жер-жеринде аткарууга алуу жагы тармактык туруктуу комиссияларынын мүчөлөрүнө милдеттендирилсин.
Төрага |
| Сатыбек уулу Максат |
«Беш-Таш айыл аймагынын айылдык кенешинин»
мекемесинин
ЖОБОСУ
Кызыл-Туу айылы 2024 -жыл
|
| «Беш-Таш айыл аймагынын айылдык кенеши» мекемесинин 2024-жылдын «27»ноябрь №3 токтому менен бекитилген «Беш-Таш айыл аймагынын айылдык кенеши» |
Мекемесинин
Жобосу
1.Жалпы жоболор
1.1.» Беш-Таш айыл аймагынын айылдык кенеши» мекемеси (мындан ары-айылдык кенеш)-тиешелүү мыйзамдарда белгиленген тартипте шайлануучу жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органы.
1.2. Айылдык кенеш өз ишин Кыргыз Республикасынын Конститциясына, Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексине, «Жергиликтүү кенештердин депутаттарынын статусу жөнүндө», «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына, башка ченемдик актыларга жана ушул Жобого ылайык жүзөгө ашырылат.
1.3. Айылдык кенештин уюштуру-укутук формасы-мекеме.
1.4. Айылдык кенештин фирмалык аталышы:
-Мамлкеттик тилде: «Беш-Таш айыл аймагынын айылдык кенеши» мекемеси;
-Расмий тилд: Учреждение «Айылный Кенеш Беш-Ташского айыльного аймака»;
Айылдык кенештин кыскартылган фирмалык аталышы:
--Мамлкеттик тилде: «Беш-Таш айыл аймагынын айылдык кенеши» м-и;
-Расмий тилде; У-е Айылный Кенеш Беш-Ташского айыльного аймака»;
1.5. Мекеменин жайгашкан жери (юридикалык дареги): Кыргыз Республикасы, Талас облосу, Талас району, Кызыл-Туу айылы, Кудаке уулу Темиркул кочосу, уй №35.
1.6. Мекеменин иштөө мөөнөтү чектелбейт.
1.7. Айылдык кенеш Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык юридикалык жак болуп саналат. Айылдык кенеш өзүнүн атынан мүлктүк жана жеке мүлктүк эмес укуктарды алууга жана милдеттерди тартууга, келишим түзүүгө, сотто доогер жана жоопкер болууга, оперативдуу башкаруу укугунда негизи жана жүргүртүү каражаттарына, өз алдынча баланска, банктардагы алыш-бериш жана башка эсептерге, өзүнүн символикасы бар мөөргө, штампка жана бланкаларга ээ болууга укутуу.
2.Айылдык кенештин сесиясы
2.1. Жергиликтуу кенештердин ишинин негизги уюштуруучулук-укуктук формасы болуп алардын сессиялары эсептелет. Сессияларды өткөрүүнүн тартиби жана мезгилдүүлүгү жергиликтүү регламенти менен аныкталат
2.2. Жергиликтүү кенештин сесиясы депуттардын жалпы санынын жарымынан көбү катышса укуктуу. Айылдык кенеш чечимди жергиликтүү кенештин депуттарынын жалпы санынын көпчүлүк добушу менен кабыл алат.
2.3. Жергиликтүү кенештин сессиялары ачык, кварталдык кеминде бир жолу же жергиликтүү кенештин депуттарынын жалпы санынын кеминде үчтөн биринин талабы боюнча өткөрүлөт. Жергиликтүү кенештин сессиясын чакыруу жана жыйыналышты өткөрүү тартиби жергиликтүү кенештин регламенти менен аныкталат.
3.Айылдык кенештин ыйгарым укутары
3.1. Айылдык аймактардын, шаарлардын жергиликтүү кенештери мыйзамдарда белгиленген ыйгарым укуктарынын чегинде маселелерди кароого жана алар боюнча чечимдерди кабыл алууга укуктуу.
