Загрузка документа…
ТАЛАС ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Талас шаардык кеңешинин IX чакырылыштагы кезектеги VIII сессиясы
2025-жылдын 29-августу № 53/8-9
Талас шаардык кенешинин Жобосун бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын 34-беренесинин 2-бөлүмүнүн 1-пункту, Талас шаардык кенешинин “Регламент, депутаттык этика, мыйзамдуулук укук тартиби, жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери, көчөлөрдүн жана башка социалдык маданий обьектилердин аттарын өзгөртүп кайрадан атоо боюнча” туруктуу комиссиясынын протоколун жана корутундусун карап, талкуулап чыгып, Депутаттардын Талас шаардык кеңешинин сессиясы;
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Талас шаардык кенешинин Жобосу тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Депутаттардын Талас шаардык кенешинин 20.04.2017-жылдагы №20/6-7 токтому жокко чыгарылсын.
3. Кабыл алынган токтомду Талас шаарынын мэриясынын сайтына жайгаштыруу жана Кыргыз Республикасынын укуктук-ченемдик актылардын мамлекеттик реестринен каттоодон өткөрүүнү көзөмөлдөө Депутаттардын Талас шаардык кеңешинин жооптуу катчысына (Сариева А.Ж.) милдеттендирилсин.
4. Токтомдун аткарылышына көзөмөлдүк кылуу Депутаттардын Талас шаардык кеңешинин “Регламент, депутаттык этика, мыйзамдуулук укук тартиби, жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери, көчөлөрдүн жана башка социалдык маданий обьектилердин аттарын өзгөртүп кайрадан атоо боюнча” туруктуу комиссиясынын төрагасына (Изабеков Ч.З.) тапшырылсын.
Төрага |
| К. Джаныбеков |
|
| БЕКИТИЛДИ Талас шаардык кеңешинин 29.08.2025-жылдагы №53/8-9 токтому менен |
Талас шаардык
кеңешинин
ЖОБОСУ
1. Жалпы жоболор
2. Шаардык кеңештин компетенциясы
3. Шаардык кеңештин ишмердүүлүгүнүн ачыктыгы
4. Шаардык кеңештин ченемдик укуктук актылары
5. Шаардык кеңештин түзүмү жана органдары
6. Шаардык кеңештин тѳрагасы жана тѳраганын орун басары
7. Шаардык кеңештин туруктуу жана убактылуу комиссиялары
8. Шаардык кеңештин туруктуу комиссияларынын ыйгарым укуктары
9. Шаардык кеңештин туруктуу комиссияларынын отурумдары
10. Депутаттык фракция
11. Шаардык кеңештин мамлекеттик бийлик органдары менен ѳз ара мамилеси
12. Шаардык кеңештин Талас шаарынын мэриясы менен ѳз ара мамилеси
13.Шаардык кеңештин ишин финансылык камсыздоо
14. Жобого ѳзгѳртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тартиби жана Шаардык кеңештин ишин токтотуу
1. Жалпы жоболор
1.1. Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 20-октябрындагы №123 “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамына ылайык, Талас шаардык кеңеши (мындан ары – Шаардык кеңеш) шаардын жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун ѳкүлчүлүктүү органы болуп эсептелет.
Шаардык кеңештин депутаттары өз иш-милдеттерин аткарууну, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамында белгиленген мөөнөттө өткөрүлүүчү өзүнүн биринчи сессиясынын күнүнөн тартып аткара баштайт жана өз ишин кийинки чакырылыштагы Шаардык кеңештин биринчи сессиясы өткөрүлгөн күнү токтотот. Чакырылыштын ыйгарым укугунун мѳѳнѳтү 5 жыл.
1.2. Талас шаардык кеңешинин Жобосу (мындан ары – Жобо) Кыргыз Республикасынын Конституциясына, Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 20-октябрындагы №123 “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамына, Кыргыз Республикасынын 2000-жылдын 13-январындагы №3 «Жергиликтүү кеңештин депутаттарынын статусужөнүндө» Мыйзамына жана Кыргыз Республикасында жергиликтүү өз алдынча башкаруунун ишмердүүлүгүн жана ишин жѳнгѳ салуучу Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларына ылайык иштелип чыкты.
1.3. Шаардык кеңеш, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында көрсөтүлгөн анын компетенциясына тиешелүү болгон маселелерди өз алдынча чечет, кабыл алынган чечимдеринин аткарылышын камсыз кылат, ал чечимдердин ишке ашырылышын көзөмөлдѳйт жана юридикалык жактын статусуна ээ.
1.4. Шаардык кеңештин Кыргыз Республикасынын мыйзамына каршы келбеген жана өз ыйгарым укугунун чегинде кабыл алынган чечимдери Талас шаарынын аймагында жайгашкан бардык мекемелер, ишканалар жана уюмдар тарабынан, шаардык өз алдынча башкаруу органынын кызмат адамдары, Талас шаарында жашаган жарандар жана жарандыгы жок жактар тарабынан милдеттүү түрдө аткарылышы керек.
1.5. Шаардык кеңештин жана анын органдарынын ишмердүүлүгүнүн тартиби Кыргыз Республикасынын Конституциясы, Кыргыз Республикасынын мыйзамдары, башка ченемдик укуктук актылары жана ушул Жобо менен аныкталат.
1.6. Шаардык кеңештин ишинин негизги уюштуруучу-укуктук формасы болуп сессия эсептелет.
1.7. Шаардык кеңештин Жобосу Шаардык кеңештин ыйгарым укуктарынын ишке ашырылышынын тартибин, анын уюштуруу жана ишмердик маселелерин, Шаардык кеңештин органдарынын түзүлүшүн, ошондой эле жалпы көзөмөлдөө ишмердүүлүгүнүн процедурасын жана тартибин аныктайт.
1.8. Шаардык кеңештин иши мыйзамдуулук, коллегиялдуулук, объективдүүлүк, маселелерди талкуулоону жана чечимдерди кабыл алууну эркин жүргүзүү принциптерине негизделет. Шаардык кеңештин сессиялары ачык өткөрүлөт.
1.9. Шаардык кеңештин депутаттары өз укуктары менен милдеттерин, Кыргыз Республикасынын Конституциясында, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө”, Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү кеңештин депутаттарынын статусу жөнүндө» мыйзамдарында, Кыргыз Республикасынын башка мыйзамдарында жана ченемдик укуктук актыларында, ошондой эле ушул Жободо аныкталган кепилдиктердин негизинде тоскоолдуксуз ишке ашырууга укуктуу.
Шаардык кеңеш ѳзүнүн ишмердүүлүгүндѳ Кыргыз Республикасынын Конституциясын жана Мыйзамдарын, Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыктарын жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин токтомдорун жана чечимдерин, ошондой эле жергиликтүү жамааттын Уставын, ушул Жобону жетекчиликке алат.
1.10. Шаардык кеңештин толук аталышы:
кыргыз тилинде:
“Талас шаардык кеңеши”
орус тилинде:
“Таласский городской кенеш”
1.11. Шаардык кеңештин мамлекеттик символикасы менен ѳзүнүн мѳѳрү, мамлекеттик жана расмий тилдердеги аталышы менен штампы, ошондой эле банк мекемелеринде алыш-бериш жана башка эсептери бар.
1.12. Шаардык кеңештин юридикалык дареги: почта индекси 724200, Кыргыз Республикасы, Талас облусу, Талас шаары, К.Нуржанов аллеясы, 18, телефон (03422) 5-31-95, факс: (03422) 5-35-95.
2. Шаардык кеңештин компетенциясы
2.1. Шаардык кеңеш Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамга ылайык, тѳмѳндѳгү маселелерди кароого жана чечим кабыл алууга укуктуу.
1) жергиликтүү маанидеги маселелерди башкаруунун тартибин белгилөө;
2) жергиликтүү бюджетти жана анын аткарылышы жөнүндө отчетту бекитүү, ошондой эле бюджеттин аткарылышынын жүрүшү жана бюджеттен тышкаркы фонддорду пайдалануу жөнүндө маалыматты угуу;
3) аймакты социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүүнүн жана калкты социалдык жактан коргоонун программаларын бекитүү, программалардын аткарылышы жөнүндө отчетту угуу;
4) жергиликтүү салыктарды, жыйымдарды жана алар боюнча жеңилдиктерди киргизүү, ошондой эле мыйзамдарда каралган учурларда алар боюнча ставкаларды аныктоо;
5) муниципалдык менчикти пайдалануу жана тескөө тартибин, анын ичинде муниципалдык менчиктин объекттерин менчиктештирүү программаларын бекитүү жолу менен белгилөө, муниципалдык менчикти пайдаланууга контролду ишке ашыруу;
6) жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органынын иш жөнүндө жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органынын башчысынын отчетун угуу;
7) тиешелүү мамлекеттик органдарга киргизүү максатында административдик-аймактык түзүлүш боюнча сунуштарды иштеп чыгуу;
8) кеңештин төрагасын, анын орун басарын шайлоо, аларды кызмат орундарынан бошотуу, кеңештин төрагасынын мыйзамдарга карама-каршы келген чечимдерин жокко чыгаруу;
9) кеңештин регламентин кабыл алуу;
10) өз чечимдеринин аткарылышына көзөмөлдүк кылуу;
11) муздак сууну, канализацияны, жылуулук менен жабдууну пайдалануу үчүн, ошондой эле мыйзамдарга ылайык турмуш-тиричиликтин катуу калдыктарын чогултуу, ташып чыгаруу жана жок кылуу үчүн тарифтерди бекитүү;
12) алкоголдук ичимдиктерди жана тамеки буюмдарын сатуу убактысы жана жери боюнча чектөөлөрдү тыюу салууга чейин белгилөө;
13) расымдык иш-чараларды өткөрүү эрежелерин бекитүү;
14) ирригациялык тармактарды, үй жана үй жанындагы участкаларды күтүү тартибин белгилөө;
15) жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органынын башчысына ишенбестик билдирүү;
16) бюджетти, аймакты социалдык-экономикалык өнүктүрүү жана калкты социалдык коргоо программаларын жана анын компетенциясына кирген башка маселелерди аткарбагандыгынан улам, жергиликтүү өз алдыча башкаруунун аткаруу органынын башчысынын ээлеген кызматына шайкештиги жөнүндө маселени кароо тууралуу сунуш киргизүү;
17) мыйзамдарга ылайык башка маселелерди чечүү.
18) «Талас шаарынын Ардактуу атуулу» наамын ыйгаруу;
19) жергиликтүү жамааттын уставына жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык башка маселелерди чечүү.
3. Талас шаардык кеңеши
3.1. Талас шаардык кеңеши – шаардын тиешелүү аймагында жашаган жарандар тарабынан жалпыга бирдей, тең, түз жана жашыруун добуш берүү аркылуу 5 жылдык мөөнөткө шайланган, 31 депутаттан турган, өзүнүн ишин коллегиялдык негизде жүзөгө ашырган, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органы болуп саналат.
3.2. Шаардык кеңеши Кыргыз Республикасынын Конституциясы жана мыйзамдарында каралган ыйгарым укуктарынын чегинде шаар калкынын кызыкчылыгын колдойт жана тиешелүү аткаруучу органдар аркылуу маселелерди чечет жана ал чечимдердин аткарылышына көзөмөл кылат.
