Загрузка документа…
ТАЛАС ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Талас шаардык кеңешинин IX чакырылыштагы кезектеги VII сессиясы
2025-жылдын 2-июлу № 47/7-9
Талас шаарынын Алымбеков көчөсү №2а дарегинде жайгашкан ашар ыкмасы менен салынган №8 орто мектебинин ордуна жаңы типтүү мектеп курууга макулдук жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын 34-беренесинин 2-бөлүмүнүн 1-пункту, Талас шаарынын мэриясынын 26.06.2025-жылдагы №01-19/2124 сандуу каты, Талас шаардык Жарандык Коргоо комиссиясынын изилдөө АКТсы жана Талас облустук капиталдык курулуш башкармалыгынын 20.06.2025-жылдагы №01-7-320 сандуу сунушунун негизинде, Талас шаардык кенешинин “Бюджет жана муниципалдык менчик башкаруу боюнча” туруктуу комиссиясынын корутундусун карап, талкуулап чыгып, Депутаттардын Талас шаардык кеңешинин сессиясы;
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Талас шаарынын Алымбеков көчөсү №2а дарегинде жайгашкан ашар ыкмасы менен салынган №8 орто мектебинин ордуна жаңы типтүү мектеп курууга макулдук берилсин.
2. Кабыл алынган токтомду Талас шаарынын мэриясынын сайтына жайгаштыруу жана Кыргыз Республикасынын укуктук ченемдик актылардын мамлекеттик реестринен каттоодон өткөрүүнү көзөмөлдөө Депутаттардын Талас шаардык кеңешинин жооптуу катчысына (Сариева А.Ж.) милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышына көзөмөлдүк кылуу Депутаттардын Талас шаардык кеңешинин “Бюджет жана муниципалдык менчик башкаруу боюнча” туруктуу комиссиясынын төрагасына (Суйунтбеков А.О) тапшырылсын.
Төрага |
| К. Джаныбеков |