Загрузка документа…
3-тиркеме
(Кыргыз Республикасынын
Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 25-февралындагы № 134 токтомуна)
Жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдорундагы тоннелдер аркылуу транспорт каражаттарынын өтүүсү үчүн жыйымды төлөөнүн тартиби
1. Жалпы жоболор
1. Ушул Жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдорундагы тоннелдер аркылуу транспорт каражаттарынын өтүүсү үчүн жыйымды төлөөнүн тартиби (мындан ары – Тартип) жыйымга акы төлөөнүн тартибин жана механизмин, анын максатын жана пайдалануу максатын аныктайт.
2. Эгерде Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдеринде башкача каралбаса, жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдорундагы тоннелдер аркылуу өтүүчү Кыргыз Республикасынын, ошондой эле чет мамлекеттердин транспорт каражаттарынын ээлери төлөөчүлөр болуп саналат.
3. Ушул Тартипте төмөнкүдөй терминдер колдонулат:
тоннель – жердин катмары, тоо массиви аркылуу же суу тоскоолунун астында автомобиль жолун орнотуу үчүн арналган жер астындагы же суу алдындагы курулма;
жыйым – уюмдардан жана жеке жактардан алынуучу төгүм, аны төлөө мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, башка ыйгарым укуктуу органдар жана кызмат адамдары тарабынан белгилүү укуктарды берүүнү же уруксаттарды (лицензияларды) берүүнү кошуп алганда, жыйым төлөөчүлөргө карата юридикалык маанилүү аракеттерди жүзөгө ашыруунун шарттарынын бири болуп саналат же болбосо аны төлөө жыйым киргизилген аймактын чегинде ишкердик иштин айрым түрлөрүн жүргүзүү менен шартталат.
2. Жыйымдарды алуунун тартиби жана алардын өлчөмдөрү
4. Транспорт жана коммуникациялар чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдорундагы тоннелдер аркылуу транспорт каражаттарынын өтүүсү үчүн транспорт каражаттарынын ээлеринен жыйымдарды алууга тоннелге кирердин алдында жана «Сосновка», «Кара-Көл» жана «Көк-Арт» контролдоо пункттары аркылуу жыйымдарды төлөөнүн автоматташтырылган системасы же контролдук-өткөрүү пункттары уюштурулушу мүмкүн.
5. Ата мекендик жана чет өлкөлүк транспорт каражаттарынын ээлеринен накталай/электрондук акчалар, банктык төлөм карталары жана башка төлөм инструменттери аркылуу жыйымдарды алуу Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарынын талаптарына ылайык контролдук-кассалык машиналарды милдеттүү түрдө колдонуу менен транспорт каражаттарынын категорияларына жараша улуттук валютада жүргүзүлөт.
6. Жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдорундагы тоннелдер аркылуу транспорт каражаттарынын өтүүсү үчүн жыйымдардын өлчөмдөрү ата мекендик, чет өлкөлүк жана транзиттик номердик белгилери менен автомашиналар үчүн белгиленген болуп саналат.
7. Бажылык тариздөөдөн өткөн, бирок мамлекеттик каттоодон өтпөгөн транспорт каражаттарынын ээлеринен жыйым Кыргыз Республикасынын жана ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин транспорт каражаттарынын төлөөчүлөрүндөй алынат.
3. Жыйымдын багыты жана пайдалануу максаттары
8. Жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдорундагы тоннелдер аркылуу транспорт каражаттарынын өтүүсү үчүн түшкөн жыйымдын багыты жана пайдалануу максаттары «Жол фонду жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы менен аныкталат.
4. Жыйымдардын толук түшүүсүн жана пайдаланылышын контролдоо
9. Жыйымдардын толук түшүүсүн жана каражаттардын пайдаланылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексине, Салыктык эмес кирешелер жөнүндө Кыргыз Республикасынын кодексине, «Жол фонду жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына жана ушул Тартипке ылайык жүргүзүлөт.
10. Бир багытта жол жүрүү үчүн төлөм бир жолу жүргүзүлөт жана ушул Тартипте белгиленген тартипте накталай жана (же) электрондук формада ишке ашырылышы мүмкүн.
11. Жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдорундагы тоннелдер аркылуу өтүү үчүн жыйымды төлөөдөн төмөнкүдөй транспорт каражаттары бошотулат:
1) медициналык тез жардамдын;
2) Жарандык коргонуу жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын;
3) ички иштер органдарынын;
4) улуттук коопсуздук органдарынын;
5) коргоо маселелерин тескеген ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын;
6) энергетика чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын;
7) транспорт жана коммуникациялар чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын;
8) Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын;
9) «Майып» деген таануу белгиси болгондо жана ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдын статусун ырастоочу документтерди көрсөткөндө ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдар тарабынан башкарылуучу, ошондой эле ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдарды реабилитациялоону жүзөгө ашыруучу уюмдарга таандык болгон;
10) тиешелүү документтер боюнча гуманитардык жардамдын жүктөрүн ташуучу;
11) жашаган жери жана жер үлүшүнүн бар экендиги жөнүндө маалыматты камтыган жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын маалымкатын көрсөткөндө айыл чарба продукциясын түздөн-түз өндүрүүчү өстүргөн айыл чарба продукциясын ташуучу.
12. Транспорт каражатынын категориясын жана таандыктыгын тактоо үчүн зарыл болгон учурда төлөөчү контролдоо-өткөрүү пунктунун кызматкерине транспорт каражатынын каттоо документтерин көрүү үчүн берүүгө милдеттүү.