3.2. Айылдык кенештин сессиясында төмөндөгүдөй маселелер чечилет:
1) жергиликтүү маанидеги маселерди башкаруунун тартибин белгилөө;
2) жергиликтүү бюджетти жана анын аткарылышы жөнүндө отчеттуу бекитүү, ошондой эле бюджеттин аткарылышын жүрүшү жана бюджеттен тышкары фонддорду пайдалануу жөнүндө маалыматты угуу;
3) аймакты социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүүнүн жана калктын социалдык жактан коргоонун программаларын бекитүү, програмалардын аткарылышы жөнүндө отчетту угуу;
4) жергиликтүү салыктарды, жыйымдарды жана алар боюнча женилдиктерди киргизүү, ошондой эле мыйзамдарда каралган учурларда алар боюнча ставкаларды аныктоо;
5) мунципиалдык менчикти пайдалануу жана тескоо тартибин, анын ичинде мунципиалдык менчиктин объекттерин менчиктештирүүпрограммаларын бекитүү жолу менен белгилөө, мунципиалдык менчикти пайдаланууга контролду ишке ашыруу;
6) жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органынын иш жөнүндө жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органынын башчысынын отчетун угуу;
7) кенештин төрагасын, аны орун басарын шайлоо, аларды кызмат орундарынан бошотуу, кенештин төрагасынын мыйзамдарга карама-каршы келген чечимдерин жокко чыгаруу;
8) кенештин регламентин кабыл алуу;
9) өз чечимдерин аткарылышын көзомөлдүк кылуу;
10) муздак сууну, канализацияны, жылуулук менен жабдууну пайдалануу учун, ошондой эле мыйзамдарга ылайык турмуш-тиричилик катуу калдыктарын чогултуу, ташып чыгаруу жана жок кылуу учун тарифтерди бекитүү;
11) алкоголдук ичимдиктерди жана тамеки буюмдарын сатуу убактысы жана жери боюнча чектөөлөрдү тыюу салууга чейин белгилөо;
12) ирригациялык тармактарды, уй жана уй жаныдагы участкаларды кутуу тартибин белгилөө;
13) жергиликтүү оз алдынча башкаруунун аткаруу органын башчысына ишенбестик билдирүү;
14) бюджетти, аймакты социалдык-экономикалык өнүктүрүү жана калкты социалдык коргоо программаларын жана анын компетенциясына кирген башка маселелерди аткарбагандыгынан улам жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу ораганынын башчысынын ээлеген кызматына шайкештиги жөнүндө маселени кароо тууралуу сунуш киргизүү;
15) мыйзамдарга ылайык башка маселерди чечүү.
4.Айылдык кенештин туруктуу жана убактылуу комиссиялары
4.1. Айылдык кенештин туруктуу комиссиялары кенештин карамагына кирген маселердин алдын ала кароо жана даярдоо үчүн, ошондой эле кенештин чечимдерин ишке ашырууга катышуу, ушул чечимдердин ведомстолук аймакта жайгашкан макемелер жана уюмдар тарабынан аткарылышына контролдук кылуу үчүн түзүлөт. Кенеш таратынан ошондой эле убактылуу комиссиялар түзүлүшү мүмкүн.
Айылдык кенештин карамагына кирген маселелер тиешелүү туруктуу комиссиялар тарабынан алдын ала каралбай туруп, жергиликтүү кенештин сесиясына каралышы мүмкүн эмес.
4.2.Комиссиялардын тизмегин, алардын сандык курамын жана шайлоо тартибин тиешелүү жергиликтүү кенештин депуттык фракцияларынын, топторунун жана депуттардыннын сунушу боюнча жергиликтүү кенеш аныктайт.
4.3 Туруктуу комиссиялар тиешелүү айылдык кенештин депутаттарын ичинен түзүлөт. Айылдык кенештин туруктуу комиссияларынын курамы кенештин төрагасы жана орун басары шайлашы мүмкүн эмес.
4.4. Айылдык кенештин туруктуу комиссиялары өз ишин негиги багыттары боюнча чакан комиссияларды түзө алат.
4.5. Туруктуу комиссиянын жана кенештин төрагасынын сунушу боюнча тиешелүү кенеш туруктуу комиссиянян курамына өзгөртүүлөрдү киргизет.
