Загрузка документа…
ТАЛАС ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Талас шаардык кеңешинин IX чакырылыштагы кезектеги VII сессиясы
2025-жылдын 2-июлу № 43/7-9
Талас шаарынын муниципалдык менчик башкармалыгынын “Талас шаарынын муниципалдык менчик башкармалыгы жөнүндө” жобосун бекитүү жөнүндө
(Талас шаардык кеңешинин 2025-жылдын 24-ноябрындагы № 79/10-9 токтомунун редакциясына ылайык)
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын 34-беренесинин 2-бөлүмүнүн 1-пункту, Талас шаарынын мэриясынын 11.04.2025-жылдагы №01-19/1226 сандуу катынын негизинде, Талас шаардык кенешинин “Бюджет жана муниципалдык менчик башкаруу боюнча” туруктуу комиссиясы жана “Регламент, депутаттык этика, мыйзамдуулук укук тартиби, жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери, көчөлөрдүн жана башка социалдык обьектилердин аттарын өзгөртүп кайрадан атоо боюнча” туруктуу комиссияларынын корутундусун карап, талкуулап чыгып, Депутаттардын Талас шаардык кеңешинин сессиясы;
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Талас шаарынын “Муниципалдык менчик башкармалыгы” муниципалдык ишканасын кайра уюштуруп, мекеменин уюштуруучулук-укуктук формасын өзгөртүп түзүүгө макулдук берилсин.
(Талас шаардык кеңешинин 2025-жылдын 24-ноябрындагы № 79/10-9 токтомунун редакциясына ылайык)
2. Муниципалдык мекеменин “Талас шаарынын муниципалдык менчик башкармалыгы жөнүндө” жобосу тиркемеге ылайык бекитилсин.
3. Кабыл алынган токтомду Талас шаарынын мэриясынын сайтына жайгаштыруу жана Кыргыз Республикасынын укуктук-ченемдик актылардын мамлекеттик реестринен каттоодон өткөрүүнү көзөмөлдөө Депутаттардын Талас шаардык кеңешинин жооптуу катчысына (Сариева.А.Ж.) милдеттендирилсин.
4. Токтомдун аткарылышына көзөмөлдүк кылуу Депутаттардын Талас шаардык кеңешинин “Бюджет жана муниципалдык менчик башкаруу боюнча” туруктуу комиссиясынын төрагасына (Суйунтбеков. А.О) жана “Регламент, депутаттык этика, мыйзамдуулук укук тартиби, жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери, көчөлөрдүн жана башка социалдык обьектилердин аттарын өзгөртүп кайрадан атоо боюнча” туруктуу комиссиясынын төрагасына (Изабеков Ч.З) тапшырылсын
Төрага |
| К. Джаныбеков |
|
| “Бекитемин” Депутаттардын Талас шаардык кеңешинин №43/7-9 токтомуна тиркеме
Төрага_____________________К. Джаныбеков |
Талас шаарынын муниципалдык менчик башкармалыгы жөнүндө
ЖОБО
1. Жалпы жоболор
1. "Талас шаарынын Муниципалдык менчик башкармалыгы", мындан ары “Башкармалык” деп аталуучу, Талас шаарында муниципалдык менчик объекттерди жана жерлерди башкаруу жана тескөө, муниципалдык мүлктүн бирдиктүү реестрин жүргүзүү боюнча Талас шаарынын мэриясынын функциясын ишке ашыруу максатында Талас шаарында менчиктештирүү, жер мамилелерди экономикалык- укуктук жактан жөнгө салуу чөйрөсүндө муниципалдык саясат жүргүзүүнү камсыз кыла турган Талас шаарынын мэриясынын тутумуна кирүүчү мүлккө муниципалдык менчикти башкаруу жана тескөөчү аткаруучу орган болуп саналат.