3.3. Шаардык кеңештин сессиялары, фракциялардын, туруктуу жана убактылуу комиссиялардын жыйындары, депутаттык жана бюджеттик угуулар, кеңештин иши менен байланышкан башка иш-чаралар Шаардык кеңештин ишинин формалары болуп эсептелинет.
3.4. Шаардык кеңештин иши мыйзамдуулук, коллегиялдуулук, объективдүүлүк, маселелерди талкуулоону жана чечимдерди кабыл алууну эркин жүргүзүү принциптерине негизделет.
3.5. Шаардык кеңештин Жобосу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган ыйгарым укуктарды жүзөгө ашыруу тартибин, жол-жобосун жана анын ишин уюштурууну аныктайт.
3.6. Шаардык кеңештин өзүнө таандык мөөрү, штампы жана символикалары бар бланктары, банктык мекемелерде эсептик счету, жеке мүлкү бар, өз милдеттери боюнча жооп бере алган юридикалык жак, мүлктүк жана мүлктүк эмес укуктарын жана милдеттерин ишке ашыра алат, сотто жооп берүүчү жана дооматчы боло алат.
4. Шаардык кеңештин ыйгарым укуктары
4.1. Шаардык кеңеш Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында аныкталган ыйгарым укуктарынын чегинде, ушул Жободо белгиленген тартипте алар боюнча маселелерди кароого жана чечим кабыл алууга укуктуу.
4.2. Шаардык кеңештин сессиясында төмөнкүдөй маселелер каралат:
1) жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүүнүн тартибин белгилөө;
2) жергиликтүү бюджетти жана анын аткарылышы жөнүндө отчетту бекитүү, ошондой эле бюджеттин аткарылышынын жүрүшү жана бюджеттен тышкаркы фонддорду пайдалануу жөнүндө маалыматты угуу;
3) аймакты социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүүнүн жана калкты социалдык жактан коргоонун программаларын бекитүү, программалардын аткарылышы жөнүндө отчетту угуу;
4) жергиликтүү салыктарды, жыйымдарды жана алар боюнча жеңилдиктерди киргизүү, ошондой эле мыйзамдарда каралган учурларда алар боюнча ставкаларды аныктоо;
5) муниципалдык менчикти пайдалануу жана тескөө тартибин бекитүү, муниципалдык менчикти пайдаланууга көзөмөлдү ишке ашыруу:
а) муниципалдык менчик обьектилеринин реестрин бекитүү;
б) муниципалдык менчиктин объектилерин менчиктештирүү программасын бекитүү;
в) муниципалдык менчик обьектилерин ипотекага же күрөөгө коюуга макулдук берүү;
г) муниципалдык менчик обьектилерин сатууга, объектилерди муниципалдык менчикке сатып алууга макулдук берүү;
д) муниципалдык менчикти эсептен чыгаруунун тартибин бекитүү.
5) шаар мэриясынын иши жөнүндө мэрдин отчетун угуу;
6) тиешелүү мамлекеттик органдардын кароосуна киргизүү максатында административдик-аймактык түзүлүш боюнча сунуштарды иштеп чыгуу;
7) кеңештин төрагасын, анын орун басарын шайлоо, аларды кызмат орундарынан бошотуу, кеңештин төрагасынын мыйзамдарга карама-каршы келген чечимдерин жокко чыгаруу;
8) Шаардык кеңештин регламентин кабыл алуу;
9) Шаардык кеңештин жылдык иш планын бекитүү;
10) Шаардык кеңештин туруктуу (убактылуу) комиссияларын түзүү жана жоюу, туруктуу (убактылуу) комиссиялардын жеке курамын бекитүү жана алардын курамына өзгөртүүлөрдү киргизүү, отчетторун угуу;
11) өз чечимдеринин аткарылышына көзөмөлдүк кылуу;
12) ичүүчү сууну, канализацияны, жылуулук менен жабдууну пайдалануу үчүн, ошондой эле турмуш-тиричиликтин катуу калдыктарын чогултуу, ташып чыгаруу жана жок кылуу, башка коммуналдык кызмат көрсөтүүлөр үчүн тарифтерди мыйзамдарга ылайык бекитүү;
13) жалпы пайдалануудагы автомобиль транспортунда жүргүнчүлөрдү ташууга тарифтерди бекитүү;
14) алкоголдук ичимдиктерди жана тамеки буюмдарын сатуу убактысы жана жери боюнча чектөөлөрдү тыюу салууга чейин белгилөө;
15) расымдык иш-чараларды өткөрүү эрежелерин бекитүү;
16) ирригациялык тармактарды, үйдү жана үй жанындагы участкаларды күтүү тартибин белгилөө;
17) бюджетти, шаардын социалдык-экономикалык өнүктүрүү жана калкты социалдык коргоо программаларын жана анын компетенциясына кирген башка маселелерди аткарбагандыгынан улам шаар мэринин ээлеген кызматына шайкештиги жөнүндө маселени кароо тууралуу сунуш киргизүү;
18) шаар мэрине ишенбестик билдирүү;
19) шаардын аймагында көрктөндүрүү, соода, сырткы жарнактарды жана маалыматтарды жайгаштыруу эрежелерин бекитүү;
20) башка жергиликтүү кеңештер менен кызматташуу жана тажрыйба алмашуу боюнча иштерди уюштуруу;
21) шаар тургундарынын тарыхый жана маданий салттарын сактоо жана өнүктүрүү, маданияттын муниципалдык мекемелерин өнүктүрүү боюнча иш-чаралардын планын бекитүү;
22) шаардын аймагында айлана-чөйрөнү коргоо жана санитардык тазалоону контролдоо, тазалыкты жана тартипти сактоо боюнча иш-чаралардын планын бекитүү;
23) шаардык кеңештин депутаттарынын өз шайлоочуларына отчет берүүсү, шайлоочулардын суроо-талаптарын аткаруу жана шайлоочулар менен иштөө боюнча иш-чаралардын ар жылдык планын бекитүү, депутаттардын отчетун угуу;
24) жергиликтүү маанидеги маселелер боюнча жыйындарды, коомдук угууларды, курултайларды өткөрүү боюнча ар жылдык планын бекитүү;
25) жергиликтүү коомдоштуктун Уставын бекитүү, анын жоболорунун аткарылышын көзөмөлдөө;
26) шаардын артыкчылыктуу көйгөйлөрүн аныктоо жана аларды биргеликте чечүү максатында шаар мэриясы менен бирдикте активдүү жарандарды, демилгечи топторду, жамааттарды, коомдук бирикмелерди, жаштарды, бизнес коомдоштуктарын жана башка кызыкдар жактарды тартуу боюнча иштерди жүргүзүү;
27) кызмат көрсөтүүгө баа берүүнү жүргүзүүнүн усулун, жергиликтүү бюджеттин каражаттарынын, жергиликтүү коомдоштуктун, донордук уюмдардын салымдарынын эсебинен жүзөгө ашырылуучу жергиликтүү демилгелерди, долбоорлорду, программаларды бекитүү, ошондой эле кошмо мониторингдин жана баа берүүнүн топтору, анын курамы жөнүндө жобону бекитүү жана ошол топтордун сунуштарынын негизинде тийиштүү чараларды кабыл алуу;
28) өзүнүн карамагына кирген маселелер боюнча коомдук пикирди эсепке алуу үчүн коомдук угууларды өткөрүү, алардын жыйынтыгы боюнча көрүлүүчү чараларды шаар мэрине тапшыруу;
29) депутаттардын өздөрүнүн ыйгарым укуктарын жүзөгө ашыруусуна көмөктөшүү үчүн Шаардык кеңештин депутаттарынын коомдук башталыштагы коомдук жардамчыларын тартуунун тартибин бекитүү;
30) мыйзамдарга ылайык башка маселелерди чечүү.
ШААРДЫК КЕҢЕШТИН ТҮЗҮМҮ ЖАНА ОРГАНДАРЫ
5. Шаардык кеңештин төрагасы жана орун басары
5.1. Шаардык кеңештин төрагасы сессияда депутаттардын ичинен жашыруун добуш менен шаардык кеңештин ыйгарым укуктарынын мөөнөтүнө шайланат.
5.2. Шаардык кеңештин төрагасынын кызмат ордуна шайлоо үчүн талапкерди көрсөтүү укугуна депутаттык фракция же 5 депутаттан кем эмес сандагы топ ээ. Ар бир депутаттык фракция бир гана талапкерди көрсөтүүгө укугу бар.
5.3. Шаардык кеңештин төрагасынын кызмат ордуна талапкерди көрсөтүү алар талапкер кылып сунуштаган депутатты көрсөтүү жөнүндө төрагалык кылуучуга сунуш берүү жолу аркылуу жүргүзүлөт.
5.4. Талапкерди көрсөтүү жөнүндө арыздар төрагалык кылуучу тарабынан күбөлөндүрүлөт жана аларды жашыруун добуш берүү үчүн бюллетенге киргизүү үчүн эсептөө комиссиясына берилет.
5.5. Шаардык кеңештин төрагасынын кызмат ордуна талапкер депутаттардын алдында чыгып сүйлөйт, алардын суроолоруна жооп берет.
Чыгып сүйлөө үчүн ага 5 мүнөткө, суроолорго жооп берүү үчүн 3-5 мүнөткө, корутунду сөз сүйлөө үчүн 5 мүнөткө чейин сөз берилет.
5.6. Шаардык кеңештин төрагасынын кызмат ордуна талапкер добуш берүү жол-жоболору башталганга чейин өзүн өзү алып кое алат, бул тууралуу төрагалык кылуучуга добуш бергенге чейин өзүнүн тапкерлигин алып коюу жөнүндө арызын жөнөтөт. Өзүн өзү алып коюу добуш берүүсүз кабыл алынат.
5.7. Талкуулоо токтотулгандан кийин эсептөө комиссиясы шаардык кеңештин төрагасынын кызмат ордуна талапкерлер боюнча маалыматты (Ф.А.А.) жашыруун добуш берүү үчүн бюллетенге киргизет.
5.8. Шаардык кеңештин төрагасын шайлоо депутаттар тарабынан жашыруун добуш берүү жолу менен жүзөгө ашырылат. Эгерде ага депутаттардын жалпы санынын көпчүлүгү катышса, төраганы шайлоо боюнча кворум түзүлдү деп эсептелет.
5.9. Шаардык кеңештин депутаттарынын жалпы санынын көпчүлүк добушун алган талапкер төрага болуп шайланды деп эсептелет.