4.6.Комиссия мүчөнүн ыйгарым укуктары кенеш тарабынан анын өтүнүчү боюнча, ошондой эле ага өз милдеттерин аткарууга мүмкүндүк бербеген жайдайларга байланыштуу мөөнөтүнөн мурза токтолушу мүмкүн.
4.7. Айылдык кенештин туруктуу комиссияларынын укутары, милдеттери, уюштуруу жана иш тартиби жергиликтүү кенештин регламенти менен белгиленет.
5. Айылдык кенештин туруктуу комиссияларынын ыйгарым укутары
5.1.Айылдык кенештин туруктуу комиссиялары:
1) кенештин кароосуна киргизилуучу маселереди даярдоо катышат;
2) тиешелүү аймакта социалдык-маданий жана өндүрүштүк инфраструктураны өнуктүрүү, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун экономикалык негизин чындоо маселелери боюнча сунуштарды кенешке киргизет;
3) жергиликтүү кенеш тарабынан кабыл алынган чечимдердин аткарылышына конторлду ишке ашырат;
4) өзүнүн ишине илимпоздорду, адистерди, көз карандысыз эксперттерлди, жарандык коомдун өкүлдөрүн жана жергиликтүү коомдоштуктун мүчөлөрүн жана башка адамдарды тартууга укуктуу;
5) иш-аракеттеринин майнаптуулуугун жана натыйжалуулугун аныктоо максатында жергиликтүү кенеш кабыл алган ченемдик укуктук актылардын моноторингин жана аларга баа беруунун жергиликтүүкенеш белгилеген тартипте туруктуу негизде жүргүзүлөт.
5.2. Айылдык кенештин туруктуу комсиссиялары өзүнүн карамагына кирген маселелер боюнча жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарынын, мунципиалдык ишканалардын жана мекемелердин жетекчилерин жана кызматкерлерин угууга укуктуу. Айылдык кенештин туруктуу комиссиялары өзүнө караштуу аймакта жайгашкан уюмдардын жана мекемелердин ыкчам-чарбалык ишине кийлигишүүгө укуксуз.
6.Айылдык кенештин төрагасы
6.1. Айылдык кенештин төрагасына тиешелүү жергиликтүү кенештин сессиясында кенештин депуттараынын ичинен жашыруун добуш менен жергиликтүү кенештин ыйгарым укутарынан мөөнөтүнө шайланат.
6.2. Кенештин төрагасынын кызмат ордуна талапкерлерди көрсөтүү укугуна депутаттык фракция же 5 депуттан кем эмес сандагы топ ээ.
6.3. Айылдык кенештин төрагасынын кызмат ордуна талапкерлерди көрсөтүүнүн жана шайлоонун тартиби жана шайлоонун башка жол-жоболук маселери айылдык кенештин регламенти менен аныкталат.
6.4. Айылдык кенештин төрагасыөзүнүн милдеттери аткарбаган же талаптагыдай аткарбаган учурда, айылдык кенештин депуттарынын үчтөн бириинин демилгеси боюнча депутаттарынын жалпы саныны үчтөн экиден кем эмесинин добуштары менен ээлеген кызмат ордунан мөөнөтүнөн мурда бошотулушу мүмкүн.
7.Айылдык кенештин төрагасынын орун басарлары
7.1. Айылдык кенештин төрагасынын орун басары сессияда жергиликтүү кенештин төрагасынын сунушу боюнча жергиликтүү кенештин депутаттарынын ичинен шайланат.
7.2. Айылдык кенештин төрагасынын орун басары кенештин төрагасынын тапшырмаларын аткарат, ал жок болгон же өз милдеттерин аткарууга мүмкүнчүлүгү болбогон учурда аны алмаштырат.
Айылдык кенештин төрагасынын орун басары жергиликтүү кенештин төрагасынын алмаштырган учурда ушул Мыйзамда каралган учурларда жергиликтүү кенештин төрагасына төлөнүүчү компенсациянын сумаасынан 50 пайыз өлчөмүндө компенсация алат.
