Загрузка документа…
ТАЛАС ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Талас шаардык кеңешинин IX чакырылыштагы кезектеги VII сессиясы
2025-жылдын 2-июлу № 50/7-9
Талас шаарындагы Э.Кутманалиев атындагы стадионду Талас шаардык футбол боюнча жаш-өспүрүмдөр спорт мектебине ыкчам башкарууга өткөрүп берүүгө макулдук жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын 34-беренесинин 2-бөлүмүнүн 1-пункту, Кыргыз Республикасынын “Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө” мыйзамынын 4-главасынын 16-беренеси, 5-главасынын 19-беренесине ылайык, Депутаттардын Талас шаардык кенешинин “Бюджет жана муниципалдык менчик башкаруу боюнча” туруктуу комиссиясынын корутундусун карап, талкуулап чыгып, Талас шаарындагы Э.Кутманалиев атындагы стадионунда толук кандуу чарбалык иштерди жүргүзүү жана натыйжалуу пайдалануу максатында, Депутаттардын Талас шаардык кеңешинин сессиясы;
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Талас шаарындагы Э.Кутманалиев атындагы стадионду Талас шаардык футбол боюнча жаш-өспүрүмдөр спорт мектебине ыкчам башкарууга өткөрүп берүүгө макулдук берилсин.
2. Кабыл алынган токтомду Талас шаарынын мэриясынын сайтына жайгаштыруу жана Кыргыз Республикасынын укуктук-ченемдик актылардын мамлекеттик реестринен каттоодон өткөрүүнү көзөмөлдөө Депутаттардын Талас шаардык кеңешинин жооптуу катчысына (Сариева А.Ж.) милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышына көзөмөлдүк кылуу Депутаттардын Талас шаардык кеңешинин “Бюджет жана муниципалдык менчик башкаруу боюнча” туруктуу комиссиясынын төрагасына (Суйунтбеков А.О) тапшырылсын.
Төрага |
| К. Джаныбеков |