Загрузка документа…
ТАЛАС ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Талас шаардык кеңешинин IX чакырылыштагы кезектеги VIII сессиясы
2025-жылдын 29-августу № 52/8-9
Талас шаарынын жергиликтүү бюджетинин 6 айында сатып алуулардан үнөмдөлгөн жана пайдаланбаган акча каражаттарын кайра бөлүштүрүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамынын 34-беренесинин 2-бөлүмүнүн 2-пункту, Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексине ылайык, Талас шаарынын мэриясынын 13.08.2025-жылдагы №01-19/2979, 26.08.2025-жылдагы №01-19/3135 чыгыш сандуу каттарынын негизинде, Талас шаардык кеңешинин “Бюджет жана муниципалдык менчик башкаруу маселелери боюнча” туруктуу комиссиясынын протоколун жана корутундусун карап, талкуулап чыгып, Депутаттардын Талас шаардык кеңешинин сессиясы;
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Талас шаарынын жергиликтүү бюджетинин 6 айында сатып алуулардан үнөмдөлгөн 5 551,4 миң сом жана пайдаланбаган 3 221,2 миң сом жалпы 8 772,6 миң сом акча каражаттарытөмөнкү бюджеттик мекеме ишканалардын беренелеринен азайтылсын:
- Талас шаардык мэриясынын 2214 беренесинен 27,7 мин сом, 2215 беренесинен 19,4 миң сом, 2222 беренесинен 33,4 мин сом, бардыгы 80,5 миң сом, Депутаттардын Талас шаардык кенешинин 2214 беренесинен 7,0 миң сом, 2215 беренесинен 4,2 миң сом, 2222 беренесинен 14,2 миң сом бардыгы 25,4 миң сом, Талас шаардык маданият бөлүмүнүн 2215 беренесинен 54,7 мин сом, Талас шаардык дене тарбия жана спорт секторунун 2215 беренесинен 10,1 миң сом, 3112 беренесинен 4,1 миң сом бардыгы 14,2 миң сом, Талас шаардык билим берүү бөлүмүнүн 2214 беренесинен 3,0 миң сом, 2215 беренесинен 11,8 миң сом, 2222 беренесинен 52,7 миң сом, 3112 беренесинен 6,0 миң сом бардыгы 73,5 миң сом, Талас шаардык жаш өспүрүмдөр спорт мектебинин 2215 беренесинен 1,4 миң сом, 2222 беренесинен 11,6 миң сом, 3112 беренесинен 2,3 миң сом бардыгы 15,3 миң сом, Талас шаардык күрөш боюнча жаш өспүрүмдөр спорт мектебинин 2214 беренесинен 20,6 миң сом, 2221 беренесинен 6,3 миң сом, 2222 беренесинен 55,5 миң. 3112 беренесинен 67,1 бардыгы 149,5 миң сом, “Баластан” балдарга билим берүү борборунун 2222 беренесинен 0,6 миң сом, 3112 беренесинен 0,5 миң сом бардыгы 1,1 миң сом, жалпы азайтуулар 414,2 миң сом.
- Талас шаарынын мэриясынын турак жай-коммуналдык чарба бөлүмүнүн 2511 субсидия беренесинен 5 137,2 миң сом акча каражаты төмөндөгү муниципалдык ишканалардан азайтылсын:
- “Талас жашыл чарба” муниципалдык ишканасы –481,4 миң сом, Талас шаарына коммуналдык кызмат көрсөтүү боюнча муниципалдык ишканасы-2313,0 миң сом, Талас шаарынын Муниципалдык менчик башкармалыгы- 2342,8 миң сом.
2. Жергиликтүү бюджеттин мекеме ишканаларынын беренелеринен азайтылган жалпы 8 772,6 сом акча каражаты кайра төмөндөгүдөй бөлүштүрүлүп каржылансын:
- Талас шаарынын мэриясынын турак жай-коммуналдык чарба бөлүмүнүн 2511 субсидия беренесине 8096,0 миң сом (анын ичинен Талас шаардык Муниципалдык менчик башкармалыгына-2375,0 миң сом, электр мамычаларын сатып алуу үчүн 3111 беренесине 77,0 миң сом, жалпы 2452,0 мин сом, Талас шаарынын коммуналдык кызмат көрсөтүү боюнча муниципалдык ишканасына Талас шаарына жарыктандырууларды орнотуу үчүн 5372,9 миң сом, Талас шаарынын чыгыш тарабындагы Аркасын жарыктандырууга 119,0 миң сом, А.Оторбаев-Ч.Сатаев көчөсүнүн кесилишиндеги балдар ойноочу аянтчаны курчоого 131,6 мин сом, Манас жана Р.Жолдошов көчөлөрүнө прожекторлорго кранштейн сатып алуу үчүн 20,5 мин сом, жалпы 5644,0 миң сом);
- Талас шаардык көркөм сүрөт музейинин 2221 беренесине 70,0 миң сом, 3112 беренесине 60,6 миң сом, Талас шаарынын маданият бөлүмүнө-2215 беренесине 136,0 миң сом, Талас жол чарба муниципалдык ишканасынын 3214 беренесине ссуда 410,0 мин сом акча каражаты Талас шаарынын мэриясына ачылган ссуда эсептик счету аркылуу каржылансын.
3. Талас каржы башкармалыгына (Ниязалиев М.Ж.) жогоруда көрсөтүлгөн өзгөртүүлөрдү киргизип, өз убагында каржылоо милдеттендирилсин.
4. Кабыл алынган токтомду Талас шаарынын мэриясынын сайтына жайгаштыруу жана Кыргыз Республикасынын укуктук-ченемдик актылардын мамлекеттик реестринен каттоодон өткөрүүнү көзөмөлдөө Депутаттардын Талас шаардык кеңешинин жооптуу катчысына (Сариева А.Ж.) милдеттендирилсин.
5. Токтомдун аткарылышына көзөмөлдүк кылуу Талас шаардык кеңешинин “Бюджет жана муниципалдык менчик башкаруу маселелери боюнча” туруктуу комиссиясынын төрагасына (Суйунтбеков А.О) тапшырылсын.
Төрага |
| К. Джаныбеков |