КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2026-жылдын 25-февралы № 134
Жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдорундагы жасалма курулмалар боюнча транспорт каражаттарынын өтүүсү үчүн жыйымдын өлчөмүн жана төлөөнүн тартибин бекитүү жөнүндө
Жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдорундагы тоннелдерди талаптагыдай күтүүнү жана эксплуатациялоону камсыз кылуу максатында, Салыктык эмес кирешелер жөнүндө Кыргыз Республикасынын кодексинин 61, 62 жана 63-беренелерине, «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Төмөнкүлөр бекитилсин:
– өтүү үчүн жыйым алынуучу автомобиль жолдорундагы жасалма курулмалардын тизмеги 1-тиркемеге ылайык;
– жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдорундагы тоннелдер аркылуу транспорт каражаттарынын өтүүсү үчүн жыйымды төлөөнүн өлчөмдөрү 2-тиркемеге ылайык;
– жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдорундагы тоннелдер аркылуу транспорт каражаттарынын өтүүсү үчүн жыйымды төлөөнүн тартиби 3-тиркемеге ылайык.
2. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:
1) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 5-декабрындагы № 638 «Бишкек – Ош автомобиль жолундагы тоннелдер аркылуу транспорт каражаттарынын өтүүсү үчүн жыйымдын өлчөмүн жана төлөөнүн тартибин бекитүү жөнүндө» токтому;
2) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 12-ноябрындагы № 677 «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 5-декабрындагы № 638 «Бишкек – Ош автомобиль жолундагы тоннелдер аркылуу транспорт каражаттарынын өтүүсү үчүн жыйымдын өлчөмүн жана төлөөнүн тартибин бекитүү жөнүндө» токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» токтому.
3. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
«Эркин-Тоо» мамлекеттик расмий гезитинин 2026-жылдын 27-февралындагы № 15 (3775) саны менен жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
|
А.А. Касымалиев |