2. Башкармалык - "Мекеме" деген уюштуруу-укуктук формадагы юридикалык жак болуп саналат, банктык мекемелерде өз алдынча балансы, бюджеттик эсептешүү счеттору, адистештирилген эсептешүү счеттору, казыначылык органдарда депозиттик счету, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик Гербинин сүрөтү түшүрүлгөн мамлекеттик жана расмий тилде мекеменин аталышы жазылган тегерек мөөрү, штамптары жана башка кабыл алынган реквизиттери, официалдуу атрибуттары бар, сотто доогер жана жоопкер болуп чыга алат.
3. Башкармалык өзүнүн ыйгарым укуктук чектеринде Талас шаарынын мүлк кызыкчылыктарын көрсөтөт жана Кыргыз Республикасынын Конституциясына, мыйзамдарына, ченемдик-укуктук актыларына, Талас шаарынын мэринин токтомдоруна жана буйруктарына, депутаттардын Талас шаардык кеңешинин токтомдоруна жана бул жобого ылайык иш жүргүзөт.
4. Башкармалык Талас шаарынын мэриясы тарабынан белгисиз мөөнөткө түзүлөт, ал эми Башкармалыктын негизги ишмердүүлүгү боюнча Жобо депуттардын Талас шаардык кеңеши тарабынан бекитилет.
5. Башкармалык өзүнүн иш-аракетин ишке ашырууда мамлекеттик, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, алардын аткаруу органдары, мекемелер, ошондой эле юридикалык жана жеке жактар менен Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык өз ара аракеттенүү аркылуу келишимдин негизинде ишке ашырат.
6. Башкармалык түзүлүшүнө жана анын иш-аракетине тийиштүү жана бул жободо көрсөтүлбөгөн бардык маселелер Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарына ылайык жөнгө салынат.
7. Башкармалык башка юридикалык жактарды түзүү, анын ишинин затын жана максатын аныктоо, аны кайра уюштуруу жана жоюу маселелерин мыйзамга ылайык чечет, директорду (ишкананын жетекчисин) дайындайт, ишканага таандык мүлктү максатка ылайык пайдаланышын жана сакталышын көзөмөлдөйт.
8. Башкармалыктын расмий аталышы:
- кыргыз тилинде: "Талас шаарынын Муниципалдык менчик башкармалыгы".
- орус тилинде: "Управление муниципальной собственности города Талас".
9. Башкармалыктын юридикалык дареги: Кыргыз Республикасы, 427200, Талас шаары, К. Нуржанов №18
10. Башкармалыктын жетекчиси муниципалдык кызматкер болуп саналат. Башкармалыктын жетекчисине Кыргыз Республикасынын муниципалдык кызматынын укуктук жана социалдык жактан коргоо кепилдиктери, укуктары жана милдеттери таратылат.
11. Башкармалыктын компетенциясынын чектеринде кабыл алынган чечимдер, тескөөлөр жана буйруктар Талас шаарынын аткаруу бийлигинин бардык органдары, менчиктин түрүнө карабастан юридикалык жана жеке жактар үчүн милдеттүү.
12. Башкармалык өзүнүн иш-аракетинде Талас шаарынын мэриясына отчет берет.
13. Талас шаарынын мэриясы Башкармалыктын иш-аракетин контролдоону жүзөгө ашырат.
14. Депутаттардын Талас шаардык кеңеши муниципалдык менчиктин пайдалануу контролду жүзөөгө ашырат жана тескөө тартибин белгилейт.