6. Шаардык кеңештин төрагасынын ыйгарым укуктары
6.1. Шаардык кеңештин төрагасы:
- Шаардык кеңештин сессияларын чакырат жана алып барат;
- Шаардык кеңештин иш планын бекитүү үчүн сессияга чыгарат;
- Шаардык кеңештин сессияларын даярдоого жалпы жетекчилик жүргүзөт, маселелерди алдын ала кароо жана алар боюнча тийиштүү корутундуларды (чечимдерди) чыгарып сессиянын күн тартибине киргизүү үчүн туруктуу комиссияларга жөнөтөт;
- Шаардык кеңештин сессиясынын кароосуна чыгарылган маселелердин даярдыгын көзөмөлдөйт;
- Шаардык кеңештин сессиясынын күн тартибин түзөт;
- Шаардык кеңештин токтомдоруна кол коет жана алардын жарыяланышына жана аткарылышына көзөмөл жүргүзөт;
- Шаардык кеңештин туруктуу жана убактылуу комиссияларынын ишин координациялайт;
- фракциялардын ишине көмөктөшөт;
- Шаардык кеңештин төрагасынын орун басарынын/орун басарларынын жана туруктуу (убактылуу) комиссияларынын төрагаларынын өз милдеттерин аткаруусун көзөмөлдөйт;
- депутаттарга өздөрүнүн ыйгарым укуктарын жүзөгө ашырууга, жарандарды кабыл алуусуна, шайлоочулардын алдында отчет берүүсүнө көмөктөшөт, аларды маалыматтар менен камсыз кылат, депутаттардын укуктарын жана милдеттерин жүзөгө ашырууга байланышкан маселелерди карайт;
- Шаардык кеңештин жана анын органдарынын ишинин ачык-айкындыгын камсыз кылат;
- мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, коомдук бирикмелер жана жарандар менен болгон мамиледе Шаардык кеңештин атынан чыгат;
- Шаардык кеңештин жергиликтүү коомдоштуктар, аймактык коомдук өз алдынча башкаруу органдары, мамлекеттик органдардын аймактык бөлүмдөрү жана тиешелүү аймакта жайгашкан башка юридикалык жактар менен өз ара аракеттерин уюштурат;
- Шаардык кеңештин, анын органдарынын аброюн, депутаттардын ар-намысын жана кадыр-баркын коргоо жана сактоо боюнча чараларды кабыл алат;
- мыйзамдарга ылайык Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктары менен сыйлоо, ардак наамдарын ыйгаруу жөнүндө өтүнүч берет;
- ушул Жобого жана башка ченемдик укуктук актыларга ылайык башка маселелерди чечет.
6.2. Шаардык кеңештин төрагасы өзүнүн компетенциясынын чектеринде тескеме (буйрук) чыгарат. Төраганын тескемеси Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына карама каршы келген учурда, ал Шаардык кеңештин сессиясында депутаттар аркылуу жокко чыгарылышы мүмкүн.
7. Шаардык кеңештин төрагасынын орун басары
7.1. Шаардык кеңештин төрагасынын орун басарлары Шаардык кеңештин ыйгарым укугунун мөөнөтүнө төраганын берген сунушу боюнча Шаардык кеңештин сессиясында депутаттардын ичинен депутаттардын жалпы санынын көпчүлүк добушу менен шайланат. Шаардык кеңештин төрагасынын орун басарларын шайлоодо добуш берүү ачык же жабык болоорун ошол сессияда депутаттар чечет.
Шаардык кеңештин төрагасынын 2 орун басары болот.
7.2. Шаардык кеңештин төрагасынын орун басарлары өз ишин коомдук башталышта аткарат.
7.3. Шаардык кеңештин төрагасынын орун басарлары:
-Шаардык кеңештин төрагасынын тапшырмаларын аткарат;
-Шаардык кеңештин төрагасы жок болгон учурда же ал өзүнүн иш-милдеттерин аткарууга мүмкүн болбой калган учурда төраганын иш-милдеттерин аткарат, ошондой эле төраганын тапшыруусу боюнча сессияларды алып барат;
8. Шаардык кеңештин төрагасынын жана анын орун басарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу
8.1. Шаардык кеңештин төрагасы жана анын орун басарлары алардын жеке өтүнүчү боюнча, ошондой эле алар өздөрүнүн милдеттерин аткара албай калган шарттарга байланыштуу ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотот. Мындай учурда төрага жана анын орун басары ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө маселесин жазуу жүзүндө кеңешке кайрылат. Мындай учурда ачык добуш берүү аркылуу депутаттардын жалпы санынын көпчүлүк добушу менен өтүнүч кабыл алынат.
8.2. Өздөрүнүн милдеттерин аткарбаган же талаптагыдай аткарбаган учурда шаардык кеңештин сессиясында жашыруун (же ачык) добуш берүү жолу менен шаардык кеңештин төрагасы, төрагасынын орун басары ээлеген кызмат ордунан мөөнөтүнөн мурда бошотулушу мүмкүн. Шаардык кеңештин төрагасын, төраганын орун басарын мөөнөтүнөн мурда бошотуу тууралуу маселе эң кем дегенде депутаттардын жалпы санынын үчтөн биринин демилгеси боюнча киргизилет.
8.3. Шаардык кеңештин төрагасын мөөнөтүнөн мурда бошотуу тууралуу чечим депутаттардын жалпы санынын үчтөн экиден кем эмесинин добуштары менен, ал эми төраганын орун басарын мөөнөтүнөн мурда бошотуу тууралуу чечим, депутаттардын жалпы санынын көпчүлүк добушу менен кабыл алынат. Бул учурда добуш берүүнүн ачык же жашыруун болушун ушул Жободо белгиленген тартипте аныкталат.
9. Шаардык кеңештин туруктуу жана убактылуу комиссиялары
9.1. Шаардык кеңештин карамагына кирген маселелерди алдын ала кароо жана даярдоо үчүн, ошондой эле кеңештин чечимдерин жүзөгө ашырууга катышуу, шаарда жайгашкан мекемелер жана уюмдар тарабынан аткарылышына контролдук кылуу үчүн туруктуу комиссиялар түзүлөт. Зарыл болгон учурда Шаардык кеңеш тарабынан ошондой эле убактылуу комиссиялар түзүлүшү мүмкүн.
Шаардык кеңештин карамагына кирген маселелер тиешелүү туруктуу комиссиялар тарабынан алдын ала каралбай туруп, сессияда каралышы мүмкүн эмес.
9.2. Туруктуу комиссиялар Шаардык кеңештин түзүмдүк бөлүгү болуп саналат жана шаардык кеңештин ыйгарым укугунун мөөнөтүнө токтом кабыл алуу менен түзүлөт жана депутаттардын жалпы санынын көпчүлүк добушу менен бекитилет.
9.3. Туруктуу комиссиялар Шаардык кеңештин депутаттарынын ичинен түзүлөт. Туруктуу комиссиялардын курамына кеңештин төрагасы жана анын орун басарлары шайлана албайт.
9.4. Туруктуу комиссиянын сандык курамы: 5 депутаттан кем болбоого жана 7 депутаттан көп болбоого тийиш.
9.5. Шаардык кеңештин депутаты экиден ашык эмес туруктуу комиссияга мүчө боло алат жана туруктуу комиссиялардын мүчөлөрү бирдей укукка ээ. Комиссия мүчөсүнүн ыйгарым укуктары кеңеш тарабынан анын өтүнүчү боюнча, ошондой эле ага өз милдеттерин аткарууга мүмкүндүк бербеген жагдайларга байланыштуу мөөнөтүнөн мурда токтотулушу мүмкүн.
9.6. Туруктуу комиссиялардын мүчөлөрү өздөрүнүн курамынан алардын жалпы санынын көпчүлүк добушу менен комиссиянын төрагасын жана орун басарын шайлашат.
9.7. Комиссиянын төрагасы жана орун басары өзүнүн милдеттерин талаптагыдай аткарбаган учурда комиссиянын көпчүлүк мүчөлөрүнүн чечими боюнча жаңыдан шайланышы мүмкүн.
9.8. Туруктуу комиссиялар шаардык кеңештин алдында жоопкер жана ага отчет берет. Кезектеги жыл аяктагандан кийин туруктуу комиссиялар өзүнүн иши жөнүндө шаардык кеңешке отчет беришет.
9.9. Ыйгарым укуктарынын мөөнөтүнүн аралыгында, зарылчылыкка жараша, шаардык кеңеш жаңы туруктуу комиссияны түзүүгө, мурда түзүлгөндөрдү жоюуга жана кайра түзүүгө, алардын курамына өзгөртүү киргизүүгө укугу бар.
10. Шаардык кеңештин туруктуу комиссияларынын ыйгарым укуктары
10.1. Шаардык кеңештин туруктуу комиссиялары өздөрүнүн компетенцияларынын чектеринде карамагына кирген маселелерди даярдоону жана алдын ала кароону ишке ашырат, тийиштүү корутунду же чечим менен аларды кеңештин кароосуна киргизет;
Шаардык кеңештин туруктуу комиссиялары:
1) тиешелүү аймакта социалдык-маданий жана өндүрүштүк инфраструктураны өнүктүрүү, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун экономикалык негизин чыңдоо маселелери боюнча сунуштарды кеңешке киргизет;
2) Шаардык кеңеш тарабынан кабыл алынган чечимдердин аткарылышына көзөмөлдү ишке ашырат;
3) өзүнүн ишине илимпоздорду, адистерди, көз карандысыз эксперттерди, жарандык коомдун өкүлдөрүн жана жергиликтүү коомдоштуктун мүчөлөрүн жана башка адамдарды тартууга укуктуу;
4) иш-аракеттеринин майнаптуулугун жана натыйжалуулугун аныктоо максатында шаардык кеңеш кабыл алган ченемдик укуктук актылардын мониторингин жана аларга баа берүүнү шаардык кеңеш белгилеген тартипте туруктуу негизде жүргүзөт.
10.2. Шаардык кеңештин туруктуу комиссиялары өзүнүн карамагына кирген маселелер боюнча шаар мэриясынын, муниципалдык ишканалардын жана мекемелердин жетекчилерин жана кызматкерлерин угууга укуктуу.
10.3. Шаардык кеңештин туруктуу комиссиялары өзүнө караштуу аймакта жайгашкан уюмдардын жана мекемелердин ыкчам-чарбалык ишине кийлигишүүгө укуксуз.
11. Туруктуу комиссиялардын жыйындары
11.1. Туруктуу комиссиялардын жыйындары комиссиянын иш-планына ылайык чакырылат.
11.2. Туруктуу комиссиялар алардын компетенциясына кирген маселелер боюнча тийиштүү чечимдерди же корутундуларды кабыл алат.
11.3. Туруктуу комиссиялардын жыйындары коомчулук үчүн ачык болуп саналат, кызыкдар болгон бардык тараптар туруктуу комиссияларлардын жыйындарына белгиленген тартипте катышууга укуктуу.
11.4. Эгерде мыйзамдарга ылайык каралып жаткан маселе мамлекеттик сырга тийиштүү болгон учурда туруктуу комиссиянын мүчөлөрү комиссиянын жашыруун жыйынын өткөрүү тууралуу чечим кабыл алат.
11.5. Комиссиянын төрагасы жыйынды өткөрүү датасы жана анда каралуучу маселер тууралуу 3 жумушчу күндөн кеч эмес комиссиянын мүчөлөрүнө, шаардык кеңештин төрагасына жана анын орун басарларына кабарлайт, ошондой эле жарандарга, чакырылган адамдарга алдын ала маалымдоо боюнча чараларды кабыл алат.
