Загрузка документа…
ТАЛАС ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Талас шаардык кеңешинин IX чакырылыштагы кезектеги VII сессиясы
2025-жылдын 2-июлу № 48/7-9
Талас шаарындагы А.Алдашукуров көчөсү №55 дарегиндеги 0.5 га жер участогуна бала бакчаны балдар аянтчасы менен куруу үчүн эки жылдык мөөнөткө акысыз пайдаланууга макулдук жөнүндө
(Талас шаардык кеңешинин 2026-жылдын 10-мартындагы № 97/12-9 токтомунун редакциясына ылайык)
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын 34-беренесинин 2-бөлүмүнүн 1-пункту, Кыргыз Республикасынын Жер Кодексинин 25-беренесинин 2-пунктуна ылайык, Талас шаарынын мэриясынын 26.06.2025-жылдагы №01-19/2142 чыгыш сандуу катынын негизинде, Талас шаардык кенешинин “Бюджет жана муниципалдык менчик башкаруу боюнча” туруктуу комиссиясынын корутундусун карап, талкуулап чыгып, Депутаттардын Талас шаардык кеңешинин сессиясы;
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Талас шаарындагы А.Алдашукуров көчөсү №55 дарегиндеги 0.5 га жер участогуна бала бакчаны балдар аянтчасы менен куруу долбоорунун ордуна окуучулар үчүн жатакана курууга жана эки жылдык мөөнөткө акысыз пайдаланууга мыйзам талаптарына ылайык макулдук берилсин.
(Талас шаардык кеңешинин 2026-жылдын 10-мартындагы № 97/12-9 токтомунун редакциясына ылайык)
2. Кабыл алынган токтомду Талас шаарынын мэриясынын сайтына жайгаштыруу жана Кыргыз Республикасынын укуктук ченемдик актылардын мамлекеттик реестринен каттоодон өткөрүүнү көзөмөлдөө Депутаттардын Талас шаардык кеңешинин жооптуу катчысына (Сариева А.Ж.) милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышына көзөмөлдүк кылуу Депутаттардын Талас шаардык кеңешинин “Бюджет жана муниципалдык менчик башкаруу боюнча” туруктуу комиссиясынын төрагасына (Суйунтбеков А.О.) тапшырылсын.
Төрага |
| К. Джаныбеков |