2. Негизги милдеттер жана функциялар
15. Башкармалыктын негизги милдеттери болуп төмөнкүлөр саналат:
а) Талас шаарынын муниципалдык менчигинде турган кыймылсыз, кыймылдуу мүлктөрдү, жер участокторду жана токой жана жер ресурстарын белгиленген тартипте натыйжалуу башкаруу жана тескөө;
б) Талас шаарынын муниципалдык мүлктүн бирдиктүү реестрин жүргүзүүнү жүзөгө ашыруу;
в) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын жана Талас шаарынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ченемдик-укуктук актыларынын негизинде Талас шаарынын кыймылсыз жана кыймылдуу мүлктүн жана башка менчиктин объекттерин менчиктештирүү чөйрөсүндөгү саясатын ишке ашыруу;
г) шаардык жер саясатты, анын ичинде, шаардык жерлерди, жер үчүн акынын өлчөмдөрүн баалоо жана аларды алуу тартибинин методологиясын жана критерийлерин, шаардык жерлерди жогорку натыйжалуу пайдаланууну экономикалык стимулдаштыруу механизмин, экологиялык жактан таза жана рационалдуу, жер пайдалануунун механизмин өзүнө камтыган жер мамилелерин жөнгө салуучу экономикалык - укуктук системаны ишке ашырууну иштеп чыгууда жана камсыз кылууда катышуу;
д) Талас шаарында жер участокторуна укуктарды берүү боюнча арыздарды кароо жана жер маселелери боюнча комиссияга тийиштүү материалдарды, анын ичинде, Талас шаарында жер участокторуна укуктарды берүү боюнча сатууларды уюштуруу жана жүргүзүү бөлүгү боюнча даярдоо жана мыйзамдардын талаптарына ылайык тийиштүү укуктук нормативдик актыларды кабыл алуу;
ж) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык Талас шаарынын жер реформасы жана архитектуралык - шаар курулушу иш-аракети чөйрөсүндө шаардык социалдык- экономикалык программаларды аткаруу.
16. Башкармалыкка жүктөлгөн милдеттерди аткаруу максатында Кыргыз Республикасынын мыйзамдары жана Талас шаарынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын укуктук-ченемдик актылары тарабынан белгиленген тартипте төмөнкүлөрдү аткарат:
а) Талас шаарынын менчик объекттерин эсепке алуу боюнча маалыматтык ресурстарды топтоону жүзөгө ашырат;
б) Кыргыз Республикасынын мамлекеттик менчигинен Талас шаарынын муниципалдык менчигине мүлктү белгиленген тартипте кабыл алууну, ошондой эле Кыргыз Республикасын мыйзамдарында каралган башка учурларда муниципалдык менчикти түзүүнү жүзөгө ашырат;
в) Талас шаарынын муниципалдык мүлкүн чарба жүргүзүүдө, оперативдүү башкарууда, мөөнөттүү (убактылуу) кайтарымсыз пайдаланууда бекитүүнү жол-жоболоштурат;
г) Талас шаарынын муниципалдык мүлкүн ыкчам башкаруу же чарба жүргүзүү укугуна ээ мекемелер жана ишканалар менен келишимдерди түзөт;
д) муниципалдык жана мамлекеттик мекемелердин, уюмдардын жана ишканалардын чарба жүргүзүүсүндө жана оперативдүү башкаруусунда турган жер участокторду кошо, Талас шаарынын муниципалдык мүлкүнүн сакталышын жана багыты боюнча пайдаланышын контролдоону (көзөмөлдөөнү) жүзөгө ашырат;
е) муниципалдык менчикти башкаруу жана тескөө менен байланышкан келишимдерди түзөт;
ж) Талас шаарынын муниципалдык мүлкүн мөөнөттүү (убактылуу) пайдалануу укугун, анын ичинде, ижара шартында жана акысыз пайдалануу укугун алган жер участоктор кошо юридикалык жана жеке жактар тарабынан келишимдердин шарттарынын багыты боюнча пайдаланышын жана сакталышын контролдоону (көзөмөлдөөнү) ишке ашырат;
з) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына, Депутаттардын Талас шаардык кеңешинин укуктук ченемдик актыларына жана Талас шаарынын мэриясынын чечимдерине ылайык Талас шаарынын муниципалдык мүлкүн тескөөнүн жана пайдалануунун белгиленген тартибин бузган тийиштүү чараларды көрөт;
и) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына, Депутаттардын Талас шаардык кеңешинин укуктук ченемдик актыларына жана Талас шаарынын мэриясынын чечимдерине ылайык Талас шаарынын мэриясынын кызыкчылыгын көздөп, инвестициялык программаларды иштеп чыгууда, ишке ашырууда жана учетко алууда өзүнүн компетенциясынын чектеринде катыша алат;