11.6. Эгерде жыйынга комиссиянын мүчөлөрүнүн жарымынан ашыгы катышса, анда ал укук ченемдүү болуп эсептелет. Комиссиянын чечими комиссиянын мүчөлөрүнүн жөнөкөй көпчүлүк добушу менен кабыл алынат.
11.7. Туруктуу комиссиянын төрагасы өзүнүн демилгеси менен, ошондой эле, комиссиянын мүчөлөрүнүн үчтөн биринин, шаардык кеңештин төрагасынын талабы боюнча да комиссиянын жыйынын чакыра алат.
11.8. Туруктуу комиссиянын жыйынына кеңеш берүүчү добуш укугу менен ошол комиссияга мүчө эмес депутаттардын, ошондой эле шаардык кеңештин төрагасынын жана анын орун басарларынын, шаар мэринин катышууга укугу бар, алар талкууланган маселе боюнча сөз сүйлөөгө жана талкууланган маселе боюнча өз пикирин билдирүүгө укуктуу.
11.9. Комиссиянын чечимине, корутундусуна туруктуу комиссиянын төрагасы кол коет, ал жокто анын орун басары кол коет.
11.10. Шаардык кеңештин туруктуу комиссияларынын иштерин материалдык-техникалык жактан камсыз кылуу (орун-жай, эмеректер, кенсе товарлары ж.б. менен камсыз кылуу) кеңештин аппаратына жүктөлөт.
11.11. Бир нече туруктуу комиссиялардын карамагына кирген маселелер комиссиялардын демилгеси менен, ошондой эле Шаардык кеңештин төрагасынын тапшырмасы боюнча туруктуу комиссиялардын кошмо жыйыны уюштурулушу мумкүн.
12. Туруктуу комиссиянын төрагасынын ыйгарым укуктары
12.1. Туруктуу комиссиянын төрагасы:
1) комиссиянын жыйындарына төрагалык кылат;
2) комиссиянын дарегине келип түшкөн документтер жөнүндө комиссиянын мүчөлөрүнө түздөн-түз же жооптуу катчы (же аппарат кызматкери) аркылуу маалымдайт;
3) комиссиянын мүчөлөрү, жооптуу катчы, шаардык кеңештин төрагасы менен бирдикте бир жылга туруктуу комиссиянын иш планын түзөт;
4) туруктуу комиссиялардын мүчөлөрү менен бирдикте комиссиянын жыйынынын күн тартибинин долбоорун түзөт;
5) комиссиянын жыйынын чакырат жана зарыл документтерди жана башка материлдарды даярдоону уюштурат;
6) комиссиянын ишине байланыштуу материалдар жана документтер менен комиссия мүчөлөрүн тааныштырат;
7) жыл сайын шаардык кеңештин сессияларында туруктуу комиссиянын ишинин жыйынтыктары жөнүндө отчет берет.
13. Туруктуу комиссиялардын мүчөлөрү
13.1. Туруктуу комиссиялардын мүчөлөрү төмөндөгүлөргө укуктуу:
1) туруктуу комиссиялардын жыйынында кароо үчүн сунуштарды киргизүүгө;
2) комиссиянын иш планы, комиссиянын жыйындарынын күн тартиби боюнча, талкуулануучу маселелерди кароонун тартиби жана анын маңызы боюнча сунуштарды жана сын-пикирлерди киргизүүгө;
3) комиссияда каралып жаткан маселелер боюнча кызмат адамдарынын жана башка адамдардын маалыматтарын угуунун зарылдыгы жөнүндө сунуш киргизүүгө;
4) комиссиянын чечимдеринин, корутундуларынын долбооруна сунуштарды жана сын-пикирлерди киргизүүгө;
5) өзүнүн сунуштарын негиздөө менен чыгып сүйлөөгө, маалымат берүүгө;
6) комиссиянын компетенциясына кирген маселелер боюнча маалымат алууга.
13.2. Туруктуу комиссиялардын мүчөлөрү төмөндөгүлөргө милдеттүү:
1) өзү мүчөсү болуп саналган туруктуу комиссиялардын бардык жыйындарына катышууга. Комиссиянын жыйынына жүйөлүү себептерден улам катышууга мүмкүнчүлүгү болбой калган учурда комиссиянын төрагасына жазуу жүзүндө билдирүүгө;
3) Шаардык кеңештин жана анын комиссияларынын компетенцияларына кирген маселелерлерге арналган иш-чараларга катышууга;
4) ал кабыл алган чечимдерди жүзөгө ашырууга активдүү катышууга, комиссиянын тапшырмаларын аткарууга.
14. Фракциялардын жетекчилиги
14.1. Фракциянын ишин ошол саясий партиядан шайланган депутаттар шайлаган лидер жетектейт.
14.2. Фракция лидеринин ыйгарым укуктары:
-Шаардык кеңеште жана анын чегинен тышкары фракциянын атынан чыгат;
-фракциянын ишин уюштурат жана координациялайт;
-фракциянын чечимдерине кол коёт;
-ички фракциялык тартипти көзөмөлдөөнү жүзөгө ашырат;
-фракциянын чечими боюнча шаардык кеңештин түзүмдөрүнө (комиссияга) талапкерлерди сунуш кылат;
-фракциянын чечимдеринин аткарылышын көзөмөлдөйт;
-фракциянын чечими боюнча жыйналышта талкууланып жаткан маселе боюнча анын саясий көз карашын жарыялайт;
-Шаардык кеңештин жетекчилиги жана шаар мэриясы, жергиликтүү администрациялар менен фракциянын өз ара аракеттенүүсүн камсыз кылат;
-эсептөө комиссиясынын курамына өкүлдөрдү сунуш кылат;
-Шаардык кеңештин туруктуу жана убактылуу комиссияларынын жыйналыштарына, ошондой эле Шаардык кеңештин иш-чараларына фракциянын мүчөлөрүнүн катышуусун камсыз кылат;
-ушул Жобого ылайык башка ыйгарым укуктарды жүзөгө ашырат.
14.3. Фракциянын лидери бир эле учурда төраганын, төраганын орун басарларынын кызмат орундарын ээлей албайт.
15. Фракциялардын укуктары
15.1. Фракция төмөнкүдөй укуктарга ээ:
- Шаардык кеңеш карап жаткан маселелер боюнча саясий көз карашын билдирүүгө;
- төрагага Шардык кеңештин кезексиз жыйналышын чакыруу жөнүндө сунуш киргизүүгө;
- фракциянын өкүлү фракциянын атынан билдирүүлөрдү, баяндамаларды, кошумча баяндамаларды, билдирмелер жана сунуштар менен чыгып сүйлөөгө;
- башка фракциялар менен биргелешкен жыйналыштарга катышууга, фракциянын жыйналышына кызыкдар адамдарды чакырууга, эксперттер жана адистер менен кеңешүүгө;
- Шаардык кеңештин ар жылдык жумуш планы боюнча сунуштарды киргизүүгө;
- Шаардык кеңештин туруктуу жана убактылуу комиссияларынын курамына фракция мүчөлөрүнүн талапкерлигин сунуш кылууга жана аларды чакыртып алуу боюнча сунуштарды киргизүүгө;
- Шаардык кеңештин ыйгарым укуктарына таандык болгон кызмат адамдарын шайлоо, бошотуу, бекитүү, жактыруу, макулдук берүү, дайындоо боюнча сунуштарды киргизүүгө;
- айрым маселелерди иликтөө боюнча жумушчу топторун түзүү боюнча сунуштарды киргизүүгө;
- Шаардык кеңештин жыйналышынын протоколуна киргизүү үчүн кандай гана болбосун талкууланып жаткан маселе боюнча фракциянын өзгөчө пикирин берүүгө;
- фракциянын материалдарын жана документтерин жалпыга маалымдоо каражаттарына жарыялоого;
- фракция мүчөлөрүнүн аракеттерине, шайлоочулардын кайрылууларын кароого жана фракциялык тартипти чыңдоо максатында зарыл чараларды көрүүгө;
- Кыргыз Республикасынын жана ушул Жободо каралган башка укуктарды жүзөгө ашырууга.
ШААРДЫК КЕҢЕШТИН ИШИН УЮШТУРУУ
16. Шаардык кеңештин биринчи (уюштуруу) сессиясы
16.1. Жаңы шайланган Шаардык кеңештин биринчи сессиясы мурдагы чакырылыштагы кеңештин төрагасы тарабынан (эгерде мыйзамда башкача жазылбаса) шайлоонун расмий жыйынтыктары жарыялангандан кийин эки жумалык мөөнөттөн кечиктирилбестен чакырылат.
Биринчи сессияны даярдоону Шаардык кеңештин аппараты (жооптуу катчы) жүргүзөт.
16.2. Шаардык кеңештин аппараты (мындан ары - Аппарат), жооптуу катчысы биринчи сессияга 3 күн калганга чейин депутатка төмөнкү маалыматтарды жиберет:
- жаңы шайланган депутаттар жөнүндө маалыматты;
- аппарат кызматкерлеринин, жоопту катчынын байланыш телефондорун;
- сессия өтүүчү жайды жана убактысын.
16.3. Шаардык кеңештин биринчи сессиясын Шаардык кеңештин жаш курагы боюнча улуу депутаты ачат, кеңештин төрагасы шайланганча сессияны алып барат.
16.4. Шаардык кеңештин сессиясы депутаттардын жалпы санынын жарымынан көбү катышса укук ченемдүү болот.
16.5. Төрагалык кылуучу Шаардык кеңешке шайлоонун натыйжалары жөнүндө маалыматты жарыялоо үчүн аймактык шайлоо комиссиянын төрагасына сөз берет.
16.6. Аймактык шайлоо комиссиясынын төрагасы Шаардык кеңештин депутаттарына белгиленген үлгүдөгү мандатын ырастоочу күбөлүк жана төш белгини тапшырат.
16.7. Шаардык кеңештин депутатынын ыйгарым укуктары мандат тапшырылган күндөн тартып башталат.
16.8. Жаңы чакырылыштагы Шаардык кеңештин депутаттары ыйгарым укуктарына киришкенден кийин төмөнкү маселелерди биринчи кезекте кароого тийиш:
- төраганы жана анын орун басарларын шайлоо үчүн эсептөө комиссиясын түзүү;
- төраганы жана анын орун басарларын шайлоо;
- Шаардык кеңештин чечими боюнча биринчи кезекте каралуучу маселелердин катарына башка да маселелер киргизилиши мүмкүн.
16.9. Жогоруда көрсөтүлгөн маселелерди кароонун ирети сессиянын күн тартибинде аныкталат.
17. Шаардык кеңештин жана анын органдарынын ишин пландаштыруу
17.1. Шаардык кеңеш, анын туруктуу комиссиялары жана фракциялары иш планын бир жылга түзөт. Шаардык кеңештин иш планы тууралуу маселе биринчи сессия өткөрүлгөн соң кийинки сессиянын күн тартибине киргизилет.
17.2. Шаардык кеңештин иш планы Шаардык кеңештин төрагасынын орун басарлары, туруктуу комиссиялардын төрагалары, фракциялардын лидерлери, жооптуу катчысы менен бирдикте Шаардык кеңештин төрагасы тарабынан түзүлөт, зарылчылыкка жараша шаарда жайгашкан уюмдардын, ишканалардын жана мекемелердин жетекчилери чакырылат.
