Загрузка документа…
ТАЛАС ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Талас шаардык кеңешинин IX чакырылыштагы кезектеги VII сессиясы
2025-жылдын 2-июлу № 46/7-9
Талас шаарынын Бердике баатыр көчөсү №20 дарегинде жайгашкан муниципалдык социалдык шаарчанын төртүнчү бүтүмү болгон 552,20 чарчы метр жер тилкесинде курулган мечитти Талас облусунун Казыятына өткөрүп берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын 34-беренесинин 2-бөлүмүнүн 1-пункту, Кыргыз Республикасынын “Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө” мыйзамынын 19-беренеси, Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 25-беренесине ылайык, Талас шаарынын мэриясынын 26.06.2025-жылдагы №01-19/2138 сандуу катынын негизинде, Талас шаардык кенешинин “Бюджет жана муниципалдык менчик башкаруу боюнча” туруктуу комиссиясынын корутундусун карап, талкуулап чыгып, Депутаттардын Талас шаардык кеңешинин сессиясы;
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Талас шаарынын Бердике баатыр көчөсү №20 дарегинде жайгашкан муниципалдык социалдык шаарчанын төртүнчү бүтүмү болгон 552,20 чарчы метр жер тилкесинде курулган мечитти Талас облусунун Казыятына мыйзам чегинде өткөрүп берүүгө макулдук берилсин.
2. Кабыл алынган токтомду Талас шаарынын мэриясынын сайтына жайгаштыруу жана Кыргыз Республикасынын укуктук ченемдик актылардын мамлекеттик реестринен каттоодон өткөрүүнү көзөмөлдөө Депутаттардын Талас шаардык кеңешинин жооптуу катчысына (Сариева.А.Ж.) милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышына көзөмөлдүк кылуу Депутаттардын Талас шаардык кеңешинин “Бюджет жана муниципалдык менчик башкаруу боюнча” туруктуу комиссиясынын төрагасына (Суйунтбеков.А.О) тапшырылсын.
Төрага |
| К. Джаныбеков |