й) Талас шаарынын мүлкүн, жер участокторун кошо ижарага берүүчү, сатуу-сатып алуучу катары чыгат;
к) мүлктүк мамилелерди жөнгө салууну жана Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдары менен өз ара аракеттенүүнү жүзөгө ашырат;
л) чет өлкөлүк өкүлдүктөр, юридикалык жана жеке жактар менен мамилелерде өзүнүн компетенциясынын чектеринде белгиленген тартипте Талас шаарынын кызыкчылыгын көздөйт;
м) Талас шаарынын мэриясынын кызыкдар түзүмдүк бөлүмдөрү менен бирдикте мүлктүк маселелер боюнча эл аралык иш-чараларда, Талас шаарынын муниципалдык менчигинде турган кыймылсыз мүлк объекттерин реконструкциялоо менен байланышкан долбоорлорду ишке ашыруу үчүн инвесторлорду, анын ичинде, чет өлкөлүк инвесторлорду да тандоодо катышат;
н) Талас шаарынын мэриясынын тапшырмасы боюнча чыгып сүйлөйт, ошондой эле Талас шаарынын мэриясынын кызыкдар түзүмдүк бөлүмдөрү менен бирдикте Талас шаарынын мэриясынын түзүмдүк бөлүмдөрү болгон уюмдарды, мекемелерди жана ишканаларды түзүү, кайра уюштуруу жана жоюу жөнүндө сунуштарды даярдайт жана берет;
о) Талас шаарынын мэриясынын тапшырмасы боюнча чарбалык коомдордо Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган учурларда, ошондой эле өзүнүн компетенциясынын чектеринде чарба коомдорунун уставдык капиталдарындагы акциялар (үлүштөр) боюнча Талас шаарынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун бекитилген муниципалдык менчик боюнча кызыкчылыгын көздөйт;
п) Депутаттардын Талас шаардык кеңеши тарабынан бекитүү үчүн Талас шаарынын мэриясынын тапшырмасы боюнча Талас шаарынын ишканаларын жана уюмдарын менчиктештирүү программаларынын долбоорлорун иштеп чыгат жана даярдайт;
р) Талас шаарынын мэриясына Талас шаарынын муниципалдык менчигинде турган кыймылсыз мүлктүн объекттерине жана жер участокторуна чектелген буюм укуктарды берүүдөн жана менчиктештирүүдөн каражаттардын шаардын бюджетине түшүү болжолун даярдайт жана берет, бул түшүүлөрдү камсыз кылуу үчүн тийиштүү чараларды көрөт, ошондой эле жогоруда саналган каражаттардын түшүүсүнө контролду жүзөгө ашырат;
с) Талас шаарынын турак эмес жайлар фондунун объекттерин сатуу боюнча ишти жүзөгө ашырат, Талас шаарынын муниципалдык менчигинде турган турак эмес жайларды, ошондой эле жер участокторун сатуу жөнүндө сунуштарды колдонуудагы мыйзамдарга ылайык уюштурат жана киргизет;
т) Талас шаарынын мүлкүнүн наркын көз карандысыз баалоону жүргүзүү боюнча ишти уюштурат;
у) Талас шаарынын муниципалдык менчигинде турган объекттерди менчиктештирүү, башкаруу жана тескөө маселелер боюнча укуктук ченемдик актылардын жана инвестицияларды тартуу долбоорлорду иштеп чыгат;
ф) Талас шаарынын мүлкүн менчиктештирүү, башкаруу жана тескөө маселелери боюнча тескөөчү документтерди өзүнүн компетенциясынын чектеринде чыгарат;
х) Кыргыз Республикасынын аймагында жана чет өлкөдө Талас шаарынын кызыкчылыктарын жана мүлктүк укуктарын коргоону камсыз кылат;
ц) Жер пайдалануучулар менен болгон ижара мамилелеринде Талас шаарынын мэриясынын ыйгарым укук органы жана өкүлү болуп саналат;
ч) Талас шаарында жер участокторуна укуктарды берүү маселелери боюнча чечимдердин (токтомдордун) ижара жана сатуу-сатып алуу келишимдердин долбоорлорун даярдайт жана түзөт, аукцион же конкурс өткөрүүгө документацияларды даярдайт;
ш) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык ижара шартында мөөнөтүү (убактылуу) пайдаланууга берилүүчү жер участокторду пайдалануу үчүн ижара акыларды эсептөөнү жүргүзөт;
щ) юридикалык жана жеке жактардын аларга жер участокторун берүү жөнүндө арыздарын (өтүнүч каттарын) кароо мөөнөтүн бузууларга жол бербөө жана четтетүү боюнча чараларды көрөт;
ы) ээсиз калган жана бошогон турак-жай, квартиралардын учетун жүргүзөт, бул турак-жай, квартираларды бөлүштүрүү боюнча, турак аянтка ордер берүүнү белгиленген тартипте жол-жоболоштурууну жүргүзүп, Талас шаарынын мэриясынын макулдугу менен мыйзамда белгиленген тартипте даярдайт
э) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген башка милдеттерди ишке ашырууга.