Шаардык кеңештин туруктуу комиссиясынын иш планы Шаардык кеңештин иш планынын негизинде туруктуу комиссиялардын мүчөлөрү, жооптуу катчысы, Шаардык кеңештин төрагасы менен бирдикте түзүлөт.
17.4. Иш планга бир жыл аралыгында Шаардык кеңештин сессияларында, туруктуу комиссиялардын жана фракциялардын жыйындарында карала турган маселелер киргизилет.
17.5. Шаардык кеңештин курамы, туруктуу комиссиялардын курамы, ошондой эле иш пландары шаардагы маалымат такталарына документтердин көчүрмөлөрүн жайгаштыруу аркылуу шаар тургундарына маалымдалуусу шарт.
18. Шаардык кеңештин сессиясын даярдоонун жана өткөрүүнүн тартиби
18.1. Шаардык кеңештин сессиясы карамагына кирген маселелерди коллегиялдуу талкуулоо жана ал боюнча тийиштүү чечим кабыл алына турган, ишинин эң негизги уюштуруучулук-укуктук формасы болуп саналат.
18.2. Шаардык кеңештин сессиясы депутаттардын жалпы санынын жарымынан көбү катышканда укук ченемдүү (кворум) болот.
18.3. Депутаттарды каттоо башталгандан кийин 30 мүнөттөн кийин кворум болбосо, төрага 20 мүнөткө тыныгуу жарыялайт. Эгерде тыныгуудан кийин да кворум камсыз кылынбаса, анда сессия кворум жоктугуна байланыштуу башка убакытка жылдырылат.
18.4. Шаардык кеңештин сессиясын төрага чакырат:
- өзүнүн демилгеси боюнча;
- депутаттардын жалпы санынын үчтөн биринен кем эмесинин (жазуу жүзүндөгү)
- демилгеси боюнча;
- шаар мэринин сунушу боюнча;
18.5. Шаардык кеңештин сессиясы кварталына бир жолудан кем эмес өткөрүлөт. Белгиленген мөөнөттө чакырылуучу сессиялардан тышкары, кезексиз сессиялар өткөрүлүшү мүмкүн.
18.6. Шаардык кеңештин сессиясы коомчулук үчүн ачык болуп саналат. Сессияга ушул Жободо каралган тартипте бардык кызыкдар адамдар катышууга укуктуу.
18.7. Эгерде каралып жаткан маселе мыйзамдарга ылайык мамлекеттик жашыруун сыр болуп саналса, Шаардык кеңеш жабык сессия өткөрүү боюнча чечим кабыл алышы мүмкүн.
18.8. Шаардык кеңештин сессиясын чакыруу тууралуу жарыя сессияга чейин 5 календардык күндөн кечиктирилбестен, депутаттарга, тийиштүү шаар тургундарына жеткиликтүү, көрүнүктүү жерлерге илинүүгө тийиш.
18.9. Шаардык кеңештин сессиясына катышуучу депутаттардын саны каттоонун натыйжалары боюнча аныкталат. Депутаттарды каттоону жооптуу катчы жүргүзөт, каттоо ар бир сессиянын алдында жана каттоонун убактысы көрсөтүлүү менен сессия аяктаганга чейин жүргүзүлөт. Депутаттарды каттоо журналы жооптуу катчыда сакталат.
18.10. Кыргыз Республикасынын эмгек мыйзамдарына ылайык тиешелүү документ менен тастыкталган оору, иш сапары жана башка себептер сессияга депутаттын катышпай калышынын жүйөлүү себептери болуп саналат. Мындай учурда депутат Шаардык кеңештин төрагасына сессияга катышпай калышынын жүйөлүү себептерин тастыктаган документти тапшырат.
18.11. Сессияларга бир жыл аралыгында төрт жолудан ашык жүйөлүү себептерсиз катышпай калган депутатка карата, депутаттардын жалпы санынын көпчүлүк добушу менен депутаттык ыйгарым укуктарын токтотуу тууралуу чечими кабыл алынат. Мындай чечим күчүнө киргенден кийин (жарыяланган күндөн баштап) ыйгарым укуктарын токтотуу үчүн аймактык шайлоо комиссиясына жөнөтүлөт.
19. Шаардык кеңештин кезексиз сессиясы
19.1. Кечиктирилгис маселелерди чечүү үчүн Шаардык кеңештин төрагасы өзүнүн демилгеси же шаар мэринин, депутаттардын жалпы санынын үчтөн биринин сунушу боюнча кезексиз сессия чакырууга укуктуу.
19.2. Кезексиз сессияны чакыруу боюнча Шаардык кеңештин төрагасынын сессияда каралуучу маселелерди көрсөтүү жана аны чакыруунун зарылдыгын негиздеген маалымдама депутаттарга жөнөтүлөт.
19.3. Кезексиз сессия сунуш келип түшкөн күндөн тартып сессияга чейин 3 календардык күн мурун чакырылат. Кезексиз сессиянын күн тартиби жана зарыл каралуучу маселелердин материалдары депутаттарга жана чакырылган адамдарга кезексиз сессияга чейин 1 календарлык күн мурун таркатылат.
19.4. Өзгөчө кырдаал жаралган учурда же өндүрүштүк зарылчылыкка байланыштуу Шаардык кеңештин төрагасы депутаттарды, чакырылуучу адамдарды, жергиликтүү коомдоштуктун мүчөлөрүн жана шаар тургундарын маалымдоонун мөөнөтүн сактабастан кезексиз сессияны чакырууга укуктуу.
20. Сессиянын күн тартиби
20.1. Сессиянын күн тартибинин долбоору Шаардык кеңештин иш планынын, туруктуу (убактылуу) комиссиялардын, депутаттардын, шаар мэринин сунуштарынын негизинде сессия күнүнө чейин 5 күн мурда түзүлөт. Өзгөчө кырдаал жаралган учурларда кечиктирилгис түрдө түзүлөт.
20.2. Күн тартибинин долбоорунун маселелери алар туруктуу (убактылуу) комиссиялардын жыйындарында алдын ала каралгандан кийин жана алар Шаардык кеңештин туруктуу (убактылуу) комиссияларынын төрагалары менен макулдашылгандан кийин төрага тарабынан киргизилет.
20.3. Өткөрүлө турган жайы жана убактысын белгилөө менен төрага тарабынан аныкталган сессиянын күн тартибинин долбоору, сессияда каралууга тийиш болгон токтомдордун долбоорлору жана башка документтер менен материалдар сессия башталганга чейин 3 календардык күндөн кеч эмес депутаттарга жана чакырылган адамдарга жөнөтүлөт. Күн тартибинин долбоору бир эле учурда маалымат такталарына жайгаштырылат.
20.4. Эгерде Шаардык кеңештин депутаттары зарыл деп эсептешсе, сессиянын күн тартибинин долбоору жергиликтүү маалымат булактарына жарыя кылынат.
20.5. Сессиянын күн тартибинин долбоору төрага тарабынан негиз катары кабыл алуу үчүн добушка коюлат.
20.6. Сессияда негиз катары кабыл алынган күн тартибинин долбооруна өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилиши мүмкүн.
20.7. Сессияда негиз катары кабыл алынган күн тартибинин долбоорун жаӊы маселе менен толуктоо тууралуу сунуш, эгерде сунуш кылынган маселе мурда туруктуу комиссияларында каралган болсо гана, катышкан депутаттардын көпчүлүк добушу менен киргизилет.
21. Шаардык кеңештин сессиясындагы депутаттын укугу жана милдети
21.1. Шаардык кеңештин депутаты төмөндөгүлөргө укуктуу:
- Шаардык кеңештин органдарын шайлоого жана аларга шайланууга;
- Шаардык кеңештин жана анын органдарынын кароосу үчүн маселелерди сунуш кылууга;
- жарыш сөздөргө катышууга, суроо-талап менен кайрылууга, баяндамачыга суроолорду берүүгө;
- Шаардык кеңешке отчет берүүчү органдын же кызмат адамынын сессияда отчетун угуу, ошондой эле башка органдардын жана кызмат адамдарынын компетенциясына кирген маселелер боюнча маалыматтарын угуу боюнча сунуштарды киргизүүгө;
- өзүнүн сунуштарын негиздөө менен жана добуш берүүнүн түрү боюнча чыгып сүйлөөгө, маалымат берүүгө;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында жана ушул Жободо берилген башка укуктардан пайдаланууга.
21.2. Шаардык кеңештин депутаты төмөндөгүлөргө милдеттүү:
- ар бир сессиянын алдында каттоодон өтүүгө жана сессияга толук катышууга;
- регламентти, сессиянын күн тартибин жана төраганын укук ченемдүү талаптарын сактоого;
- колун көтөрүү аркылуу сөз сүйлөөгө;
- жүрүм-турум этикасынын эрежелерин сактоого;
- чыгып сүйлөгөндө катышып жаткандардын ар-намысына жана кадыр-баркына акарат келтирген орой, мазактоочу сөздөрдү колдонбоого, мыйзамсыз аракеттерге чакырбоого, жалган маалыматтарды пайдаланбоого;
- сессия учурунда сыртка чыгууда төрагадан уруксат алууга.
21.3. Өзүнүн милдеттерин аткарбаган учурда депутаттын мыйзам чегинде жоопкерчилиги каралышы мүмкүн.
21.4. Шаардык кеңештин депутаты анын жеке кызыкчылыгына байланыштуу, башкача айтканда ал үчүн, анын жубайы, алардын ата-энелери, балдары, бир туугандары үчүн материалдык жактан пайдалуу маселелелер Шаардык кеңештин сессияларында каралган учурда катышууга жана добуш берүүгө тийиш эмес.
22. Депутаттык этика
22.1. Шаардык кеңештин депутаты өзүнүн ыйгарым укуктарын аткарган учурда жеке жана коомдук кызыкчылыктардын кагылышуусунан (мындан ары – кызыкчылыктардын кагылышуусу) качууга милдеттүү.
22.2. Кызыкчылыктардын кагылышуусу жаралган учурда депутат өзүн депутаттык этиканын кодексине ылайык алып жүрүүгө милдеттүү. Депутат өзүнүн ак ниеттүүлүгүнө коомчулукта шектенүү пайда кылбашы үчүн аракет кылууга тийиш.
22.3. Шаардык кеңештин, туруктуу жана убактылуу комиссиянын жыйындарында кандай гана маселе болбосун, аны караганга чейин же аны карап жаткан учурда депутат ошол маселеге жеке кызыкчылыгы бар болсо, кызыкчылыктардын кагылышуусу жөнүндө төраганын эсине салууга милдеттүү жана маселени андан аркы талкуулоодон жана добуш берүүдөн четтөөгө тийиш.
22.4. Мындай жоболор депутат тарабынан бузулган учурда тиешелүү туруктуу комиссия тарабынан талкууланып, корутундусу кеңештин кароосуна сунуш кылынууга тийиш.