7.3. Айылдык кенештин төрагасынын орун басары өзүнүн ээлеген кызмат ордунан шайланган депутаттардын жалпы санынын көпчүлүк добушу менен жергиликтүү кенештин депутаттарынын үчтөн биринин демилгеси боюнча бошотулушу мүмкүн.
7.4. Айылдык кенештин төрагасынын орун басары өзүнүн ишин коомдук байланышта жүзөгө ашырат.
7.5. Айылдык кенештин кызмат адамдары Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте тиешелу мыйзам бузуулар үчүн жоопкерчиликке тартылышат.
7.6. Депутаттардын ыйгарым укуктары тийиштүү кенештин биринчи сесииясы ачылган күндөн тартып башталат жана кийинки шайланган кенештин биринчи сесииясы ачылган күнү бүтөт.
8.Жобого өзгөртүү, толуктоолорду киргизуу тартиби
8.1. Айылдык кенештин жобосуна озгортүү, толуктоолрду киргизүү, аны жаны редакцияда бекитүү Кыргыз Республикасынын мыйзам актылары менен белгиленген тартипте жүзөгө ашырылат.
8.2. Айылдык кенештин ушул Жободо көрсөтүлгөн ишинин маселелери Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдары менен жөнгө салынат.
9. Айылдык кенештердин ыйгарым укуктарынын токтотулушу
9.1. Айылдык кенештердин ыйгрым укутары ушул чакырылыштагы айылдык кенештин депутаттары шайланган мөөнөт аякташына байланыштуу, ошондой эле кенештин жаны курамы түзүлүшүнө, кенеш мөөнөтүнөн мурда тартылышына байланыштуу токтотулат.
9.2. Айылдык кенеш төмөндөгүдөй учурда Президент тарабынан мөөнөтүнөн мурда таратылышымүмкүн:
1) тиешелүү айылдык кенештин депутатарынын жалпы санынын үчтөн экиден кем эмес добушу менен кабыл алынган чечим боюнча;
2) Министрлер Кабинетинин Төрагасынын же акимдин сунушу боюнча;
3) кайра уюштурууга алып келген тиешелүү административдик- аймактык бирдиктин чек аралары өзгөргөн учурда;
9.3. өзүн өзү таркатуу жөнундө айылдык кенештин чечими жарлыкты чыгаруу үчүн Президентке кенештин төрагасы тарабынан жеберилет.
9.4. Административдик-аймактык бирдиктин чектерин өзгөртпөстөн анын аталышын өзгөртүү кайра уюштуруу болуп саналбайт жана жергиликтүү кенешти таратууга алып келбейт. Президенттин кайра уюштурууга байланыштуу айылдык кенешти таратуу жөнүндө жарлыгы, эгерде мыйзамдын өзүндө башкача мөөнөт каралбаса, тиешелүү административдик-аймактык бирдик жөнүндө мыйзам күчүнө кирген күндөн тартып 30 күндөн кечиктирилбестен чыгарылууга тийиш.
9.5. Мөөнөтүнөн мурда таратуунун жогоруда көрсөтүлгөн учурларынын кайсынысында болсо да таратуу жөнүндө Президенттин жарлыгы расмий жарыяланган күндөн тартып айылдык кенеш мөөнөтүнөн мурда таратылды деп эсептелет.
9.6. Айылдык кенеш мөөнөтүнөн мурда тартылган учурларда мүлкүнүн жана документтеринин сакталышы үчүн жоопкерчиликти жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органынын тиешелүү башчысы тартат.
10.Айылдык кенешти кайра уюштуу жана жоюу
10.1. Айылдык кенешти кайра уюштуруу (бириктируу, кошуу, болуп, бөлүп чыгаруу, өзгөртүп түзүү) жана жоюу Кыргыз Республикасынын тиешелүү мыйзамдары менен белгиленген тартипте жүзөгө ашырылат.
10.2. Айылдык кенештин иши токтотулган учурда анын документтери «Кыргыз Республикасынын Улуттук архив фонду жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамына ылайык сакталат жана пайдаланылат.
Төрага Сатыбек уулу Максат