3. Башкармалыктын укуктары
20. Башкармалык төмөнкү укуктарга ээ:
а) өзүнүн компетенциясынын чектеринде Талас шаарынын муниципалдык менчигин башкарууга, Талас шаарынын жерлерине жана мүлктөрүнө карата келишимдерди, контракттарды жана башка бүтүмдөрдү колдонуудагы мыйзамдарга ылайык түзүүгө жана бузууга;
б) Талас шаарынын мэриясынын тапшырмасы боюнча мүлктү Талас шаарынын ишканаларына жана мекемелерине чарба жүргүзүү же оперативдүү башкаруу укугуна бекитүүгө, ошондой эле мындай жүргүзүүнүн чектерин белгилөөгө;
в) Башкармалыктын жоопкерчилигинде турган мүлктү камсыздандыруучу коргоону ишке ашырууга багытталган иш - чараларды ишке ашырууга;
г) Талас шаарынын муниципалдык мекемелеринин, уюмдардын жана ишканалардын уюштуруу- укуктук формасын түзүү, кайра уюштуруу жана жоюу жөнүндө сунуштарын киргизүүгө;
д) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган учурларда чарба коомдорунун акционери катарында Талас шаарынын мэриясынын кызыкчылыктарын көздөөгө;
е) муниципалдык менчикте турган, анын ичинде юридикалык жана жеке жактарга ижарага берилген турак эмес жайларды, жер участокторун сатуу жөнүндө Талас шаарынын мэриясынын чечимдерин белгиленген тартипте ишке ашырууга;
е) Талас шаарынын мэриясынын ведомстволук карамагындагы ишканаларда, мекемелерде жана уюмдарда муниципалдык мүлктүн пайдаланышы жана сакталышы үчүн документациялык текшерүүнү (ревизияны, инвентаризацияны, аудитти) жүргүзүүнү, ошондой эле башкармалыктын реестрине алынган негизги каражаттардын өз убагында кириштөө үчүн контролдоону (көзөмөлдөөнү) жүзөгө ашырууга. Тартип бузуулар болгон учурда мыйзамдарга жана ченемдик - укуктук актыларга ылайык тийиштүү чараларды көрүүгө;
ж) өзүнүн компетенциясынын чектеринде шаардын муниципалдык мүлкүн менчиктештирүү, башкаруу жана тескөө чөйрөсүндө Кыргыз Республикасынын табылган мыйзам бузууларын четтетүү боюнча тийиштүү аракеттерди жүзөгө ашырат, аткаруу органдарынын мыйзамга ылайык келбеген чечимдерин жокко чыгаруу жана күнөөлүү жактарды жоопкерчиликке тартуу жөнүндө сотко доо арызын берет, ошондой эле тийиштүү чараларды көрүү үчүн укук коргоо органдарына жөнөтөт;
з) өзүнүн компетенциясынын чектеринде Кыргыз Республикасынын мыйзамына ылайык алардын ведомстволук тиешелүүлүгүнө жана менчиктин формасына карабастан бардык жер пайдалануучулар тарабынан жер мыйзамын, анын ичинде жер пайдалануучунун, жайгашкан ордун, берүү шарттарын, берүү мөөнөттөрүн, функционалдык багытын жана берилген жер участоктун аянты бөлүгү боюнча бузууларды четтетүү боюнча чара көрүүгө;
и) сот органдарында Талас шаарынын мэриясынын кызыкчылыктарын көздөөгө, ошондой эле Кыргыз Республикасынын сотуна доолорду, анын ичинде Кыргыз Республикасынын жер мыйзамдарын бузуунун натыйжасында келтирилген зыяндарды төлөтүү жөнүндө доолорду өзүнүн компетенциясынын чектеринде доолоого.