22.5. Сессияларда, жыйындарда чыгып сүйлөгөн депутат өтө орой, кемсинткен, уят жана сөгүнгөн сөздөрдү колдонууга, кимдир бирөөнүн дарегине негизсиз айыптоолорду айтпоого, ар-намыс, кадыр-барк жана ишмердик беделин мазактоого жол бербөөгө, жалган маалыматтарды пайдаланбоого, мыйзамсыз аракеттерге чакырбоого тийиш.
22.6. Сессияларда, туруктуу жана (убактылуу) комиссиялардын жыйындары өтүп жаткан учурларда депутаттар иштиктүү стилде (дресс код) кийинүүсү керек.
23. Депутаттарга карата колдонулуучу чаралар
23.1. Эгерде депутат өзүнүн жүрүм-туруму менен сессияны өткөрүүгө жолтоо болсо, төраганын эскертүүсүн эске албаса, башка депутаттар же сессиянын катышуучулары менен кайым айтышса, талкууланган маселеден башкага өтүп кетсе, ушул Жобону бузса, ага карата төмөнкүдөй чаралар колдонулушу мүмкүн:
- эскертүү;
- сессиянын аягына чейинки мөөнөткө сөз бербөө.
23.2. Эскертүүгө карабай кайрадан тартип бузуулар болсо, ага карата жыйын залынан чыгарылат жана мындай аракеттери боюнча материалдар тиешелүү этика боюнча туруктуу комиссиянын кароосуна берилет.
23.3. Депутатка жана сессияга катышкандарга карата колдонулган чаралар сессиянын протоколунда белгиленүүгө тиийиш.
24. Шаардыккеңештин сессияларына, туруктуу (убактылуу) комиссиялардын жыйындарына депутат эмес адамдардын катышуу тартиби
24.1. Шаардын мэри, ошондой эле шаардын аймагында иш жүргүзгөн башка кызмат адамдары, аппарат кызматкерлери, жергиликтүү коомдоштук мүчөлөрү, жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү жана башка кызыкдар адамдар сессияларга жана туруктуу комиссиялардын жыйындарына атайын уруксат алуусуз катышууга укуктуу.
24.2. Жогоруда аталган адамдар сессияга жана/же анын органынын жыйындарына катышууга ниеттенишсе, сессиянын же жыйындын катчысы атайын каттоо журналына аларды каттайт жана алар жөнүндө маалыматтарды сессиянын же жыйындын протоколуна киргизет.
24.3. Шаардык кеңештин депутаты болуп саналбаган адамдардын маалыматтары (аты-жөнү, жашаган жери, кызматы) катчы тарабынан аларды катышып жаткан депутаттарга маалымдоо үчүн төрагага берилет.
24.4. Сессияга жана туруктуу (убактылуу) комиссиялардын жыйындарына катышуунун тартиби жана Жобону бузган учурда анын жоопкерчилиги тууралу тааныштырылат.
24.5. Сессияга, туруктуу (убактылуу) комиссиялардын жыйындарына катышып жаткан адамдар үчүн жыйындар залында атайын орун бөлүнөт. Эгерде катышуучулардын саны көп болуп, сессия, жыйындар залына батпаса аталган адамдардын өкүлдөрү киргизилиши мүмкүн. Өкүлчүлүк бир көчөдөн, бир кварталдан, бир уюмдан, бир мекемеден, бир бирикмеден бир өкүл (эки же үч) болушу мүмкүн.
ШААРДЫК КЕҢЕШТИН ЧЕНЕМ ЖАРАТУУ ИШИ.
ШААРДЫК КЕҢЕШТИН ТОКТОМДОРУН ДАЯРДООНУН, КИРГИЗҮҮНҮН, КАРООНУН ЖАНА КАБЫЛ АЛУУНУН ТАРТИБИ
25. Токтомдун формасына жана түзүмүнө коюлуучу жалпы талаптар
25.1. Шаардык кеңештин чечимдери токтом жана буйрук (тескеме) түрүндө жалпы депутаттардын көпчүлүк добушу менен кабыл алынат, айрым маселелер боюнча Шаардык кенештин чечимдери жалпы депутаттардын үчтөн эки добушу менен кабыл алынат. Кабыл алынган токтом, буйруктарга (тескемелерге) – Шаардык кеңештин төрагасы, ал эми ал жок болгон учурда төраганын орун басары кол коет.
25.2 Шаардык кеңештин ченемдик укуктук актылары - токтом түрүндө, ал эми башка актылары - тескеме түрүндө кабыл алынат. Кабыл алынган актылар тиешелүү аймакта милдеттүү юридикалык күчкө ээ.
1) Шаардык кеңештин токтомдору "Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында белгиленген тартипте күчүнө кирет.
2) Шаардык кеңештин башка актылары, эгерде актынын өзүндө башкача каралбаса, алар кабыл алынган күндөн тартып күчүнө кирет.
25.3. Шаардык кеңештин төрагасынын ыйгарым укуктарынын чегинде кабыл алынган чечимдерин Шаардык кеңештин төрагасынын буйругу түрүндө жеке өзү кабыл алат Шаардык кеңештин төрагасынын буйруктары, эгерде актылардын өздөрүндө башкача каралбаса, алар кабыл алынган күндөн тартып күчүнө кирет.
25.4. Шаардык кеңеш белгилүү бир маселе боюнча өзүнүн көз карашын билдирүү үчүн шаардык кеңештин кайрылууларын жана билдирүүлөрүн кабыл алууга укуктуу.
25.5. Шаардык кеңештин чечимдери алар кабыл алынган тартипте жокко чыгарылышы же күчүн жоготту деп табылышы мүмкүн.
25.6. Өзүнүн ыйгарым укуктарынын чектеринде кабыл алынган шаардык кеңештин токтомдору шаардын аймагында жашаган баардык жарандар, ошондой эле менчигинин түрүнө карабастан баардык ишканалар, уюмдар жана мекемелер тарабынан аткарылууга милдеттүү.
25.7. Шаардык кеңештин токтому менен таанышуу ачык болууга тийиш. Көчүрмөсү маалымат такталарына жайгаштыруу аркылуу жана «Маалымат алуу укугу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамында каралган башка каражаттар аркылуу жалпыга маалымдалууга жатат.
26. Шаардык кеңешке токтомдун долбоорун киргизүүнүн тартиби
26.1. Шаардык кеңештин сессиясына киргизилүүчү документтердин пакетинде төмөндөгүлөр камтылууга тийиш:
- тийиштүү туруктуу (убактылуу) комиссиялардын төрагалары жооптуу катчы менен бирге даярдалган жана Шаардык кеңештин төрагасы менен макулдашылган токтомдун долбоору;
- токтомдун долбооруна маалымкат-негиздеме (маалымат);
- салыштырма таблица (колдонуудагы токтомго өзгөртүүлөр жана (же) толуктоолор киргизилген учурда);
- тийиштүү туруктуу (убактылуу) комиссиялардын корутундусу же чечими;
- экспертиза жүргүзүүнүн (зарылчылыкка жараша) натыйжасында даярдалган эксперттик корутундулар.
26.2. Шаардык кеңештин токтому мамлекеттик тилде ал эми зарыл болгон учурда расмий тилде да киргизилет жана кабыл алынат.
Аймагында жашаган мамлекеттик тилди билгендердин саны басымдуулук кылган шартта жана Шаардык кеңештин токтомун мамлекеттик тилде киргизүү жана кабыл алуу тууралуу Шаардык кеңештин чечими болсо, токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алууга жол берилет.
27. Шаардыккеңештин сессияларында маселелерди кароонун тартиби
27.1. Шаардык кеңештин сессияларында күн тартибине киргизилген жана сессиянын ишинин башталышында Шаардык кеңештин депутаттары тарабынан күн тартибине кошумча киргизилип, бекитилген маселелер каралат.
27.2. Күн тартибине киргизилген маселелер боюнча маселенин демилгечиси же маселени алдын ала кароо тапшырылган туруктуу (убактылуу) комиссиянын төрагасы баяндама менен чыгып сүйлөйт, эгерде органдын же кызмат адамынын отчету болсо отчет берүүчү адам, эгерде уюмдун, мекеменин, ишкананын, бирикменин иши жөнөндө маалымат болсо, анда анын жетекчиси (мындан ары-баяндамачы) чыгып сүйлөйт, баяндамачы жок болуп калган учурда анын эмне үчүн жок болгондугун аныктоо менен маселе кийинки сессияга жылдырылат.
27.3. Шаардык кеңештин депутаты сессияда каралып жаткан маселе боюнча баяндамачыга суроо берүүгө, каралып жаткан маселе боюнча токтомдун долбооруна жазуу жана оозеки түрүндө сын-пикирлерин жана сунуштарын берүүгө укуктуу.
27.4. Маселени жана токтомдун долбоорун караган учурда туруктуу (убактылуу) комиссиялардын корутундулары, ошондой эле депутаттардын жазуу жана оозеки түрүндө сын-пикирлери жана сунуштары угулат, алар талкууланып добуш берүүгө коюлат.
27.5. Талкуу (жарыш сөз) бүткөндөн кийин баяндамачы корутунду сөз сүйлөөгө укуктуу. Андан ары депутаттар добуш берүүнүн түрү (ачык, жашыруун) боюнча сунуш берүүгө укуктуу.
27.6. Талкууланып жаткан маселе боюнча токтомдун долбоорунун текстине депутаттардан сунуштар келип түшсө, төрага депутаттардын бардык сунуштарын түшкөн ирети боюнча добушка коет. Депутаттардын жалпы санынын көпчүлүгү добуш менен депутаттын сунушу кабыл алынды деп эсептелинет жана токтомдун долбоорунун текстине кошулат. Депутаттардын жалпы санынын көпчүлүк добушун ала албаган сунуш четке кагылды деп эсептелинет.
27.7. Токтомдун долбоору добуш берүү аркылуу киргизилген сунуштарды жана сын-пикирлерди эске алуу менен жалпысынан добушка коюлат. Эгерде токтомдун долбоору жалпысынан кабыл алынбаса, ал четке кагылды деп эсептелинет. Четке кагылган токтомдун долбоору шаардык кеңештин кезектеги сессиясына 3 айдан кийин гана киргизилиши мүмкүн.
27.8. Шаардык кеңештин депутаттары талкуулоонун жыйынтыктары боюнча, эгерде берилген суроолор боюнча баяндамачынын жоопторуна канааттанышпаса, же каралып жаткан маселени баяндамачы толук эмес иликтесе, же мыйзамдардын нормаларына карама каршы келсе, депутаттардын сын-пикирлерин жана сунуштарын эске алып, Шаардык кеңештин кийинки сессиясына киргизүү укугу менен маселени жеткире иштеп чыгууга жөнөтүү тууралуу депутаттардын жалпы санынын көпчүлүк добушу менен чечим кабыл алууга укуктуу.
27.9. Талкуулоонун жүрүшүндө баяндамачы каралып жаткан маселени кийинки сессияга жылдыруу тууралуу билдирүү менен төрагага расмий түрдө жазуу же оозеки түрүндө кайрылууга укуктуу. Мындай учурда талкуу токтотулат жана төрага каралып жаткан маселени кийинки сессиянын күн тартибине киргизип кароо боюнча добушка коет.
