Загрузка документа…
КАРАКОЛ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Каракол айыл аймагынын айылдык кеңешинин кезекcиз VII- сессиясы
2025-жылдын 18-июлу № 95
Айыл өкмөтүнө кызматтык автоунааны лизинг аркылуу алуу жөнүндө
Каракол айыл өкмөтүнүн материалдык - техникалык базасын жакшыртуу, башкаруу ишмердүүлүгүн натыйжалуу жүргүзүү жана кызматтык милдеттерди өз убагында аткаруу максатында, Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат жөнүндө” Мыйзамын, “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Мыйзамын жана №633-т, 25.07.2025-жылы чыккан Министрлер Кабинетинин тескемесин жетекчиликке алып, кезектеги сессия;
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Каракол айыл өкмөтүнө кызматтык максатта пайдалануу үчүн автоунааны лизинг жолу менен алууга макулдук берилсин.
2. Автоунаа алуу үчүн талап кылынган каржылык шарттар, төлөм графиги жана келишимдер Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жүргүзүлсүн.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы бюджет жана экономика, жергиликтүү ѳз алдынча башкарууну ѳнүктүрүү, муниципалдык менчик, инвестиция жана тышкы экономикалык байланыш боюнча тармактык туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрайым |
| Э. Тилекова |