й) Талас шаарынын мэриясына жана Талас шаардык кеңешке, Талас шаарынын мэриясынын Жерге укук берүү боюнча комиссиясына жерлерди багыты боюнча эмес пайдалануу, жер участогун сарамжалдуу пайдаланбоо, жер участокторун жер жөнүндөгү мыйзамдарында, Талас шаарынын мэриясынын токтомдорунда жана буйруктарында, жер участокторуна укуктар келишимдеринде каралган мөөнөттө пайдаланылбаган учурларда жерлерди толугу менен же анын бөлүгүн алып коюу жөнүндө сунуштарды киргизүүгө.
к) ыйгарым укуктуу органдардын алдында жер жөнүндө мыйзамдардын талаптарын, ошондой эле жерлерди пайдалануунун белгиленген режимин бузуу жумуштары менен жүргүзүлүп жаткан өндүрүштүк, жарандык жана башка курулуштарды, объекттерди эксплуатациялоону, агротехникалык жана токой мелиорациялык жумуштарды токтото туруу жөнүндө өтүнүүгө.
л) ички иштер органдарына жер мыйзамдарын бузуучулары табылган учурда, административдик жана жазалоо иш - аракети үчүн көмөк көрсөтүү үчүн кайрылууга.
м) жер участокторун пайдалануу маселелери боюнча жер пайдалануучуларга көрсөтмө берүүгө жана тийиштүү органдарга тартип бузууларды жокко чыгаруу үчүн тийиштүү чараларды колдонуу максатында материалдарды жөнөтүүгө;
н) жер участокторун изилдөө, экспертиза жүргүзүү, текшерүү, жерлерди пайдалануу боюнча иш - чараларды аткарууну текшерүү үчүн адистерди белгиленген тартипте тартууга.
о) штаттык ырааттамадан тышкары келишимдин негизинде убактылуу жумушчуларды алууга;
п) келишимдин негизинде убактылуу жумушчуларды каржылоону Башкармалыктын атайын эсебинен жүргүзүүгө;
р) юридикалык жана жеке жактардан муниципалдык менчиктин мүлкүн талаптагыдай күтүү боюнча келишимдик милдеттенмелерди аткарууну талап кылууга, милдеттенмелерди бузуу фактылары табылган учурда аларды жоюу боюнча түзүлгөн келишимди бузууга чейин жоопкерчилик чараларын көрүүгө, ошондой эле зыяндын ордун толтуру боюнча чараларды көрүүгө
с) башкарууну иш жүзүндө жүзөөгө ашыруу жана кызмат көрсөтүү үчүн акы төлөө менен ченемдик документтерди иштеп чыгуу боюнча консультациялар үчүн зарыл болгон учурда эксперттерди жана адистерди, анын ичинде чет өлкөлүк адистерди тартууга;
т) өз компетенциясынын чегинде Кыргыз Республикасынын “Сатып алуулар жөнүндө” мыйзамынын аткарылышын камсыз кылууга.
21. Башкармалык бул жободо көрсөтүлбөгөн жана ага жүктөлгөн функцияларын аткаруу үчүн дагы башка тийиштүү укуктарга ээ.
22. Башкармалык шаардык бюджеттин каражаттарынын эсебинен башкармалык тарабынан түзүлгөн, топтолгон жана сатылып алынган маалымат ресурстарынын жана автоматташтырылган маалымат системаларынын менчик ээси жана кожоюну болуп саналат.