28. Чыгып сүйлөөлөрдүн түрү жана алардын узактыгы
28.1. Сессияларда төмөндөгүдөй чыгып сүйлөөлөрдүн түрү жана алардын убактысынын узактыгы каралат:
-баяндама 5-10 мүнөткө чейин;
-баяндамаларды жарыш сөздөрдө талкуулоо үчүн 5 мүнөткө чейин;
-күн тартибин талкуулоо үчүн 5 мүнөткө чейин;
-талкууланып жаткан маселе боюнча корутунду сөз үчүн 3 мүнөткө чейин;
-шайлануучу кызматка талапкердин чыгып сүйлөөсү үчүн 5 мүнөткө чейин;
-талкууланып жаткан талапкер боюнча чыгып сүйлөөгө 3 мүнөткө чейин;
-добуш берүүнүн жүйөсү боюнча чыгып сүйлөө үчүн 1-2 мүнөткө чейин;
-жыйынды алып баруунун тартиби боюнча чыгып сүйлөө үчүн 1 мүнөткө чейин;
-сунуштар, маалыматтар, билдирүүлөр, кайрылуулар үчүн 2 мүнөткө чейин;
-кайталап сөз сүйлөө үчүн 2 мүнөткө чейин;
28.2. Депутаттардын макулдугу менен төрага чыгып сүйлөөлөрдүн убактысын 3 мүнөткө чейин узартууга укугу бар.
28.3. Бир эле маселе боюнча бир депутаттын экиден ашык сөз сүйлөөсүнө жол берүү добуш менен чечилет.
28.4. Шайлануучу кызматка талапкердин баяндамасы, чыгып сүйлөөсү трибунадан жүргүзүлөт, калган чыгып сүйлөөлөр – трибунадан же олтурган ордунан жүргүзүлөт.
28.5. Депутат жыйында төрага тарабынан өзүнө сөз берилгенден кийин гана сөз сүйлөйт.
28.6. Сөз берүү жөнүндө сунуш төрагага жазуу түрүндө же оозеки түрүндө берилет.
28.7. Шаар мэри жана анын орун басарлары каралып жаткан маселе боюнча сөз сүйлөө үчүн кезексиз түрдө сөз алууга укуктуу.
28.8. Төрага тарабынан сессиянын ишине 20 мүнөткө чейинки кезексиз тыныгуу жарыяланышы мүмкүн.
28.9. Баш аламандык пайда болгондо жана аны токтотууга мүмкүн болбой калган учурда төрага 20 мүнөткө чейин тыныгуу жарыялоого укуктуу. Эгерде сессия өз ишин кайрадан баштаганда баш аламандык улана берсе, төрага сессияны жабык деп жарыялоого жана/же аны белгилүү убакытка же күнгө которууга укуктуу.
29. Жарыш сөз (талкуулоо)
29.1. Төраганын уруксаты жок сессияда эч кимдин сөз сүйлөөгө укугу жок.
29.2. Жарыш сөзгө чыгып сүйлөөчүлөр талкууланып жаткан маселенин темасын карманууга тийиш.
29.3. Төрага жарыш сөздөрдү токтотуу тууралуу сунуш келип түшкөндө депутаттарга чыгып сүйлөөнү каалагандардын, бирок сөз жетпей калгандардын саны жөнүндө баяндайт, кимиси чыгып сүйлөөнү талап кылып жатканын аныктайт жана ушуларды эске алуу менен жарыш сөздү токтотуу тууралуу маселени добушка коет.
29.4. Жарыш сөз токтотулгандыгына байланыштуу сөз сүйлөй албай калган депутат төрагага сүйлөөчү сөздөрүнүн текстин сессиянын протоколуна тиркеп коюу үчүн берүүгө укугу бар.
30. Шаардык кеңештин сессиясында чечим кабыл алуу
30.1. Шаардык кеңештин сессиясы депутаттардын жалпы санынын жарымынан көбү катышса укук ченемдүү. Шаардык кеңеш чечимди депутаттардын жалпы санынын көпчүлүк добушу менен кабыл алат.
30.2. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган учурларда Шаардык кенеш айрым маселелер боюнча жалпы депутаттардын санынын үчтөн экисинин добушу менен чечим кабыл алат.
30.3. Депутаттардын сессияга катышкан санынын көпчүлүк добуштары менен жол-жобо (процедуралык) маселелери боюнча чечимдер кабыл алынат.
31. Кабыл алынган токтомдордун күчүнө киришинин тартиби
31.1. Шаардык кеңештин жоопту катчысы баяндамачы менен бирдикте Шаардык кеңеш чечим кабыл алган маселе боюнча кабыл алынган токтомду ал кабыл алынган күндөн баштап 5 жумушчу күндүн аралыгында жол-жоболоштурат.
31.2. Шаардык кеңештин төрагасы кабыл алынган токтомдун долбоорун четке кагууга укугу жок жана ага кабыл алынган күндөн баштап 5 жумушчу күндүн аралыгында кол коёт.
31.3. Документти жол-жоболоштурган учурда грамматикалык мүнөздөгү түзөтүүлөрдү кошпогондо, ага оңдоо киргизүүгө жол берилбейт. Сессияда кабыл алынган токтомдун мазмундук бөлүгүнө оңдоо киргизген адам Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык документти бурмалагандыгы үчүн жоопкерчиликке тартылат.
31.4. Шаардык кеңештин токтому күчүнө кириши үчүн расмий жарыяланууга тийиш:
- шаардын аймагында кыйла кеңири таралган, белгиленген тартипте каттоодон өткөн басылмалардын ичинен шаардык кеңеш аныктаган басылмаларда же атайын көрүнүктүү жерлерде (такталарда, стенддерде);
- жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын же жергиликтүү мамлекеттик администрациянын, же Кыргыз Республикасынын Президентинин тиешелүү облусунун ыйгарым укуктуу өкүлүнүн, же жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын расмий веб-сайтында.
31.5. Токтомду расмий жарыялоо мамлекеттик тилде ал эми зарыл болгон учурда расмий тилде жүзөгө ашырылат. Мамлекеттик жана (же) аскердик жашыруун сырды камтыган токтомдорду кошпогондо, толук эмес баяндамадагы токтомдорду жарыялоого жол берилбейт.
31.6. Ченемдик укуктук актынын расмий жарыяланышынын датасы ошол акт жарык көргөн басылма жарыкка чыккан күн эсептелинет.
31.7. Эгерде токтомдун өзүндө башкача каралбаса, токтом расмий жарыяланган күндөн баштап он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет. Ишкердикти жөнгө салган токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күндөн кийин күчүнө кирет.
31.8. Шаардык кеңештин токтомдорун каттоону төмөнкү реквизиттерди көрсөтүү менен Шаардык кеңештин токтомдорун каттоо жөнүндө журналга жазып түшүрүү аркылуу жооптуу катчы ишке ашырат:
-актынын түрүн көрсөтүү;
-ошол ченемдик укуктук актыны жөнгө салуу предметин билдирген аталыш;
-кабыл алынган жери жана датасы;
-каттоо номери.
31.9. Расмий жарыяланган күнү шаардык кеңештин токтомунун көчүрмөсү Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин тийиштүү аймактык бөлүмүнө эки нускада, мамлекеттик жана/же расмий тилдерде, кагаз жана электрондук түшүрмөлөрдө жарыяланган булагын көрсөтүү менен ченемдик укуктук актыларын 7 жумушчу күндүн ичинде Мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн жөнөтүлөт.
31.10. Шаардык кеңештин токтомунун көчүрмөсү кабыл алынган чечимдер жөнүндө коомчулукту кеңири маалымдоону камсыз кылуу үчүн шаардын маалымат илинүүчү такталарына милдеттүү түрдө жайгаштырылат.
ШААРДЫК КЕҢЕШТИН АЙРЫМ ЫЙГАРЫМ УКУКТАРЫН ИШКЕ АШЫРУУНУН ТАРТИБИ
32. Жергиликтүү бюджетти киргизүүнүн жана бекитүүнүн тартиби
32.1. Бюджеттик процесстин ачыктыгын жана айкындыгын, жергиликтүү бюджетти түзүүгө жарандардын катышуусун жана жергиликтүү бюджетти аткаруунун натыйжалары тууралуу отчетту кароону камсыз кылуу максатында Шаардык кеңештин төрагасы жана бюджет боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы бюджеттин долбоорун ошондой эле жергиликтүү бюджеттин аткарылышы боюнча очетту бюджет боюнча Шаардык кеңештин туруктуу комиссиясынын кароосуна киргизгенге чейин бюджет боюнча коомдук угууларды демилгелөөгө жана аны уюштурууну жана өткөрүүнү шаар мэрине тапшырууга укуктуу.
32.2. Бюджет боюнча коомдук угуулардын натыйжалары жергиликтүү бюджеттин долбоорун жана анын аткарылышынын отчетун караган жана бекиткен учурда бюджет боюнча туруктуу комиссиялардын мүчөлөрүнө, Шаардык кеңештин депутаттарына маалымат булагы катары кызмат кылат.
32.3. Шаардык кеңештин төрагасы жана бюджет боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы шаар мэриясынан, мамлекеттик салык кызматынан жана юридикалык жактардан жергиликтүү бюджеттин долбоорун өз учурунда жана сапаттуу түзүү үчүн керектүү болгон бардык маалыматтарды суратып алууга жана өзүнүн жыйындарында ошол органдардын жетекчилерин, коомдук угуулардын активдүү катышуучуларын, демилгечи топторду, коомдук бирикмелерди жана башка кызыкдар адамдарды чакырууга жана угууга укуктуу.
32.4. Жергилиликтүү бюджеттин долбоорун түзүү үчүн зарыл маалыматтар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте берилет.
32.5. Бюджет боюнча туруктуу комиссия бюджеттин долбоорун алдын ала кароону жүргүзөт жана шаар мэриясынын отчетун угат, коомдук угуулардын катышуучуларынан жана башка кызыкдар жактардан түшкөн сунуштарды эске алуу менен Шаардык кеңештин сессиясына бюджеттин долбоору боюнча корутундусун берет.
32.6. Шаардык кеңештин сессиясында жергиликтүү коомдоштуктун жана башка кызыкдар жактардын сын-пикирлерин жана сунуштарын эске алуу менен жергиликтүү бюджеттин такталган долбоору ачык-айкын каралат, ошондой эле коомдук угуулардын натыйжалары боюнча бюджеттин аткарылышы тууралуу шаар мэриясынын отчету каралат.
32.7. Тийиштүү жылга жергиликтүү бюджетти бекитүү, ошондой эле бюджеттин аткарылышы тууралуу Шаардык кеңештин токтому жергиликтүү ЖМК гезити аркылуу жалпыга жайылтууга жатат жана документтердин көчүрмөсү маалымат тактайларына жайгаштырылат.
33. Шаардык кеңештин шаар тургундарынын элдик ченем чыгаруу демилгесин кароо
33.1. Мыйзамдардын жана жергиликтүү жамааттын Уставына ылайык жарандар элдик ченем чыгаруу демилгесине ээ.
33.2. Жергиликтүү жамаат тарабынан Шаардык кеңештин кароосуна киргизилген жана ушул Жободо белгиленген тартипте жол-жоболоштурулган ченемдик укуктук актынын долбоору (токтомдун долбоору) демилгечи топтун катышуусу менен тийиштүү туруктуу комиссия тарабынан каралат.
