Загрузка документа…
ТАЛАС ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Талас шаардык кеңешинин IX чакырылыштагы кезектеги VII сессиясы
2025-жылдын 2-июлу № 49/7-9
Талас шаарынын А.Оторбаев көчөсүндөгү Газпром спорт комплексинин батыш тарабындагы А.Оторбаев көчөсүнүн №1/1а дарегиндеги аянты 24900,0 чарчы метр, Бердике баатыр көчөсүнүн №20а дарегиндеги 4080,0 чарчы метр жана Бердике баатыр көчөсүнүн №20д дарегиндеги 21100,0 чарчы метр жалпы 50080,0 чарчы метр жер участогун стадион куруу максатында, “Калктуу конуштун жерлери категориясынын сугат айдоо жерлер түрүнөн айыл чарбалык эмес түрүнө жана Талас шаарынын Э.Мадиев көчөсүнүн №71а дарегинде жалпы аянты 4473,57 чарчы метр жер участогун “Өнөр жайынын, транспорттун, байланыштын, энергетиканын, коргонуунун жерлери жана башка багыттагы жерлер” категориясынын айыл чарбалык эмес түрүнөн “Калктуу конуштун жерлери” категориясына которууга (трансформациялоо) макулдук жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын 34-беренесинин 2-бөлүмүнүн 1-пункту, Талас шаарынын мэриясынын 26.06.2025-жылдагы №01-19/2136 чыгыш сандуу катынын негизинде, Депутаттардын Талас шаардык кеңешинин “Өнөр жай, коммуналдык чарба, транспорт, курулуш, ишкерликти өнүктүрүү, электр жана байланыш иштери боюнча” туруктуу комиссиясынын корутундусун карап, талкуулап чыгып, Депутаттардын Талас шаардык кеңешинин сессиясы;
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Талас шаарынын А.Оторбаев көчөсүндөгү Газпром спорт комплексинин батыш тарабындагы А.Оторбаев көчөсүнүн №1/1а дарегиндеги аянты 24900,0 чарчы метр, Бердике баатыр көчөсүнүн №20а дарегиндеги 4080,0 чарчы метр жана Бердике б ми аатыр көчөсүнүн №20а дарегиндеги 21100,0 чарчы метр жалпы 50080,0 чарчы метр жер участогун стадион куруу максатында, “Калктуу конуштун жерлери категориясынын сугат айдоо жерлер түрүнөн айыл чарбалык эмес түрүнө жана Талас шаарынын Э.Мадиев көчөсүнүн №71а дарегинде жалпы аянты 4473,57 чарчы метр жер участогун “Өнөр жайынын, транспорттун, байланыштын, энергетиканын, коргонуунун жерлери жана башка багыттагы жерлер” категориясынын айыл чарбалык эмес түрүнөн “Калктуу конуштун жерлери” категориясына которууга (трансформациялоо) макулдук берилсин.
2. Кабыл алынган токтомду Талас шаарынын мэриясынын сайтына жайгаштыруу жана Кыргыз Республикасынын укуктук-ченемдик актылардын мамлекеттик реестринен каттоодон өткөрүүнү көзөмөлдөө Депутаттардын Талас шаардык кеңешинин жооптуу катчысына (Сариева А.Ж.) милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышына көзөмөлдүк кылуу Депутаттардын Талас шаардык кеңешинин “Өнөр жай, коммуналдык чарба, транспорт, курулуш, ишкерликти өнүктүрүү, электр жана байланыш иштери боюнча” туруктуу комиссиясынын төрагасына (Турсалиев У.К.) тапшырылсын.
Төрага |
| К. Джаныбеков |