23. Башкармалык пайдалануучулардын (керектөөчүлөрдүн) чөйрөсүн, маалымат ресурстарын пайдалануу жана таратуу шарттарын, ошондой эле колдонуудагы мыйзамдарда белгиленген тартипке ылайык чектелген кирүү мүмкүнчүлүгүнүн маалыматынын сакталыш режимдерин аныктайт.
4. Башкармалыктын жетекчилиги жана түзүмү
24. Башкармалык Талас шаарынын мэриясынын түзүмдүк бөлүмү болуп саналат.
25. Талас шаарынын мэри Башкармалыктын жетекчисин Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык белгиленген тартипте конкурстук негизде кызматка дайындайт жана бошотот, Башкармалыкты кайра уюштуруу жана жоюу боюнча чечимдерди Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык кабыл алууну, башкармалыктын штаттык расписаниесин бекитүүнү жүзөгө ашырат.
26. Жетекчи башкармалыктын жетекчиси болуп саналат. Жетекчи өзүнүн орун басарын эмгек мыйзамдарына ылайык кызматка дайындайт жана кызматынан бошотот.
27. Жетекчи башкармалыктын иш-аракети үчүн жоопкерчилик алат жана ага жүктөлгөн ыйгарым укуктарга ылайык төмөнкүлөрдү аткарат:
а) Башкармалыктын атынан ишеним катсыз иштейт, аны мамлекеттик бийлик, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында жана уюмдарда көрсөтөт;
б) Талас шаарынын мэриясынын буйруктарын жана токтомдорун аткаруу үчүн Башкармалыктын компетенциясынын чектеринде буйруктарды, ишканаларга, мекемелерге жана башка уюмдарга аткарууга милдеттүү болгон башка буйруктарды, башкармалыктын бардык кызматкерлери аткарууга милдеттүү түрдө башкармалыктын иш - аракетин жөнгө салуу маселелери боюнча бөлүштүрүү документтерди чыгарат;
в) өзүнүн орун басарынын компетенцияларын аныктайт;
г) Башкармалыктын кызматкерлерин Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык кызматка дайындайт жана кызматынан бошотот, алардын функционалдык милдеттерин бекитет;
д) Башкармалыктын түзүмдүк бөлүмдөрү жөнүндө жобону бекитет;
е) Башкармалыктын кызматтык нускамаларын бекитет жана бөлүмдөрүнүн жана кызматтарынын жетекчилеринин иш - аракеттерин контролдоону жүзөгө ашырат;
ж) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык башкармалыктын кызматкерлерине карата сыйлоо чараларын колдонот, аларды жазалайт;
з) Башкармалыктын кызматкерлерин жана жумушчуларын укуктук жана социалдык коргоо маселелерин өзүнүн компетенциясынын чектеринде чечет;
и) Башкармалыктын кызматкерлерин иш сапарга, эмгек эргүүгө жиберүү маселелерин белгиленген тартипте чечет;
й) Башкармалыкка бекитилген мүлктү жана каражаттарды мыйзамдарга ылайык тескейт;
к) банктарда счетторду ачат жана жабат, алар боюнча операцияларды жүргүзөт, финансы документтерге кол коет, финансылык жана эсеп тартибинин сакталышын камсыз кылат;
л) соттордо башкармалыктын кызыкчылыктарын жактайт, доогерге, жоопкерге жана үчүнчү жакка берилген бардык укуктарды, анын ичинде, тынчтык макулдашуусун түзүү жана кайрадан ачылган кырдаалдар боюнча арыздарды берүү укугун колдонот.
28. Башкармалыктын жетекчисинин орун басары функционалдык милдеттеринде жана башкармалыктын жетекчисинин буйруктарында белгиленген ыйгарым укуктун чектеринде иш жүргүзөт, алар төмөнкү укуктарга ээ:
а) Башкармалыктын кызыкчылыктарына тийиштүү иш - аракеттерди кылат, келишимдерди түзөт;
б) соттордо башкармалыктын кызыкчылыктарын жактайт, доогерге, жоопкерге жана үчүнчү жакка берилген бардык укуктарды, анын ичинде ишеним кат боюнча тынчтык макулдашуусун түзүү укугун колдонот;
в) ижара, чарба жүргүзүүгө, оперативдүү башкаруу, мөөнөтүү акысыз пайдаланууга өткөрүп берүү келишимдерин түзөт.
