Загрузка документа…
ТАЛАС ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Талас шаардык кеңешинин IX чакырылыштагы кезектеги VIII сессиясы
2025-жылдын 29-августу № 55/8-9
Талас шаарындагы айлык акысы республикалык бюджеттен каржыланган жаш өспүрүм балдардын спорт мектептеринин жетекчилерин дайындоо жана уюштуруучулук, окутуу- методикалык иштерин Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигине өткөрүп берүүгө макулдук жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын 34-беренесинин 2-бөлүмүнүн 1-пункту, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин 2024-жылдын 20-декабрындагы №776 токтомунун 5 бөлүмүнүн 57,58,-беренелерине ылайык, Талас шаарынын мэриясынын 22.08.2025-жылдагы № 01-19/3110 чыгыш сандуу катынын негизинде, Талас шаардык кенешинин “Бюджет жана муниципалдык менчик башкаруу боюнча” туруктуу комиссиясынын корутундусун карап, талкуулап чыгып, Депутаттардын Талас шаардык кеңешинин сессиясы;
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Талас шаарындагы айлык акысы республикалык бюджеттен каржыланган жаш өспүрүм балдардын спорт мектептеринин жетекчилерин дайындоо жана уюштуруучулук, окутуу-методикалык иштерин Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигине мыйзам талаптарына ылайык өткөрүп берүүгө макулдук берилсин.
2. Кабыл алынган токтомду Талас шаарынын мэриясынын сайтына жайгаштыруу жана Кыргыз Республикасынын укуктук-ченемдик актылардын мамлекеттик реестринен каттоодон өткөрүүнү көзөмөлдөө Депутаттардын Талас шаардык кеңешинин жооптуу катчысына (Сариева.А.Ж.) милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышына көзөмөлдүк кылуу Депутаттардын Талас шаардык кеңешинин “Бюджет жана муниципалдык менчик башкаруу боюнча” туруктуу комиссиясынын төрагасына (Суйунтбеков.А.О) тапшырылсын.
Төрага |
| К. Джаныбеков |