33.3. Шаардык кеңештин кароосуна киргизилген ченемдик укуктук актынын долбоору туруктуу комиссиянын корутундусун эске алуу менен демилгечи топтун, жергиликтүү жамааттын өкүлдөрүнүн катышуусунда Шаардык кеңештин кезектеги же кезексиз сессиясында каралат.
33.4. Жергиликтүү жамаат тарабынан демилгеленген ченемдик укуктук актынын долбоорун кароонун жыйынтыктары боюнча кабыл алынган Шаардык кеңештин чечими аны киргизген демилгечи топко, жергиликтүү коомдоштуктун мүчөлөрүнө расмий жазуу түрүндө жеткирилүүгө тийиш.
34. Шаардык кеңештин мамлекеттик органдар менен өз ара аракети
34.1. Шаардык кеңеш Кыргыз Республикасынын Конституциясына, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамына жана башка Кыргыз Республикасынын мыйзам актыларына ылайык мамлекеттик органдары менен өз ара мамилелерин жүзөгө ашырат.
34.2. Мамлекеттик органдары Шаардык кеңештин компетенциясына кирген маселелерди чечүүдө кийлигишүүгө укуксуз.
34.3. Шаардык кеңеш бийликтин аткаруу органдарынын компетенциясына кирген маселелерди чечүүдө кийлигишүүгө укуксуз.
34.4. Шаардын кызыкчылыгына тийиштүү маселелер боюнча сессияга тиешелүү министрликтердин, мамлекеттик комитеттердин, административдик ведомстволордун шаардык жана райондук бөлүмдөрүнүн, шаардын мэриясынын жана анын түзүмдүк бөлүктөрүнүн өкүлдөрү чакырылат.
34.5. Шаарды өнүктүрүүнүн эң маанилүү маселелери боюнча шаардын мэриясы консультацияларды өткөрөт жана шаардык кеңеш менен өз чечимдерин жазуу түрүндө макулдашууларды жүргүзөт.
35. Шаардык кеңештин жарандык коомдун уюмдары менен өз ара аракети жана кызматташтыгы
35.1. Шаардык кеңеш шаарды өнүктүрүүнүн маанилүү маселелерин даярдоодо жарандык коомдун уюмдарынын өкүлдөрү менен консультацияларды өткөрөт, сунуштарын жана пикирлерин эске алат, зарыл болгон учурда аларды жумушчу топторго тартат.
35.2. Жарандык коомдун уюмдарынын өкүлдөрү жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүү боюнча көтөргөн демилгелерин, кайрылууларын кылдаттык менен алардын өзүн, башка кызыкдар болгон тараптарды катыштырып талкуулайт, жакшы сунуштар боюнча маселе даярдап сессиянын кароосуна киргизет.
35.3. Сессиянын токтомдорунун долбоорун коомдук экспертизадан өткөрүү зарыл болгон учурларда жарандык коомдун уюмдарынын өкүлдөрүн бул ишке тартат.
36. Шайлоочулар менен иштөөнүн тартиби
36.1. Депутаттардын шайлоочулар менен иштөө тартиби, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына, ишканаларга, мекемелерге жана уюмдарга кайрылуу жол-жобосу, депутаттын өкүлчүлүк ишинин кепилдигинин маселелери депутаттын статусу жөнүндө мыйзам жана ушул Жобо менен аныкталат.
36.2. Шаардык кеңештин депутаттарынын шайлоочулар менен иштөөсүн камсыз кылуу үчүн мэрия жолугушуу үчүн атайын жайларды бөлүп берет.
36.3. Шаардык кеңеш, анын Аппараты, Шаардык кеңештин жооптуу катчысы сессиялардын ортосундагы мезгилде шайлоочулар менен ишти төмөнкүдөй уюштурат:
- шайлоочуларды кабыл алуу;
- арыздарды, кайрылууларды, сунуштарды кароо;
- шайлоочулар менен жолугушууларды, тегерек үстөлдөрдү, ачык эшиктер күндөрүн жана башка иш-чараларды өткөрүү;
- шайлоочулардын арыздары боюнча мамлекеттик органдарга, шаар мэриясына депутаттык суроо-талаптарды жиберүү.
36.4. Аппараттын тиешелүү кызматкерлери, жооптуу катчы жыл сайын Шаардык кеңештин депутаттарынын шайлоочулар менен иштөөсүнө сапаттык жана сандык талдоо жүргүзөт. Шайлоочулар менен иштөөнүн ар жылкы талдоосу Шаардык кеңештин сессияларында депутаттар тарабынан каралат.
36.5. Фракция шайлоочулар менен иштөө боюнча өзүнүн мүчөлөрүнүн ишин жана төмөнкү маселелер боюнча Шаардык кеңештин депутаттарынын өкүлчүлүк функцияларын аткарууну уюштурат:
- фракциянын дарегине келип түшкөн кайрылуулардын, сунуштардын, арыздардын өз учурунда, объективдүү жана толук каралышы, алар боюнча зарыл чаралардын кабыл алынышы жөнүндө жана бул маселелер боюнча Шаардык кеңештин туруктуу комиссиялары менен өз ара аракеттенүү;
- ошол фракциянын дарегине шайлоочулар кайрылганда, фракциянын мүчөсү болуп саналган депутаттын шайлоочуларды өзү кабыл алуусу;
- депутаттын дарегине келип түшкөн кайрылуулар боюнча маселелерди чечүүдө өз учурунда, объективдүү жана толук кароо жана алар боюнча зарыл чараларды кабыл алуу максатында депутатка көмөк көрсөтүү;
- фракция мүчөлөрүнүн демилгеси жана катышуусу боюнча жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, саясий партиялардын, коммерциялык эмес уюмдардын жана жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү менен чогулуштарды, конференцияларды, жолугушууларды жана башка иш-чараларды өткөрүү;
- жеке депутаттын жана фракциянын атына келип түшкөн кайрылууларды жалпылоо жана талдоо;
- фракциянын катышуусу менен өткөрүлгөн өкүлчүлүк функцияларды аткарууга багытталган иш-чараларды жалпылоо жана талдоо;
- жарандардын кайрылуусу менен иштөөнүн жана шаардык кеңештеги фракциялардын иштеринин абалы жөнүндө шайлоочуларды жана жалпыга маалымдоо каражаттарын маалымдоого укуктуу.
37. Шаардык кеңештин ишмердүүлүгүнүн айкындуулугу
37.1. Шаардык кеңештин ишмердүүлүгүнүн айкындуулугу, маалыматтардын жарандарга жеткиликтүүлүгү Шаардык кеңештин ишине коюлган талап болуп эсептелет.
37.2. Шаардык кеңештин ишин чагылдыруу сессияларды жана жыйналыштарды телекөрсөтүү жана радио уктуруу, башка мамлекеттик жалпыга маалымдоо каражаттары, социалдык түйүндөр аркылуу берүү жолу менен, ошондой эле Шаардык кеңештин сайты аркылуу камсыз кылынат.
37.3. Шаардык кеңештин сессияларын, фракциялардын, туруктуу комиссиялардын жыйындарын видео-сүрөткө тартуу, ошондой эле үндөрдү жаздырып алуу белгиленген тартипте жүзөгө ашырылат.
38. Шаардык кеңештин аппарат жетекчиси, жооптуу катчысы
38.1. Шаардык кеңештин ишин уюштуруучулук жактан Шаардык кеңештин жооптуу катчысы камсыз кылат.
38.2. Жооптуу катчы Шаардык кеңештин ишин уюштуруу жагынан камсыз кылуу боюнча иштерди координациялайт, туруктуу (убактылуу) комиссияларга жана депутаттарга жардам көрсөтөт. Сессияларды уюштуруу жана өткөрүү үчүн керектүү материалдарды даярдоону камсыз кылат.
38.3. Жооптуу катчы Шаардык кеңештин жана анын органдарынын ишин камсыз кылуу боюнча төмөндөгүлөргө милдеттүү:
- Шаардык кеңештин токтомдорун каттоону жүргүзөт (каттоо журналында);
- Шаардык кеңешке келип түшкөн каттарды кабыл алат жана каттайт, төраганын резолюциясына жараша каттарды аткаруучуга өткөрүп берет;
- сессияларга материалдарды, анын ичинде токтом долбоорлорун жана туруктуу (убактылуу) комиссиялардын корутундуларынын долбоорлорун даярдоо боюнча ишти уюштурат;
- Шаардык кеңештин жана туруктуу комиссиялардын иш пландарынын долбоорун иштеп чыгууга жана бекилгенден кийин алардын өз учурунда аткарылышына көмөктөшөт;
- сессияларды, туруктуу (убактылуу) комиссиялардын жыйындарын чакыруу жөнүндө шаардык кеңештин депутаттарын маалымдайт;
- сессиялардын протоколдорун жүргүзөт, сессияларда, туруктуу (убактылуу) комиссиялардын жыйындарында депутаттарды каттоону жүргүзөт;
- чакырылган адамдарды, ачык сессияларга, туруктуу (убактылуу) комиссиялардын жыйындарына каттону жүргүзөт;
- иш кагаздарын, анын ичинде келүүчүлөрдү кабыл алуу журналын, депутаттарга кайрылган жарандардын кайрылууларын каттоону жүргүзөт;
- Шаардык кеңештин токтомдорун долбоорун даярдоого көмөк көрсөтөт жана жол-жоболоштурат, аларды (күчүнө киргизүүгө) жарыялоону, каттоону, шаардык кеңештин депутаттарына, тийиштү адамдарга, уюмдарга жана аткаруучуларга таратууну уюштурат;
- расмий жарыялангандан кийин шаардык кеңештин токтомунун көчүрмөсүн ченемдик укуктук актылардын Реестрине кошуу үчүн Юстиция министрлигинин аймактык бөлүмүнө жөнөтөт;
- Шаардык кеңештин документтерин, туруктуу (убактылуу) комиссиялардын документтерин кошуп алганда, сактоону, системага салууну жана тийиштүү абалда кармоону камсыз кылат;
- туруктуу, убактылуу комиссияларга, фракцияларга уюштуруучулук жагынан көмөк көрсөтөт;
- башка ченемдик укуктук актыларга, ушул Жобого ылайык жана төраганын тапшырмасы боюнча башка иш-милдеттерди жүзөгө ашырат.
- мамлекеттик кызмат чөйрөсүндөгү укуктук ченемдик актылардын аткарылышын камсыздайт.
39. Жобого өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүүнүн тартиби
39.1. Шаардык кеңештин Жобосунун жаңы редакциясы, ага өзгөртүүлөр жана толуктоолор Шаардык кеңештин депутаттарынын жалпы санынын көпчүлүк добушу менен сессияда кабыл алынат.
39.2. Жобого өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу депутаттар, фракциялар, туруктуу комиссиялар тарабынан демилгеленген сунуштар тийиштүү туруктуу комиссияларда каралгандан кийин сессиясынын күн тартибине киргизилет жана сессияда каралат.
39.3. Бул Жободо тескелбеген маселелер Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык кабыл алынат.