5. Башкармалыктын мүлкү
29. Башкармалыктын мүлкүн ага оперативдүү башкаруу укугунда бекитилген, анын өз алдынча балансында чагылдырылган негизги жана жүгүртмө каражаттар, каржы ресурстар (интеллектуалдык менчиктин объекттери кошо) түзөт.
30. Башкармалыктын иш-аракетин каржылоо шаардык бюджеттин эсебинен жана адистештирилген счеттон, ошондой эле муниципалдык менчикти сатуудан жана ижарага берүүдөн түшкөн каражаттардын бөлүгүнүн эсебинен Талас шаардык кеңеш тарабынан бекитилген өлчөмдө жүзөгө ашырылат.
31. Талас шаарынын мэриясы башкармалыктын иш - аракетин контролдоону жүзөгө ашырат.
32. Башкармалык бухгалтердик жана статистикалык отчет иштерди белгиленген тартипте жана белгиленген мөөнөттөрдө берет. Башкармалыктын иш - аракетин текшерүүнү ыйгарым укуктуу органдар, ошондой эле мыйзамдарга ылайык ушул укук берилген уюмдар жүзөгө ашырат.
33. Башкармалык жыл сайын Депутаттардын Талас шаардык кеңешине муниципалдык мүлктү жана жерлерди пайдалануу жөнүндө отчет берет.
7. Эмгек мамилелери
34. Башкармалык кызматчылардын квалификациялуу курамын өз алдынча аныктайт. Администрация менен кызматчылардын ортосундагы мамилелер Кыргыз Республикасынын Эмгек мыйзамдарынын ченемдери менен жөнгө салышат.
35. Башкармалык иштеринин тийиштүү көлөмүн аткаруу үчүн жарандардын мөөнөттүү эмгек келишимдеринин жана башка жарандык - укуктук келишимдеринин негизинде тартуу укугуна ээ.
36. Башкармалыктын кызматчыларынын (кызматкерлеринин) иштөө жана эс алуу режими, аларды социалдык камсыздоо, социалдык камсыздандыруу Кыргыз Республикасынын Эмгек кодекси менен жөнгө салынат.
8. Жобого өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү, башкармалыкты кайра уюштуруу жана жоюу
37. Бул Жобого өзгөртүүлөр жана толуктоолор Депутаттардын Талас шаардык кеңеши тарабынан киргизилет.
38. Башкармалыкты кайра уюштуруу жана жоюу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жана анда каралган тартипте ишке ашырылат.
39. Башкармалыктын иш - аракетин токтотуу Талас шаарынын мэриясынын чечими же сот органдарынын чечими боюнча жүргүзүлөт.
40. Башкармалыкты жоюу башкармалыкты жоюу тартибин жана мөөнөттөрүн белгилеген Талас шаарынын мэриясы тарабынан дайындалган жоюу комиссиясы тарабынан жүзөгө ашырылат.
41. Жоюучу комиссиясы дайындалган учурдан тартып, анын мүлкүн алып коюуга же карыздарын жабууга багытталган насыя берүүчүлөрдүн бардык талаптары жоюу комиссиясынын макулдугу менен гана канааттандырылат.
42. Юридикалык жактар мамлекеттик реестрге бул жөнүндө жазууларды киргизгенден кийин жоюу аяктады болуп эсептелинет.
43. Башкармалык жоюлгандан кийин калган мүлк Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган тартипте бөлүштүрүлөт.
44. Башкармалыктын иш - аракети процессинде пайда болгон документтер жоюу учурунда, Кыргыз Республикасынын "Кыргыз Республикасынын Улуттук архив фонду жөнүндө" Мыйзамына ылайык сакталат жана пайдаланылат.